Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 17-сентябры № 324-б
1. 1999-жылдын 13-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешеге салыктар жагынан кош салык салууну болтурбоо жана төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине аталган Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
1999-жылдын 13-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешеге салыктар жагынан кош салык салууну болтурбоо жана төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтү,
1999-жылдын 13-апрелинде Нью-Дели шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешеге салыктар жагынан кош салык салууну болтурбоо жана төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууга (мындан ары "Макулдашуу" деп аталган) өзгөртүү киргизүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуунун 3-беренесинин (ж) пунктунун (1) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасында - Экономика министрлиги же анын ыйгарым укуктуу өкүлү".
2-берене.
Макулдашуунун 26-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-берене. Маалымат менен алмашуу
1. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу үчүн же болбосо башкаруу үчүн же Макулдашуучу Мамлекеттердин же алардын административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан салынуучу бардык түрдөгү жана аталыштагы салыктарга тийиштүү болгон Макулдашуучу Мамлекеттердин ченемдик укуктук актыларынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон маалыматтарды (анын ичинде документтер же документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн) ошол мыйзамдар боюнча салык салуу ушул Макулдашууга каршы келбегидей өлчөмдө алмашышат. Маалыматтарды алмашуу ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелеринде чектелбейт.
2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык алынган баардык маалымат ушул Макулдашуучу Мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык алынган маалымат сыяктуу эле Макулдашуучу Мамлекет тарабынан жашыруун деп эсептелет жана ал маалыматтар ушул берененин 1-пунктунда эске салынган салыктарга карата аныктоо же жыйноо, аткартуу же соттук териштирүү, ошондой эле аппеляцияларды кароо багытында иштеген же жогоруда айтылган иштерди көзөмөлдөгөн жактарга же органдарга (сотторду жана администрациялык органдарды кошо алганда) гана билдирилет. Мындай жактар же органдар бул маалыматты жогорудагы максаттар үчүн гана пайдаланышат. Алар мындай маалыматты соттук угууларда же соттук чечимдерди кабыл алууда гана ачыкка чыгара алышат. Жогоруда айтылгандарга карабастан, Макулдашуучу Мамлекет алган маалымат башка максаттар үчүн да пайдаланылышы мүмкүн, эгерде мындай маалыматтар Макулдашуучу эки Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык башка максаттар үчүн пайдаланылса жана маалыматты жөнөткөн Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы ушундай максатта пайдаланууга уруксат берсе.".
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдарына төмөнкүдөй милдеттенмелерди жүктөө максатында эч качан чечмеленүүгө тийиш эмес:
а) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына жана административдик практикага каршы келүүчү администрациялык чараларды көрүү;
б) мыйзамдар боюнча же тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин демейдеги административдик практикасынын жүрүшүндө алууга болбой турган маалыматтарды (документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн кошо алганда) берүү;
в) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр жайлык, коммерциялык же кесиптик сырды же болбосо соода процессин ачыкка чыгаруучу маалыматтарды же таралышы мамлекеттик саясатка каршы келүүчү маалыматты берүү.
4. Эгер маалымат Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралса, экинчи Макулдашуучу Мамлекет салык салуудагы өзүнүн максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо дагы, экинчи Макулдашуучу Мамлекет суралуучу маалыматты алуу үчүн чогултуу чараларын пайдаланат. Мурдагы сүйлөмдө камтылган милдеттенме ушул берененин 3-пунктунда чек коюлууга тийиш, бирок мындай чектөөлөр Макулдашуучу Мамлекетке мындай маалыматтар эч кандай ички кызыкчылыктарга ээ болбогондугу үчүн гана маалымат берүүдөн баш тартуусуна мүмкүндүк берет деп эч убакта чечмеленбеши керек.
5. Ушул берененин 3-пунктунун жоболору Макулдашуучу Мамлекеттин маалыматы банктын, башка финансылык уюмдун, ыйгарым укуктуу адамдын, агент же ишенимдүү адам катары аракеттенген адамдын карамагында болгондуктан, же ал жеке жактын мүлктүк кызыкчылыгына таандык болгондуктан гана маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берет деп эч качан чечмеленбеши керек.
3-берене. Күчүнө кириши
Макулдашуучу Мамлекеттер ушул Протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн алардын тиешелүү мыйзамдарында каралган жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабар беришет. Ушул Протокол акыркы кабарлоо алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушуну күбөлөндүрүү үчүн тийиштүү түрдө ыйгарым укукка ээ болгон төмөндө кол коюучулар Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган ушул Протоколго кол коюшту.
_________________________ 20__-жылдын "___" _____________ кыргыз, хинди, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, ошол эле учурда бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Эгерде тексттерде кайчы пикирлер келип чыкса, англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.