Загрузка документа…
БУЙРУК
2018-жылдын 22-августу № 291-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасынын аткарылгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 362-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 26-б буйругу.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасынын ишке ашырылышы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир айлык мөөнөттө киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |