Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 291-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 8-августу № 362-б
Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча көрүлгөн чараларды координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 222-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| С.Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин, орун басары, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары.
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча көрүлгөн чараларды координациялоону ишке ашыруучу Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын иш тартибин жөнгө салат (мындан ары - Комиссия).
2. Комиссиянын жумушчу органы катары техникалык бөлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, ал эми маалымат-аналитикалык бөлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жооптуу болуп саналат.
3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Комиссиянын негизги максаттары жана милдеттери
4. Комиссия Кыргыз Республикасынын аймагында аналогдук берүүнү өз убагында этабы менен өчүрүү, санариптик телерадиоберүүгө өтүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укугу болгон маалымат алуусун камсыздоо үчүн шарт түзүү, мамлекеттик органдардын иштерин координациялоо жана контролдоону камсыздоо максатында иш алып барат.
5. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өз убагында жана ийгиликтүү өтүү чараларын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасында аналогдук телерадиоберүүнү өчүрүү графигин бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын калкынын санариптик телерадиоберүүгө өтүүсүнүн даярдыгын аныктоо;
- санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө байланыштуу өлкөнүн калкынын арасындагы социалдык кыйынчылыктарга жол бербөө чараларын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик телерадиоберүү менен камсыз болгон зоналарды көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын бардык аймагында калк үчүн акысыз негизде таратылуучу Кыргыз Республикасындагы жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетинин мониторингинин ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү камсыздоо;
- калктын социалдык жактан аярлуу катмарын санариптик приставкалар менен камсыздоого көмөктөшүү;
- санариптик берүүгө өтүү максатында ченемдик укуктук актыларды демилгелөө жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу аркылуу калктын бардыгын санариптик приставкалар (ресиверлер) менен камсыздоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
- калк арасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жана аналогдук телекөрсөтүүнү өчүрүү мөөнөтү жөнүндө маалыматтык-түшүндүрмө өнөктүгүн уюштуруу жана өткөрүү.
6. Комиссия өз компетенциясынын чегинде төмөндөгүлөргө укуктуу:
- тез чечимдерди кабыл алуу аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына приставкаларды алып келүү үчүн ишкердик иштерге дем берүү боюнча кыска мөөнөттөгү чараларды көрүү;
- Комиссия мамлекеттик органдардан жана башка мекемелерден компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
- зарыл болгон учурларда тиешелүү мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин адистерин ишке тартууга, коюлган милдеттерди чечүү үчүн эксперттик жумушчу топ түзүүгө;
- күтүлбөгөн жагдайлар (алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон окуялар: өрт, жер титирөө, аларды жөнгө салуу үчүн тез чечим кабыл алууну талап кылган калктын нааразычылык актылары ж.б.) пайда болгон учурда республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды бөлүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын чегинде төраганын кароосуна сунуштарды, сунуштамаларды киргизүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш берүү мүнөзүндөгү сунуштарды иштеп чыгууга жана киргизүүгө.
3. Комиссиянын курамы
7. Комиссиянын курамы кызыкдар мамлекеттик органдардын жана макулдашуу боюнча башка уюмдардын жетекчилеринин ичинен түзүлөт.
Комиссия төрагадан, анын эки орун басарынан жана комиссия мүчөлөрүнөн турат:
8. Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын ишин жетектейт;
- Комиссиянын жыйынынын күн тартибин бекитет;
- күн тартибине киргизилген маселелер боюнча акыркы чечимди кабыл алат;
- Комиссиянын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
9. Комиссиянын төрагасынын орун басарлары:
- зарыл болгон учурларда Комиссиянын ишинин алкагындагы маселелер боюнча эксперттерди тартууну уюштурушат;
- санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө байланыштуу тез чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди күн тартибине киргизишет;
- Комиссия жөнүндө ушул Жобого анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өзгөртүүлөрдү киргизишет.
10. Комиссия мүчөлөрү:
- Комиссиянын бардык жыйындарына катышат. Жөндүү себептер менен катышпай калган учурларда Комиссиянын төрагасына милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө маалымдоого жол берилет. (Төрага жок учурда - орун басарына);
- Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын аткаруу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алышат;
- Комиссиянын жыйындарында каралган бардык маселелер боюнча добуш беришет;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так жетекчиликке алууга милдеттүү болушат.
4. Комиссиянын уюштуруу иштери
11. Комиссиянын ишин техникалык-уюштуруучулук, каржылык, методикалык жана башка камсыздоону Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өз компетенцияларынын чегинде ишке ашырышат.
12. Комиссиянын жыйындары комиссиянын сандык курамынын жарымынан кем эмеси катышкан шартта өткөрүлөт.
13. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү аркылуу, Комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Добуштардын саны бирдей болгон учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Комиссиянын айрым мүчөлөрү чыгарылган чечимге макул болбогон учурда чечимге "өзгөчө ой-пикир" деген белги коюу менен кол коюшат. Өзгөчө ой-пикир анын негиздемеси камтылган документ менен өзүнчө таризделет.
Комиссиянын чечими төрага кол койгондон кийин, жыйынга катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн колу коюлгандан кийин протокол менен таризделет.
14. Комиссиянын жыйындары маселелерди кароо зарылчылыгына жараша, бирок кварталына жок дегенде 1 жолу өткөрүлөт.
Комиссиянын жыйынын өткөрүү убактысы, күн тартиби Комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат жана бекитилет.
15. Бекитилген Комиссиянын күн тартиби жана материалдар Комиссиянын бардык мүчөлөрүнө күн мурдатан, Комиссиянын жыйынына кеминде эки күн калганда жиберилет.