Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 30-августу № 303-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина, жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү,
2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Саламаттык сактоо жана медицина илимдери чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга таянуу менен,
саламаттык сактоо жана медицина чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү максатында,
төмөнкү тууралуу макулдашты;
1-берене. Маңызы жана максаты
Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруунун жана каржылоонун жаңы принциптери менен программаларын өткөрүп берүү; жыл сайын Өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борбору (ÖSYM) тарабынан жайгаштырыла турган эң көп дегенде 20 кыргыз дарыгерине медициналык адистиктер боюнча Түркия Республикасынан окуу мүмкүнчүлүгүн берүү; ошондой эле Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү медициналык билим берүүгө жана медицина адистиктери боюнча окутууга багытталган окуу программаларын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыкты.
Ушул Макулдашууда ошондой эле медициналык жардам алуу үчүн кайрылган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга медициналык кызмат көрсөтүү үчүн 72 жатак-орундуу (анын ичинде реанимация бөлүмүндө 21 жатак-орун) Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын (мындан ары - Оорукана) Кыргыз Республикасынын борбор калаасы Бишкек шаарында ачуу максаты каралган, аны Тараптар келерки 3 жылда бирге башкарып, бул мөөнөт аяктагандан кийин - оорукананы башкаруу кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. Ал өткөрүлүп берилгенден кийинки 3 жылда Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги мониторинг жүргүзүү жана координациялоо боюнча иштерин уланта берет.
2-берене. Аныктамалар
Мамлекеттик модель: мамлекеттик ресурстарды пайдалануу жана/же кызматтарды сатып алуу менен башкы дарыгердин жетекчилигинин астында башкаруу штаты аркылуу Оорукананы башкарууга Тараптардын түздөн-түз катышуусу.
Административдик жана финансы маселелери боюнча комитет: кыргыз Тараптан административдик жана финансы иштери боюнча директор, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен бир өкүл, Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы кызматташтык жана координациялоо боюнча агенттиктин Бишкектеги координатору жана башкы дарыгердин орун басары курамына кирген башкы дарыгердин жетекчилигиндеги түзүм болуп саналат; ал ушул Макулдашууда аныкталган Оорукананын административдик жана финансылык иштерди аткаруу максатында түзүлгөн жана анын алкагында чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштардын саны тең болуп калган учурда башкы дарыгердин добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Сынак кеңеши: башкы дарыгердин орун басарынын жетекчилигиндеги, калган мүчөлөрү Административдик жана финансылык маселелер боюнча комитет тарабынан аныкталуучу 5 адамдан турган кеңеш. Кеңеш Ооруканага ишке орноштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын аңгемелешүү өткөрүү аркылуу тандап алат.
Билим берүү кеңеши: башкы дарыгердин жетекчилигинде 5 адамдан турган кеңеш, ал өз учурунда калган мүчөлөрүн тандап алат; Кеңештин туруктуу мүчөсү болуп кыргыз Тараптан башкы дарыгердин орун басары саналат.
Этика боюнча кеңеш: башкы дарыгердин орун басарынын жетекчилигинде 5 адамдан турган кеңеш; калган мүчөлөрүн башкы дарыгер тандап алат; Кеңештин туруктуу мүчөсү болуп медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча директор саналат.
3-берене. Аткаруучу органдар
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аткаруучу органдар болуп эсептелет.
1. Ушул Макулдашууда каралган кызматташтыкты практикалык ишке ашыруунун чөйрөсү жана шарттары Тараптардын пикири боюнча зарыл деп эсептелген мезгилге иштелип чыккан иш пландары жана практикалык программалары аркылуу аныкталат. Зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлүүчү делегациялар аркылуу мониторинг, баалоо жана аудит боюнча иштер жүргүзүлөт. Мониторинг, баалоо жана аудит боюнча иш-чаралар Оорукананын бюджетинин эсебинен каржыланат.
2. Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык аялуу катмарын медициналык жардам менен камсыздоо максатында Тараптар Оорукананын базасында жеңилдетилген негизде дарылануу укугуна ээ болгон адамдардын айрым бир категорияларын караштырышат. Бул адамдардын көрсөтүлгөн категорияларынын саны жана пайыздык катышы Тараптар тарабынан иштелип чыгуучу иш пландарына жана практикалык программаларына киргизилет. Бул катыш дарылануудан өткөн бейтаптардын жалпы санын 20%нын тегерегинде болот.
3. Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык аялуу катмарын медициналык жардам менен камсыздоо менен байланышкан финансылык чыгымдар Оорукананын жүгүртүү капиталынын бюджетинен, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Жогорку технологиялык (кымбат баалуу) медициналык жардам түрлөрүнүн фондунан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен төлөнөт.
4-берене. Оорукананын статусу
Оорукана мамлекеттик статуска ээ болот жана уюштуруу-укуктук формасы жагынан мамлекеттик мекеме болуп саналат; үчүнчү баскычтагы мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруунун жана каржылоонун жаңы принциптерин жана программаларын киргизүү максатында эксперимент катары толук финансылык автономдуулукка ээ болот.
Бюджет Тараптар берген каражаттардан, жүгүртүү капиталдык кирешелерден, кайрымдуулуктардан жана башка келип түшүүлөрдөн турат. Оорукана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баштайт.
Оорукана пайдаланууга берилген күндөн тартып үч жыл боюу Тараптар тарабынан биргелешип башкарылат жана иштейт; аталган мөөнөт аяктагандан кийин Оорукана кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. Мында Тараптар аталган мөөнөттүн бүтөөрүнө алты ай калганда Оорукананы кыргыз Тараптын башкаруусуна өткөрүп берүүгө даярдана баштайт.
5-берене. Тараптардын укуктары жана милдеттери
А) Түркия тарабынын укуктары жана милдеттери
1. Тараптар макул деп тапкан учурларда айрым бир тейлөө бирдиктери же зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр (медициналык кызмат көрсөтүүлөр, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) Оорукана тарабынан үчүнчү адамдардан жана уюмдардан сатып алынат.
2. Лаборатория жана визуализация кызматтары, техникалык кызматтар, автоматизация, тамак-аш даярдоо, имарат менен аппаратураны жууп-тазалоо жана тейлөө сыяктуу колдоочу медициналык кызматтарды көрсөтүү максатында кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу; же Тараптар өз милдеттенмелерин дарылоо процесстеринен сырткары кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жолу менен аткарышат.
3. Оорукана менен билим берүү жана изилдөө ооруканасынын (-ларынын) же Түркия Республикасындагы университеттердин ортосунда кызматташтык түзүлүшү мүмкүн.
4. Түрк Тарап Оорукананы башкаруу жана иштөө үчүн түрк кызматкерин дайындайт.
5. Түрк Тарап Оорукананын ишинин башталышына чейин Оорукананын бюджетине үч жыл аралыгында берүүгө милдеттенип жаткан негизги сумманын 20%дык бөлүгүн которот.
6. Кыргыз жарандарынын Түркия Республикасында медициналык билим алуу жана медицина тармагындагы адистиктерге окутуу боюнча иштер Оорукананын кыргыз Тарапка өткөрүп берүү жол-жобосу аяктагандан кийин дагы улантылат.
Б) Кыргыз тарабынын укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Тарап аталган Макулдашуунун алкагында дайындалуучу кызматкерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат орундарына жана статусуна жараша Кыргыз Республикасында иштөө уруксаты менен визанын берилишин камсыз кылат.
2. Кыргыз Тарап Оорукананын иштөөсү үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү тиешелүү документтерди алуу, жол-жоболорду өтүү процессине көмөк көрсөтөт. Кыргыз Тарап Оорукана үчүн арналган жана Түркия Республикасынан ташып келинүүчү материалдар менен буюм-тайымдардын өтүүсүн тездетүү үчүн бажы пунктун аныктайт.
3. Кыргыз Тарабынан ушул Макулдашуунун алкагында Түркия Республикасынан же башка өлкөлөрдөн импорттолуп алып келинүүчү медициналык жабдууларга жана материалдарга бажы алымдары, бажы төлөмдөрү, импортко карата КНС алынбайт. Эгерде кыргыз Тарабы катышкан кандайдыр бир эл аралык келишимге ылайык салык төлөө жана бажы алымдарын алуу милдеттүү шарт болсо, анда салынуучу салык жана бажы алымдары боюнча жоопкерчилик жана милдеттенме ооруканага жүктөлөт.
4. Дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар, ошондой эле Ооруканада пайдаланууга арналган медициналык жабдуулар мамлекеттик алымдар менен жыйымдардан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоо жол-жобосун өткөрүү үчүн каралгандардан да бошотулат.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүүчү кеңеш менен биргеликте бул Оорукананын алдында практикалык стажировкаларды жана медициналык факультеттерде же дипломго чейинки жана дипломдон кийинки программалар боюнча башка медициналык мекемелерде окуп жаткан студенттерге клиникалык ротацияларды өткөрүү үчүн зарыл болгон координациялоо иштерин жүргүзөт.
6. Кыргыз Тарап Түркия Республикасында жарактуу деп эсептелген жана Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан расмий түрдө Ооруканада иштөө үчүн дайындалган кызматкер ээ боло турган дипломдор, билим алгандыгы тууралуу күбөлүктөр, сертификаттар жана башка документтер эквиваленттүүлүктү аныктоо боюнча кандайдыр бир жол-жоболорду өткөрүүнү талап кылбастан Кыргыз Республикасынын аймагында дагы жарактуу деп эсептеле тургандыгына кепилдик берет. Ооруканада иштөө үчүн дайындала турган кызматкердин тизмесин түрк Тарап расмий каналдар аркылуу кыргыз Тарапка жөнөтөт.
7. Электр энергиясы, жылуулук берүү, жаратылыш газы, ысык жана муздак суу, турмуш-тиричилик, медициналык жана химиялык калдыктарды ташуу жана жок кылуу боюнча чыгымдар Оорукананын бюджетинен төлөнөт, мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан башка мамлекеттик ооруканаларга карата колдонулуучу жеңилдиктер жана бошотуулар эске алынат.
6-берене. Оорукананы башкаруу
Административдик жана каржы маселелери боюнча комитет Оорукананын түрк жана кыргыз тараптарынын бирдиктүү башкаруусунун методдорун жана ар бир деңгээлдеги кызматкердин кызматтык милдеттерин аныктайт; "Оорукананы башкаруу боюнча директиваны" даярдайт жана Тараптар бекиткенден кийин аны жарыялайт.
Оорукананын администрациясы:
а) Башкы дарыгер (Түркия Республикасынын жараны);
б) Башкы дарыгердин орун басары (Кыргыз Республикасынын жараны);
в) Административдик жана финансы иштери боюнча директор (Түркия Республикасынын жараны);
г) Административдик жана финансы иштери боюнча директордун орун басары (Кыргыз Республикасынын жараны);
д) Медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча директор (Түркия Республикасынын жараны);
е) Медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча директордун орун басары (Кыргыз Республикасынын жараны).
Башкы дарыгер жана башка түрк кызматкери Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан дайындалат; кыргыз администраторлору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалат; башка кыргыз кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарынын негизинде Административдик жана финансы иштери боюнча комитет тарабынан дайындалышат.
Түрк тараптан дайындалуучу кызматкерлерден тышкары аталган Ооруканада иштей турган кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек келишимине кол коюу аркылуу жумушка кабыл алынышат.
Башкы дарыгер Оорукананы башкарууга жоопкерчилик тартат. Башкы дарыгердин милдеттери жана ыйгарым укуктары төмөнкүлөр:
1. Пациенттерге байланышкан бардык жол-жоболорду жана автоматташтырылган системаны колдонуу менен кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтарды каттоо үчүн зарыл болгон чараларды көрөт. Кирешелерге жана чыгашаларга эсептер боюнча маалыматтарды жана өздүк маалыматтарды коргоо маселелерине көңүл буруу менен Тараптарды үч айлык интервал менен медициналык статистикалык маселелер боюнча маалымдайт.
2. Башкы дарыгер зарыл болгон учурда бардык кызматкерлерге карата тиешелүү тартиптик териштирүүнү жүргүзө/камсыздай алат жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек келишимин бузууну кошуп эсептегенде, административдик жана тартиптик жаза көрүү санкцияларын колдонот. Эгерде кызматкер Ооруканада пайдаланылган түрдүү аспаптарга жана жабдууларга атайын зыян келтирсе, келтирилген зыянды төлөө үчүн зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзөт.
3. Башкы дарыгер Оорукананын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө, ошондой эле анын милдеттерине кирген маселелер боюнча керектүү техникалык жана административдик чараларды көрүүгө/камсыздоого милдеттүү.
4. Башкы дарыгер керектүү жана тиешелүү квалификацияга ээ болгон кыргыз кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, ошондой эле бул маселе боюнча Административдик жана финансылык иштер боюнча комитеттин кабыл алган чечиминин негизинде эмгек келишимдерине кол коёт.
5. Башкы дарыгер Административдик жана финансылык иштер боюнча комитеттин компетенциясына кирбеген сатып алуулар боюнча иштерди жана жол-жоболорду аткарат.
7-берене. Финансылык жоболор
1. Тараптар жүргүзүүчү төлөмдөр, ошондой эле алынуучу кайрымдуулук каражаттары жана башка кирешелер түздөн-түз Оорукананын жүгүртүү капиталына киргизилет.
2. Оорукананы үч жылда биргелешип пайдалануунун өздүк наркы 19000000 (он тогуз миллион) АКШ долларын түзөт. 4000000 (төрт миллион) АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманы түрк Тарап өздөрү дайындаган түрк кызматкерлерине Оорукананын жүгүртүү капиталынын бюджетине которбостон, чет өлкөдөгү эмгек акы жана ар түрдүү төлөмдөр жана чыгымдар катарында төлөп берет. Калган 15000000 (он беш миллион) АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманы түрк Тарап Оорукананы биргелешип иштетүү үчүн Оорукананын жүгүртүү капиталынын бюджетине үч жылдык мөөнөттө которууга милдеттенет.
Ушул бюджеттин 20%ына эквиваленттүү болгон 3000000 (үч миллион) АКШ доллары өлчөмүндөгү сумма Оорукана иштеп баштаганга чейин анын жүгүртүү капиталынын бюджетине которулат. Ошондой эле дайындалган түрк кызматкеринин жашоо чыгымдары Оорукананын жүгүртүү капиталынан төлөнөт.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында баа тарифтери аныкталган болсо, пациенттердин катышуу үлүшү, текшерүү, диагноз коюу жана дарылоо баалары аларга жараша аныкталат; мындай тарифтер жок учурларда алар Административдик жана финансылык иштер боюнча комитет тарабынан аныкталат, андан соң сунуш катары бекитүү үчүн тиешелүү башкармалыктарга (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына) киргизилип, бекитилген соң жарактуу деп саналат.
4. Ооруканага товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча эрежелер менен жол-жоболор Административдик жана финансылык иштер боюнча комитет тарабынан аныкталат; 5000 (беш миң) АКШ долларынан ашык суммадагы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча жол-жоболор аталган Комитет тарабынан бекитилет.
5. Эмгек келишими түзүлгөн кызматкерлердин эмгек акысы менен башка төлөмдөрү, ошондой эле мындай төлөмдөргө негизделген тиешелүү мамлекеттик башкармалыктарга төлөнүүчү каражаттар оорукананын жүгүртүү капиталынын бюджетинен төлөнөт.
8-берене. Адам ресурстарын тандоо
Эреже катары, Ооруканага жумушка кабыл алынган кыргыз кызматкерлери аңгемелешүүдөн өтүп, алар Административдик жана финансылык иштер боюнча комитет түзгөн Экзамендик кеңеш тарабынан бааланат, андан соң Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Оорукана менен келишимди түзүү аркылуу жумушка кабыл алынат. Аталган кызматкердин эмгек акысы жана башка төлөмдөрү Административдик жана финансылык иштер боюнча комитет тарабынан аныкталат жана Оорукананын жүгүртүү капиталынын бюджетинен төлөнөт. Зарыл болгон учурда жана Административдик жана финансылык иштер боюнча комитеттин жактыруусунда башка өлкөлөрдөгү медициналык кызматкерлер менен келишимдер түзүлөт.
Мында биргелешип башкаруунун жана пайдалануунун биринчи жылы оорукананын медициналык кызматкерлеринин - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана түрк кызматкерлеринин саны Оорукананын административдик, медициналык жана техникалык кызматкерлеринин жалпы санынын 90%дан кем эмес өлчөмүн түзөт. Биргелешип башкаруунун жана пайдалануунун кийинки жылдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын пайыздык катышы адистердин даярдыгына жараша көбөйө баштайт жана биргелешип башкаруунун жана пайдалануунун 2-жылынан тартып Оорукананын административдик, медициналык жана техникалык кызматкерлеринин жалпы санынын 70%дан кем эмес өлчөмүн түзөт. Экзамендик комиссия талапкерлерден ишке кабыл алууда суралган позицияга ылайык маалыматты, дипломду, сертификатты жана окугандыгы жөнүндө башка күбөлүктөрдү талап кылат.
9-берене. Кызматкерлердин жоопкерчилиги жана алардын үй-бүлөлөрүнүн статусу
Оорукананын кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги Административдик жана финансылык иштер боюнча комитет басып чыгарган Директива менен аныкталат. Этика боюнча кеңеш Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, ошондой эле аталган Директивага ылайык тартиптик жол-жоболорду өткөрөт.
Оорукананын түрк тарабынан дайындалган кызматкерлери жана алардын жакын туугандары Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн мезгилде Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына жана эрежелерине баш ийишет.
Биргелешип башкаруу жана пайдалануу мезгилинде Оорукананын медициналык жана техникалык кызматкерлери кесиптик милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө кездешкен кыйынчылыктар Этика боюнча кеңеш тарабынан каралат. Этика боюнча кеңеш мындай учурларды караган мезгилде анын жыйынына Оорукананын башкы дарыгери төрагалык кылат.
Эгерде түрк кызматкерлеринин же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири куугунтукка алынса же соттук териштирүүгө тартылса, анда бул адам Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн каралгандай юридикалык коргоону пайдаланууга укуктуу болот.
Эгерде бул Макулдашуу колдонулган мезгилде түрк кызматкери же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири кылмыш жоопкерчилигине тартылса, кыргыз Тарап аны жоопкерчиликке тартуу учурунда мындай иш үчүн Түркия Республикасында колдонулуучу жаза мөөнөтүн жана мүнөзүн, анын аткарылышын мүмкүн болушунча эске алат.
Түркия Республикасынан жумушка тартылган кызматкер жана анын жакын туугандары камакка алынган учурда Кыргыз тарап бул тууралуу түрк Тарапка ошол замат маалымдайт.
10-берене. Ооруканада көрсөтүлүүчү жардам
Оорукананы андан ары өнүктүрүү жана көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу үчүн Тараптар башка өлкөлөрдүн эл аралык уюмдары тарабынан финансылык жардам алуу үчүн бардык аракеттерин жумшашат.
11-берене. Билим берүү
Окуу өткөрүлүүчү адистиктердин багыты жана ал багыттар боюнча берилүүчү квоталар эки Тараптын ортосундагы жетишилген келишимдиктер аркылуу ар бир экзамендик мезгилге өз алдынча аныкталат. Аталган маселе боюнча кыргыз тараптан чечим кабыл алуучу болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саналат, түрк Тараптан - Медицинадагы адистештирүү боюнча кеңеш.
Жыл сайын бул Макулдашуунун алкагында бөлүнүүчү квота боюнча адистиктерге окууга талапкер болгон 20 дарыгер - Кыргыз Республикасынын жарандары медицинадагы адистештирилген окууга кирүүчү экзамен аркылуу бөлүштүрүлөт, ал Түркиялык Өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борбору (ÖSYM) тарабынан өткөрүлөт.
Адистештирилген программалар боюнча бөлүштүрүлө турган кыргыз дарыгерлери медициналык кызматтарды окуудан өтүү үчүн бөлүштүрүлүп барышкан мекеменин алкагында гана көрсөтө алышат.
Түрк тарап аталган Ооруканада иштетүү үчүн дарыгерлерди даярдоо максатында студенттерге стипендия берүү маселесинде керектүү көмөгүн көрсөтөт. Бөлүштүрүлүүчү студенттердин саны, студенттер окуй турган медициналык факультеттеги бөлүмдөр, ошондой эле каржыланууга тийиш студенттердин саны Чет элдеги түрктөрдүн жана тектеш жамааттардын иши боюнча башкармалык менен кыргыз Тарабынын ортосундагы жетишилген келишимдиктердин негизинде аныкталат.
Бул Макулдашуунун алкагында Түркияда окуй турган Кыргыз Республикасынын жарандары - дарыгерлер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталган мамлекеттик медициналык мекемелерде милдеттүү түрдө 3 жыл иштеп берүүгө тийиш.
Бул Макулдашуунун алкагында түрк Тарап медицина жана адистештирүү боюнча окуу программасынын өнүгүүсүн колдоого алат.
12-берене. Консультациялар жана өзгөртүүлөр
Тараптар мындан аркы тыгыз кызматташууну өнүктүрүүнүн маанисин туура түшүнүү менен бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү, аны чечмелөө жана практикалык колдонуу маселелери боюнча өз ара консультацияларды өткөрүп турушат.
Тараптардын бири бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында консультацияларды өткөрүү үчүн суроо-талап жөнөтсө, аталган консультациялар бул өтүнүчтү экинчи Тараптан алгандан кийинки жакын арада же башка кандай жагдайлар болбосун, 60 (алтымыш) күндөн кечикпей башталат. Бул консультациялар өз ара сүйлөшүү жана кат алышуу жолу менен өткөрүлөт. Аталган консультациялардын жүрүшүндө ар бир Тарап өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө суроо-талапты ырастоочу жүйө-далилдерди келтирет.
Тараптардын өз ара макулдугунун негизинде бул Макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болгон тиешелүү протоколдор менен таризделет. Киргизилген өзгөртүүлөр бул Макулдашуунун 15-беренесинин жобосунда көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
13-берене. Пикир келишпестиктерди жакшы ниет менен чечүү
Бул Макулдашууну чечмелөөдө, иш жүзүнө ашырууда жана практикалык колдонууда келип чыгуучу пикир келишпестиктерди эң алгач Тараптардын саламаттык сактоо министрликтери кыска мөөнөттүн ичинде чечишет жана аяккы чечимди Тараптардын өкмөттөрүнүн ортосунда жогорку деңгээлде кабыл алышат.
Эгерде компромисске келишпей калса, Тараптар бул Макулдашуунун практикалык аткарылышын жарым-жартылай же толугу менен токтотууга укуктуу.
14-берене. Токтотуу
Улуттук коопсуздукка, улуттук кызыкчылыктарга жана жеке коопсуздукка олуттуу коркунуч жаралган учурларда, ошондой эле пикир келишпестиктерди чечүүгө мүмкүн болбогон учурларда, бул Макулдашуунун 13-беренесинде каралган жол-жобого ылайык Тараптардын бирине бул тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү келген күндөн тартып 60 күн өткөндөн кийин бул Макулдашууну колдонуу толугу менен же жарым-жартылай токтотулушу мүмкүн.
15-берене. Күчүнө кирүүсү жана колдонуу мөөнөтү
Бул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон бардык ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү 3 (үч) жылды түзөт.
Бул Макулдашуунун мөөнөтү, аны колдонуу мөөнөтүнүн аякталышына 6 (алты) ай калганда Тараптардын бири демилгелеген өзүнчө протоколго Тараптардын кол коюусунун негизинде узартылышы мүмкүн.
Бул Макулдашуу эки нускада, кыргыз, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү жана 2018-жылдын "__" сентябрында Бишкек шаарында кол коюлду, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
___________________________ |
| ___________________________ |