Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 19-февралы, № 22-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин материалдык-техникалык базасын чындоо максатында, «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (ЛСА) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде 2009-жылы чыгарылган, кузовунун № JTMHV09J494034755, кыймылдаткычынын № 1VD0054062, кыймылдаткычынын көлөмү 4500 см3, кара түстөгү «ТОЙОТА-ЛЭНДКРУЗЕР» маркасындагы автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосунда жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын корго, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |