Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-декабры № 471-б
"САSА-1000" долбоору боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин ишине андан ары катышуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 270-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).".
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |