Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 26-марты № 68-б
2015-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашуу боюнча № 1 Кошумча макулдашууга кол коюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2015-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашуу боюнча № 1 Кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |