Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 26-марты, № 70-б
2019-жылы Ош шаарын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялоонун алкагындагы иш-чараларды өз убагында даярдоо жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. 2019-жылы Ош шаарын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялоонун алкагындагы иш-чараларды өз убагында даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө 2019-жылы Ош шаарын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялоонун алкагындагы иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Ош шаарынын мэриясынын адистерин ишке тартууга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
2019-жылы Ош шаарын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялоонун алкагындагы иш-чараларды даярдоо жана еткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна
| Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Жаманкулов Азамат Капарович
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Сарыбашов Таалайбек Насирбекович
| Ош шаарынын мэри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
|
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Айдарбеков Чыңгыз Азаматович | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
|
Жунушалиев Кашкар Астаканович | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
|
Жээнбаева Бактыгүл Жаныбековна | Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
|
Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; |
Кудайбердиева Гүлмира Каримовна | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Чолпонбаев Космосбек Сариевич | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; |
Аманкулов Канат Маратович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Салиев Бахтияр Усманович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Жылкыбаев Узарбек Казиевич
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
Раев Султан Акимович
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
|
Чыдынов Космос Маматжанович
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
|
Акматов Нурлан Орозбаевич
| «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Мусаев Айбек Ырсалиевич
| Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Жумабекова Жылдыз Имангазиевна
| Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).
|