Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-августу № 286-б
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоберүү жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Кино тартуу жана телерадиоберүү жаатында биргелешкен кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоберүү жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Кино тартуу жана телерадиоберүү жаатында биргелешкен кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоберүү жана кинематография боюнча мамлекеттик комитети,
эки мамлекеттин боордош мамилелерине негизденип, алардын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташууну чыңдоого олуттуу маани берип, 2014-жылдын 11-ноябрындагы Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө келишимге таянып,
кино тартуу жана телерадиоберүү жаатында өнүктүрүү жана кеңейтүү ниетинде,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул макулдашуунун максатында кийинки терминдер колдонулат:
"фильм" - чыгармачыл ойдун негизинде көркөм, хроникалдуу-документтик, илимий-популярдуу, окуу, анимациялык, телекөрсөтүү же башка формада жаралган, кино тасмага же башка көтөрүп жүрүүчү аппараттарга тартылган сүрөттөрдөн турган жана бири-бири менен ырааттуу түрдө байланышкан тематикалык бир бүтүн нерсеге бириктирилген кадрлар жана тиешелүү техникалык түзүлүштөрдүн жардамы менен кабылдана турган киноаудиовидео чыгарма. Узактыгы 50 мүнөттөн ашпаган фильм кыска метраждуу фильм болуп эсептелет;
"продюсер" - республикалык (мамлекеттик) бюджеттен каржыланган кино чыгаруучу уюмдарда мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардан тышкары, фильмди каржылоо, тартуу жана жүгүртүү демилгесин жана жоопкерчилигин өзүнө алган жеке же юридикалык жак;
"фильмдин баштапкы материалдары" - фильмдин негативи, контратиби, контролдук көчүрмөсү, кайра жазып алуулардын, музыканын, репликалардын жана ызы-чуулардын магниттик жана санариптик фонограммаларынын түп нускасы, видеофонограмма - мастер, компакт-диск, катуу диск, сүрөт материалдар жана фильмди кандай болбосун материалдык формада нускалоо үчүн зарыл болгон башка материалдар.
2-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу үчүн биргелешкен фильм тартууга көмөктөшкөн Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары болуп Кыргыз Республикасында - Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы, Түркмөнстанда - Огузхан атындагы "Түркмөнфильм" бирикмеси эсептеле тургандыгы белгиленсин.
3-берене.
Биргелешип тартылган фильмдер Тараптардын мамлекеттеринин киноматофафия жаатындагы мыйзамдарынын артыкчылыктарына ээ болушат жана улуттук фильмдер катары каралат.
Биргелешип тартылган фильмдерди коюу Тараптардын ар биринин мамлекетинин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
4-берене.
Ушул Макулдашууга ылайык эки өлкөнүн өндүрүштүк студияларынын ортосунда биргелешип тартуу жөнүндө кол коюлуучу контракттар (келишимдер) Тараптардын ар биринин катышуу үлүшүн (артисттик жана техникалык катышуу, кызмат көрсөтүү, фильм тартуу жана аны пайдалануу үчүн зарыл болгон материалдар) биргелешип тартылган фильмдин мүнөзүн такташы керек.
Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташууну ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды эки Тарап тең өз алдынча макулдашууга тийиш.
5-берене.
Биргелешип тартылган ар бир фильмдин баштапкы материалдары эки комплектте болушу керек.
Ар бир продюсер (өндүрүштүк студиянын жетекчиси) тиешелүү түрдө баштапкы материалдар боюнча бир комплектинин ээси болуп саналат.
6-берене.
Фильм төмөнкү шарттарда тартылышы керек:
Теңпродюсерлер - фильмди биргелешип тартуу жана/же аны пайдалануу, анын ичинде аны каржылоого катышуу жөнүндө контракт менен байланышкан продюссерлер.
Фильмди тартуу - баштапкы ойдон даяр продуктуну түздөн-түз көрсөтүүгө чейин киноаудиовидео чыгарманы жаратуу процесси.
Биргелешип тартылган фильм - биргелешип фильм тартуу жөнүндө түзүлгөн макулдашуунун негизинде эки же бир нече кино тартуучу студия тарабынан тартылган киноаудиовидео чыгарма.
Фильм Кыргыз Республикасы үчүн же Түркмөнстан үчүн тиешелүү түрдө улуттук болуп төмөнкү учурларда эсептелет:
эгер фильмдин продюсери - Кыргыз Республикасынын же Түркмөнстандын жараны же болбосо Кыргыз Республикасынын же Түркмөнстандын аймагында белгиленген тартипте катталган юридикалык жагы;
эгер фильмдин авторлору - Кыргыз Республикасынын же Түркмөнстандын жарандары;
эгер фильмди тартуучу топтун курамына (коюучу режиссерлер, коюучу-операторлор, операторлор, композиторлор, үн операторлор, коюучу-сүрөтчүлөр, костюм боюнча сүрөтчүлөр, монтажерлор, башкы каарман - актёрлор) Кыргыз Республикасынын же Түркмөнстандын жараны болбогон 30 пайыздан ашпаган адамдар кирсе;
эгер фильм Кыргыз Республикасынын же Түркмөнстандын мамлекеттик тилинде же элдеринин башка тилдеринде тартылып жатса;
эгер фильмди тартуу, тираждоо, жүгүртүү жана көргөзүү боюнча сметалык баалардагы иштин 50 пайыздан ашпаган жалпы көлөмү Кыргыз Республикасынын же Түркмөнстандын аймагында белгиленген тартипте катталган кинематография уюмдары тарабынан аткарылса.
Кыргыз Республикасынын же Түркмөнстандын тиешелүү эл аралык келишимдери менен аныкталган шарттар сакталган учурда чет өлкөлүк кинематография уюмдары менен биргелешип тартылган фильм Улуттук фильм катары каралышы мүмкүн.
Фильмди коюу - коюучу-режиссер тарабынан коюучу-оператор жана коюучу-сүрөтчү менен бирдикте жүзөгө ашырылуучу киноаудиовидео чыгарманы жаратуу боюнча чыгармачылык процесс.
Эки өлкөнүн продюсерлеринин өз ара катышуусунун пропорциясы ар бир фильм үчүн 30дан 70 пайызга чейин өзгөрүп турушу мүмкүн.
Катышуу үлүшү кыйла аз болгон тарап чыгармачыл курам жана техникалык колдоо менен камсыздоого өзүнүн майнаптуу салымын милдеттүү түрдө кошууну камсыз кылышы керек.
7-берене.
Кирешелер ар бир теңпродюсердин салган бүткүл суммасына пропорциялуу түрдө бөлүштүрүлөт.
8-берене.
Биргелешип тарткан фильмдердин экспортун катышуу үлүшү көбүрөөк болгон теңпродюсер камсыздайт.
Эки өлкөнүн катышуу үлүшү бирдей фильмдер экспорт кылууга мүмкүндүгү жакшы болгон өлкөнүн контингентине кошулат. Талаш келип чыккан учурда, койгон режиссер кайсы өлкөнүн жараны болсо, ошол өлкөнүн контингентине кошулат.
Эгерде биргелешкен фильмди тарткан Тараптардын бири өз фильмдерин импорттолуп жаткан өлкөгө эркин киргизүү укугуна ээ болсо, биргелешип тарткан фильмдер улуттук өндүрүштөгү фильмдер менен тең укукта ушул жеңилдиктерди колдоно алат.
9-берене.
Кириш титрлеринде, жарнамалык роликтерде жана жарнамалык материалдарда фильм Кыргыз Республикасы жана Түркмөнстандын биргелешип тарткандыгы көрсөтүлүшү керек.
Биргелешип тарткан фильмдерди эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүүнү катышуу үлүшү көбүрөөк продюсер кайсыл өлкөнүн жараны болсо, ошол өлкө өзүнө алат, буга эки өлкөнүн компетенттүү органдары башка чечимдерди кабыл алган учурлар кирбейт.
10-берене.
Тараптар өз компетенциясынын чегинде аракеттенип, өз мамлекетиндеги элдердин жашоосу жөнүндө билимин мындан ары тереңдетүү максатында маалыматты кеңири жана эркин өз ара жайылтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшөт.
11-берене.
Ар бир тарап телерадиоберүү компанияларынын жана телерадио каналдардын ортосунда маалыматты жана аудиовизуалдык материалдарды кеңири жана эркин алмашууга көмөктөшөт, башка Тараптын мамлекетинин аймагында мыйзамдуу негизде катталган жана иштеген жалпыга маалымдоо каражаттарынын продукциясын өз мамлекетинин аймагында жайылтууга тоскоолдук кылбайт, мында ушул продукцияны түзгөн маалыматтар жана материалдар ушул Тараптын мамлекетинин мыйзамдарындагы талаптарга каршы келбеши керек.
12-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин телерадиоберүү уюмдарынын редакцияларынын ортосундагы, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген тиешелүү ведомстволордун жана уюмдардын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты колдошот, алардын конкреттүү формалары жана шарттары анын катышуучулары тарабынан, анын ичинде өз алдынча макулдашууларды түзүү жолу менен аныкталат.
Тараптар кесиптик кызыгууну туудурган проблемаларды изилдөө максатында теле жана радио журналисттеринин кесиптик уюмдарынын ортосундагы бирдей жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жаатында жолугушууларды, семинарларды жана жыйындарды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
Кызматташуунун формалары Тараптардын мамлекеттериндеги тиешелүү уюмдардын ортосунда өзүнчө макулдашуулардын негизинде аныкталат.
13-берене.
Ар бир Тарап башка Тараптын мамлекетинин аймагында мыйзамдуу негизде жайылтылган теле жана радио программаларынын трансляциясын уюштурууга, эки мамлекеттин журналисттери даярдаган материалдарды байланыштын тиешелүү системаларын колдонуп, ез редакцияларына берүүгө көмөк көрсөтүшөт.
14-берене.
Ар бир Тарап өз ара негизде башка Тараптын мамлекетинин жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциясынын аккредитацияланган өкүлдөрүнө, алардын кесиптик милдеттерин аткарууга, ошону менен бирге кызматтык байланыштарды түзүүгө жана маалыматтык материалдарды, телекөрсөтүү репортаждарын даярдоого керектүү шарттарды түзүп берет.
Ар бир Тарап өз ара негизде, өз мамлекетинин аймагында иштеп жаткан башка Тараптын мамлекетиндеги телеканалдардын жана радиостанциялардын редакцияларынын кабарчы пункттарынын ишине кол кабыш кылышат.
15-берене.
Тараптар телерадио берүү, маалымат менен байланышкан илимий-техникалык тармактар чөйрөсүндө адистер менен алмашууга дем берет.
Тараптар теле көрсөтүү жана радио берүү жаатында кадрларды даярдоого өз ара көмөктөшөт жана бул жаатта иштеген билим берүү, илимий-изилдөө мекемелеринин жана уюмдарынын ортосундагы өз ара кызматташууга кызыктырат.
16-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин аймагында башка Тараптын мамлекетиндеги, анын ичинде алардын улуттук-маданий уюмдарын жана бирикмелерин көрсөткөн элдердин тилдеринде телерадиоканалдардын редакцияларынын иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт.
17-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
18-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чыга турган бардык талаш маселелерди сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечишет.
19-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жылдын ичинде колдонулат. Эгерде Тараптардын бири тиешелүү мезгилдин аягына чейин үч ай мурун жазуу жүзүндө башка Тарапка ушул Макулдашуунун күчүн токтотуу ниетин билдирбесе, бул Макулдашуунун күчү автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
Ушул Макулдашуунун күчүн токтотуу, эгерде Тараптар башкасын сүйлөшүп албаса, ушул Макулдашууга ылайык алган милдеттенмелердин, программалардын жана долбоорлордун аткарылышына залакасын тийгизбейт.
Ушул Макулдашуу ___________________ шаарында 2018-жылдын "__" ____________ бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки түп нускада, ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлдү. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке таянышат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги үчүн |
| Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоберүү жана кинематография боюнча мамлекеттик комитети үчүн |