Загрузка документа…
2021-жылдын 22-апрелиндеги № 430 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-ноябры № 708
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жободо:
3-пунктунун 1-пунктчасындагы "региондорду комплекстүү өнүктүрүү саясаты (тармакты жөнгө салуу маселесинен башкалар)" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-тиркемесинде:
аталышындагы жана 1-пунктундагы "уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу" деген сөздөр "уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктунун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктунда:
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын:
"1-1) региондорду комплекстүү өнүктүрүү (тармакты жөнгө салуу маселесинен башкалар);";
5-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пунктунда:
1-пунктчасы "кырдаалга" деген сөздөн кийин "жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууга" деген сөздөр менен толукталсын;
13-20-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы 5-абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин (региондорду комплекстүү өнүктүрүү боюнча);";
- 7-тиркемесинде:
аталышындагы жана 1-пунктундагы "мамлекеттик" деген сөз "кадрдык иштер жана мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-1-пунктундагы "кадрлар" деген сөз "мамлекеттик кызмат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктунун 8-пунктчасынын жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 15-тиркемесинде:
расмий тилдеги аталышындагы жана 1-пунктундагы ", делопроизводства и контроля" деген сөздөр "и делопроизводства" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктунун 1-2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) иш кагаздарын жүргүзүү жана чечимдерди чыгаруу сектору;
2) регламент жана Өкмөттүн жыйындарын уюштуруучулук камсыздоо сектору;";
4-пунктунун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктунун 22-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакциядагы 18-тиркеме менен толукталсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого 18-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү тейлеген чөйрөнүн негизги маселелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр), Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин (мындан ары - вице-премьер-министрлери), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин (мындан ары - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүмдүн төмөнкүлөр үчүн колдонулуучу мөөрлөрү жана штамптары бар:
- мыйзамдарды, актыларды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тапшырмаларын, Өкмөттүн чечимдерин, Премьер-министрдин буйруктарын жана тапшырмаларын, вице-премьер-министрлердин тапшырмаларын, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын, анын орун басарларынын тапшырмаларын (мындан ары - актылар, тапшырмалар) контролго коюу үчүн;
- Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин, анын орун басарларынын жана Өкмөттүн Аппаратынын дарегине келип түшкөн жарандардын кайрылууларын (мындан ары - жарандардын кайрылуулары) каттоо.
2. Бөлүмдүн компетенциясына таандык милдеттер жана функциялар
3. Бөлүмдүн компетенциясына таандык милдеттер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) актылардын, тапшырмалардын өз убагында жана толук аткарылышын контролдоо;
2) жарандардын кайрылууларын кароону камсыздоо.
4. Бөлүм милдеттерди ишке ашыруу үчүн өзүнүн компетенциясына таандык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) актыларды, тапшырмаларды контролго коюу;
2) контролго коюлган актыларды, тапшырмаларды эсепке алуу;
3) актылардын, тапшырмалардын электрондук маалымат базасын жүргүзүү;
4) документтерди Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен салыштырып текшерүү, актылардын, тапшырмалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
5) актылардын, тапшырмалардын аяктап бараткан аткаруу мөөнөттөрү жөнүндө эстеткичтерди - ар жумалык маалыматкаттарды даярдоо жана Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жиберүү;
6) актыларды, тапшырмаларды жана жарандардын кайрылууларын аткарууда мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө тыянактар жана сунуштар менен, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы аткаруу тартиби боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоо жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине киргизүү;
7) жарандардын кайрылууларын кабыл алуу, каттоо, эсепке алуу жана кароо, анын ичинде электрондук дарек боюнча, "kattar.kg" порталы жана түз телефон байланышы аркылуу;
8) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен Премьер-министрдин коомдук кабылдамасында (мындан ары - Коомдук кабылдама) жарандарды кабыл алууну уюштуруу жана жарандарга көтөрүлгөн маселелерди чечүүдө мүмкүн болушунча көмөктөшүү, түшүндүрмөлөрдү жана сунуштарды берүү;
9) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин жарандарды жеке кабыл алуусун, анын ичинде онлайн режиминде видео-конференц байланыш аркылуу уюштуруу;
10) жарандардын кайрылууларын Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, компетенциясына кайрылууларда коюлган маселелерди чечүү кирген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна жиберүү;
11) Өкмөттүн Аппаратына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын системалаштыруу, талдоо, ошондой эле Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз убагында кароосун контролдоо;
12) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында актылардын, тапшырмалардын аткарылышы жана жарандардын кайрылуулары боюнча иштин абалын текшерүүнү уюштуруу;
13) актыларды, тапшырмаларды аткарууда аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында, комиссия түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүү жана жерине барып, жарандардын кайрылууларында коюлган маселелерди бөлүмдүн компетенциясынын алкагында чечүү;
14) бөлүмдүн карамагындагы тиешелүү документтерди түзүү жана архивге өткөрүп берүү;
15) Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин окутуу, бөлүмдүн компетенциясына таандык маселелер боюнча аларга практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү.".