Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 17-сентябры № 322-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "CASA-1000" долбоорунун даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
| "Тиркеме |
"CASA-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Оморов Азамат Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Абдыкадыров Азамат Эсенгелдиевич | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун төрагасы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Тюменбаев Акылбек Рабаевич | - | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча). |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Алмакунов Азамат Жумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин директору; |
Жээнбеков Марат Арынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин электр энергетика башкармалыгынын начальниги; |
Мамасыдыков Нурбек Бекболотович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын мамлекеттик инвестициялардын программалары бөлүмүнүн башчысы; |
Орозоев Улан Эсенбаевич | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Раимкулов Рустанбек Имашевич | - | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу тобунун начальниги (макулдашуу боюнча); |
Усеков Нурдин Насрединович | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун энергияны сатуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Жумалиев Кайрат Насерович | - | "CASA-1000" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча); |
Иманкулова Жанна Сатовна | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).". |