Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 16-апрели № 101-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 14-мартындагы № 39 "1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:.
1. 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети үч айлык мөөнөттө 2019-2020-жылдарга Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планынын (мындан ары - Иш-чаралар планы) долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Уюштуруу комитетине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун тийиштүү адистерин ишке тартууга, ошондой эле коюлган милдеттерди аткаруу үчүн жумушчу топторду түзүүгө укук берилсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) уюштуруу комитетинин суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана анын ишине ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
6. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, техникалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлсүн.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
|
1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын социалдык блокту тейлеген вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын укук коргоо блогун тейлеген вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасымын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин республикалык кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).