Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 16-апрели № 102-б
Ири бюджеттик керектөөчүлөрдү энергетикалык изилдөөнүн жыйынтыгын эске алуу менен бюджеттик уюмдарга коммуналдык кызматтарды төлөөгө бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Бюджеттик уюмдардын өздүк керектөөлөрү үчүн 2019-жылга электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн жылдык лимиттери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдар бир жумалык мөөнөттө:
1) ушул буйрукта белгиленген электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн жылдык лимиттерин ведомстволук бөлүмдөр боюнча бөлүштүрсүн;
2) электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерин белгиленген тартипте ведомстволук мекемелерге билдирсин;
3) электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн белгиленген лимиттерин көрсөтүү менен ведомстволук мекемелердин толук тизмесин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институтуна, ошондой эле тиешелүү электр, жылуулук жана газ менен жабдуучу ишканаларга берсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул буйруктун 2-пунктунда аныкталган мөөнөттө жана тартипте электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерин бөлүштүрүү жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдарга билдирүү сунушталсын.
4. Субабоненттерди электр жана жылуулук энергиясы менен жабдуу иштерин жүргүзгөн бюджеттик уюмдар иштин түрүнө белгиленген тартипте лицензия алсын жана субабоненттер тарабынан керектелүүчү электр жана жылуулук энергиясынын көлөмүнө жабдуучу уюмдар менен контракттарды түзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институту:
1) кийинки жылдарда электр жана жылуулук энергиясын, жаратылыш газын керектөөнүн ишенимдүү көлөмүн аныктоо максатында 2019-2020-жылдарда бюджеттик керектөөчүлөрдү энергетикалык изилдөөнү улантсын;
2) бюджеттик керектөөчүлөрдү энергетикалык изилдөөгө республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарды катуу тартипте максаттуу багыттар боюнча пайдаланууну камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институтуна айрым мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерине ушул буйрук менен бекитилген лимиттердин чегинде жыл ичинде түзөтүү киргизүү укугу берилсин.
7. Ушул буйрукта каралган жоболорду бузгандыгы, ошондой эле электр жана жылуулук энергиясынын, жаратылыш газынын белгиленген лимиттеринен ашып кеткендиги үчүн жеке жоопкерчилик тиешелүү органдардын жана уюмдардын жетекчилерине жүктөлө тургандыгы белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 208-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
2019-жылга бюджеттик уюмдар үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын керектөө ЛИМИТИ
Графикалык көчүрмөсүн КР МЮ караңыз.