Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 8-апрели № 84-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-августундагы № 270-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 88-б буйругу.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
жана
Чех Республикасынын Өкмөтү;
Мамлекеттер ортосундагы экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүү жана салык маселелериндеги кызматташтыкты кеңейтүүнү каалап,
салык төлөөдөн баш тартуу жана салык салуудан качуу аркылуу салык салуудан бошотуу же салык салууну кыскартуу үчүн мүмкүнчүлүк түзбөстөн Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну түзүүнү ниет кылып,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар
Бул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар
1. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттин, анын аймактык-административдик бөлүмдөрүнүн, же жергиликтүү органдарынын атынан, аларды алуунун ыкмаларына карабастан, киреше салыгына карата колдонулат.
2. Кирешеге салыктар деп, кирешелердин жалпы суммасынан, кирешенин элементтеринен, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү ажыратуудан түшкөн кирешелерден салыкты кошо, ишканалар төлөп берүүчү эмгек акынын же ишканалар тарабынан төлөнүүчү айлык акынын, ошондой эле капиталдын өсүшүнө болуучу кирешелерден алынуучу бардык салыктар саналат.
3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган колдонуудагы салыктар деп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Кыргыз Республикасына карата колдонулуучу:
- юридикалык жактардан алынуучу кирешеге жана пайдага салык; жана
- жеке адамдардан алынуучу киреше салыгы;
б) Чех Республикасына карата колдонулуучу:
- жеке адамдардан алынуучу киреше салыгы; жана
- юридикалык жактардан алынуучу пайдага салык.
4. Бул Макулдашуу ошондой эле толуктоо катары же колдонуудагы салыктардын ордуна бул Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлүп турган окшош же мааниси боюнча ушул сыяктуу салыктарга да колдонулат. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары алардын тиешелүү салыктык мыйзамдарына киргизилген бардык олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлашат.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн эгер контексттен башкача келип чыкпаса:
а) "Кыргыз Республикасы" деген термин Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулуучу аймакты билдирет;
б) "Чех Республикасы" деген термин Чех Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарга ээ болгон Чех Республикасынын аймагын түшүндүрөт;
в) "Макулдашуучу Мамлекет" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекет" деген терминдер контекстке жараша Кыргыз Республикасын жана Чех Республикасын түшүндүрөт;
г) "жак" деген термин жеке адамды, компанияны жана ар кандай башка жактардын бирикмесин түшүндүрөт;
д) "компания" деген термин салык алуу максаты үчүн корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай корпоративдик бирикмени же ар кандай ишкананы түшүндүрөт;
е) "Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүүлүгүнө жараша Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрөт;
ж) "эл аралык ташуу" деген термин качан деңиз же аба кемелери, жол же темир жол транспорт каражаттары экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги пункттардын ортосунда гана пайдаланылгандан башка учурдагы, Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы пайдалануучу деңиз, аба кемелери жана жол же темир жол транспорт каражаттары менен ар кандай ташууларды түшүндүрөт;
з) "компетенттүү орган" деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:
1) Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин же анын башка ыйгарым укуктуу өкүлүн;
2) Чех Республикасында - Финансы министрлигин же башка ыйгарым укуктуу өкүлдү;
и) "улуттук жак" деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:
1) Макулдашуучу Мамлекеттин жарандыгы бар жеке жак;
2) Макулдашуучу Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүн макамын алган ар кандай юридикалык жак, өнөктөштүк же бирикме;
к) "Ишкана" деген термин ишкердик иши менен алектенген жактарга колдонулат;
л) "бизнес" деген термин ошондой эле кесиптик иши жана көз карандысыз мүнөздөгү башка ишти жүзөгө ашырууну камтыйт.
2. Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ар кандай учурда ушул Макулдашууну колдонгондо андагы аныкталбаган ар кандай термин, эгерде контексттен башкача болуп чыкпаса, анын мааниси ушул Макулдашуу колдонулган салыктарга карата ошол Мамлекеттин мыйзамдары боюнча мааниге ээ болот жана Макулдашуучу Мамлекеттин тиешелүү салык мыйзамына ылайык маани Макулдашуучу Мамлекеттин башка мыйзамына ылайык терминдин маанисинен артыкчылыкка ээ болот.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн "Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти" деген термин Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык туруктуу барган жери, туруктуу жашаган жери, башкаруу орду же ушундай мүнөздөгү башка критерийлер боюнча салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты түшүндүрөт, ошондой эле ушул Мамлекетти же анын ар кандай административдик бөлүмүн же жергиликтүү бийлик органын камтыйт. Бирок бул термин ушул Мамлекеттеги салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт, бул ушул Мамлекетте болгон булактардан алынган кирешелерге карата гана колдонулат.
2. Эгерде ушул берененин 1-пунктунун күчү боюнча жеке жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анын макамы төмөнкүчө аныкталат:
а) ал аймагында туруктуу турак жайга ээ болгон Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналат; эгер ал эки Макулдашуучу Мамлекетте тең туруктуу турак жайга ээ болсо, ал айрыкча тыгыз жеке жана экономикалык байланыштарга (жашоо тиричилик кызыкчылыгынын борборуна) ээ болгон Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;
б) эгер анын жашоо тиричилик кызыкчылыгынын борбору боло турган Мамлекети аныкталбаса, же эгер бул Мамлекеттердин биринде дагы туруктуу турак жайы болбосо, анда ал демейде жашаган Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;
в) эгер ал демейде эки Мамлекетте тең жашаса, же алардын биринде да жашабаса, анда ал жараны болуп саналган Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналат;
г) эгер ал демейде эки Мамлекетте тең жашаса, же алардын биринде да жашабаса, анда бул маселе Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан өз ара макулдашуу боюнча чечилет.
3. Эгер 1-пункттун күчүнө ылайык жеке жак болуп саналбаган жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анда ал өзүнүн иш жүзүндөгү башкаруу органы жайгашкан Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат.
5-берене. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген термин иш-аракеттердин туруктуу ордун түшүндүрөт, ал аркылуу ишкананын ишкердиги толугу менен же жарым-жартылай жүзөгө ашырылат.
2. Атап айтканда, "турукту мекеме" термини өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) башкаруу орду;
б) бөлүм;
в) кеңсе;
г) фабрика;
д) өнөркана, жана
е) кен, нефть же газ бургуларын, таш майдалагычты же башка жаратылыш ресурстарын казуучу башка жерлер.
3. "Туруктуу мекеме" термини ошондой эле өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) курулуш аянттарын, куруу, монтаждоо же чогултуу объекттери же алар менен байланышкан көзөмөлдөө иштерин, бирок эгер ушундай аянт же обьект он эки айдан ашык мөөнөткө болсо;
б) Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы тарабынан ишкананын кызматкерлери же ишкана ушундай максаттар үчүн тартылган башка кызматкерлер аркылуу көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр, консультациялык же башкаруу кызматтарын кошо көрсөтүү, эгер мындай мүнөздөгү иш-аракеттер ушундай же аны менен байланышкан долбоор үчүн башка Макулдашуучу Мамлекеттин аймагында он эки айдын аралыгында жалпысынан алты айдан ашык мөөнөттүн ичинде же мезгилде уланса.
4. Ушул берененин мурунку жоболоруна карабастан, "туруктуу мекеме" термини төмөнкүлөрдү камтыбайт:
а) жайларды ишканага тиешелүү болгон товарларды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү же коюу максатында гана колдонууну;
б) ишканага тийиштүү болгон товарлардын же буюмдардын запасын сактоо, көрсөтүү же коюу максатында гана кармоону;
в) ишканага тийиштүү болгон товарлардын же буюмдардын запасын башка ишкана тарабынан кайра иштетүү максатында гана кармоону;
г) товарларды же буюмдарды сатып алуу, же ишкана үчүн маалыматтарды топтоо максаттарында гана ишкердик ишинин туруктуу ордун кармоону;
д) ишкердик ишинин туруктуу ордун ишкана үчүн башка ар кандай иш жүргүзүү максатында гана кармоону;
е) (а)-(д) пунктчаларында саналган иш-аракеттердин түрлөрүнүн ар кандай комбинациялары үчүн гана ишкердик ишинин туруктуу ордун кармоону,
мындай иш-аракет же (е) пунктчасындагы учурда мындай комбинациялардын натыйжасында пайда болгон ишкердиктеги туруктуу орундагы жыйынды иши даярдоочу же көмөкчү мүнөздө боло турган шартта.
5. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан, эгерде жак ага карата 6-пункттун жобосу колдонула турган көз карандысыз макамдагы агентке караганда Макулдашылган Мамлекетте ишкананын атынан иштесе жана адатта Макулдашуучу Мамлекетте ишкананын атынан ыйгарым укуктары менен келишим түзсө, бул жактын ишкана үчүн бардык кылган иш-аракеттерине карата, 4-параграфта сүрөттөлгөн иш-аракеттер менен чектелген, эгер бул иш-аракеттер иш-аракеттин туруктуу жери аркылуу жүргүзүлүп, бул иш-аракеттин туруктуу жерин ушул берененин пунктунун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айлантпаган учурларды кошпогондо, бул ишкана ушул Мамлекеттеги туруктуу мекемеси бар катары каралат.
6. Ишкердикти ошол Мамлекетте брокер, комиссионер, же көз карандысыз макамы бар башка агент аркылуу жүргүзсө гана, мындай жактар өзүнүн демейки иш-аракеттеринин алкагында аракеттенген шартта, Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси бар деп саналбайт.
7. Компания Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган, контролдой турган же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания тарабынан контролдоно турган фактысы, же бул экинчи Мамлекетте ишкердикти ишке ашыруусу (же туруктуу мекеме аркылуу, же башкача түрдө) өзүнөн-өзү бул компаниялардын бирин экинчисинин туруктуу мекемесине айланта албайт.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн киреше
1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (айыл чарбасынан, токой чарбасынан кирешелерди кошкондо) алуучу кирешеге экинчи Мамлекетте салык салынат.
2. "Кыймылсыз мүлк" термини каралып жаткан мүлк жайгашкан Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарындагы түшүнүктөгү мааниге ээ. Бул термин ар кандай учурларда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү мүлктү, малды жана айыл жана токой чарбасында пайдаланылуучу жабдууларды, жер менчигине карата жалпы мыйзамдардын жоболорунда колдонулуучу укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктун жана минералдык запастарды, булактарды жана башка жаратылыш ресурстарын иштетүү же иштетүүгө укук үчүн компенсация катары өзгөрмөлүү же белгиленген төлөмдөргө укуктарды камтыйт. Деңиз кемелери жана аба кемелери, жол же темир жол транспорт кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору кыймылсыз мүлктү тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же аны кандайдыр бир башка түрдө пайдалануудан алынган кирешелерге карата колдонулат.
4. Ушул берененин 1 жана 3-пункттарынын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлктөрүнөн кирешелерге карата колдонулат.
7-берене. Ишкердиктен пайда
1. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына, эгерде мындай ишкана ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзбөсө, биринчи Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердик жүргүзсө, ишкананын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок мындай туруктуу мекемеге тийиштүү болгон бөлүгүнө гана салык салынат.
2. 3-пункттун жоболорун эске алуу менен Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердикти жүргүзсө, анда ар бир Макулдашуучу Мамлекетте бул туруктуу мекемеге эгер ал өз алдынча жана өзүнчө мекеме болгондо, ушундай же ушуга окшогон шартта ушундай же ушуга окшогон ишти жүргүзгөн жана анын туруктуу мекемеси болуп саналган ишканадан толук көз карандысыз аракеттенгенде алууга мүмкүн болгон пайда кирет.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо башкаруу жана жалпы административдик чыгымдарды кошкондо, туруктуу мекеменин максаттары үчүн келтирилген чыгымдарды, бул чыгымдар туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте же кандай гана жерде болбосун жасалганына карабастан, эсептен чыгарууга жол берилет.
4. Эгерде Макулдашуучу Мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге тийиштүү пайда ишкананын жалпы пайдасынын ар түрдүү бөлүмдөрү боюнча пропорциялуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныкталса, 2-пункт ушул Макулдашуучу Мамлекетке адатта кабыл алынгандай мындай бөлүштүрүү аркылуу салык салынуучу пайданы аныктоого тыюу салбайт; бирок бөлүштүрүүнүн тандалып алынган ыкмасы ушул беренеде камтылган принциптерге ылайык келген натыйжаларды бериши керек.
5. Аталган туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн товарларды жана буюмдарды сатып алуунун себеби боюнча гана туруктуу мекемеге пайда эсептелбейт.
6. Жогоруда көрсөтүлгөн параграфтарды аткарууда башкаларды жүзөгө ашыруу үчүн олуттуу жана жетишердик себеп болбогон болсо, туруктуу мекемеге карата пайда ар бир жылы бир эле ыкма менен аныкталышы керек.
7. Эгер пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешенин элементтерин өзүнө камтыса, анда аталган беренелердин жоболору ушул берененин жоболоруна таасирин тийгизбейт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Макулдашылган Мамлекеттин ишканасы тарабынан алынган эл аралык ташуулардагы деңиз кемелерин жана аба кемелерин, жол же темир жол транспорт каражаттарын пайдалануудан алынган пайдага салык ошол Мамлекетте гана салынышы керек.
2. Ушул берененин максаттары үчүн жана 12-берененин жоболоруна карабастан эл аралык ташуулардагы деңиз, аба кемелеринен, жол же темир жол транспорт каражаттарын пайдалануудан түшкөн пайда төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) экипажсыз жалдоо келишиминин негизинде деңиз, аба кемелерин, жол жана темир жол транспорт каражаттарын ижарага берүүдөн түшкөн пайда; жана
б) товарларды ташуу үчүн пайдаланылуучу контейнерлерди (контейнерлерди ташуу үчүн чиркегичтерди жана коштоочу жабдыктарды кошкондо) пайдалануу, күтүү же ижарадан түшкөн пайда,
мында мындай ижара же мындай пайдалануу, күтүү же ижара жагдайга жараша эл аралык ташуулардагы деңиз кемелерин, аба кемелерин, жол же темир жол транспорт каражаттарын пайдалануу менен байланыштуу болуп саналат.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору ошондой эле биргелешкен ишканага, же транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча эл аралык уюмдарга пулга катышуудан тапкан пайдаларга да колдонулат.
9-берене. Ассоцияланган ишканалар
1. Эгерде:
а) Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса; же
б) бир жана ошол эле жактар Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын, ошондой эле экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса
жана эки ишкананын ортосунда түзүлгөн же калыптанган алардын коммерциялык же финансылык мамилелери эки көз карандысыз ишкананын ортосунда түзүлүшү ыктымал болгон мамилелерден айырмаланган шарттар орун алган каалагандай учурда ишканалардын бирине чегериле турган, бирок бул шарттардын себебинен улам ага чегерилбеген ар кандай пайда, бул ишкананын пайдасына тиешелүү түрдө киргизилип, салык салынышы мүмкүн.
2. Биринчи Макулдашуучу Мамлекет бул Мамлекеттин ишканасынын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салууга дуушар болгон экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасына карата пайданы киргизген жана тийиштүү түрдө салык салса жана ушул мүнөздө киргизилген пайда биринчи эскертилген Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда деп саналат, эгер эки ишкананын ортосундагы мамиле эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы мамиледей болсо, анда бул экинчи Мамлекет бул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизиши мүмкүн. Мындай оңдоп-түзөтүүлөр аныкталганда ушул Макулдашуунун башка жоболору эске алынууга тийиш, ал эми Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары бири-бири менен зарыл болгон учурда консультацияларды өткөрө алышат.
3. Ушул берененин 2-пунктунун жобосу өз милдеттерин алдамчылык, орой, одонолук менен же атайылап аткарбаган учурларда колдонулбоого тийиш.
10-берене. Дивиденддер
1. Макулдашуучу Мамлекеттин резидент-компаниясы башка Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөп берүүчү дивиденддерге ушул Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок, мындай дивиденддерге компания анын резиденти болуп саналган жана ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык дивиденддерди төлөөчү Макулдашуучу Мамлекетте дагы салык салынышы мүмкүн, бирок алуучу иш жүзүндө дивиденддердин ээси болуп эсептелсе, анда мындайча алынган салык төмөнкүлөрдөн ашыкча болбошу керек:
а) дивиденддерди төлөөчү компаниянын капиталынын жок дегенде 15 пайызына түздөн-түз ээлик кылган (өнөктөштөн айырмаланган) компаниянын дивиденддеринин негизги ээси болуп саналса дивиденддердин жалпы суммасынан 5 пайыз;
б) калган учурларда дивиденддердин жалпы суммасынан 10 пайыз.
Бул пункт дивиденддер төлөнүүчү пайдага карата компанияга салык салууну козгобоого тийиш.
3. Ушул беренеде колдонулуучу "дивиденддер" термини акциялардан, дивиденддерди алуу укугу менен акциялардан, дивидендди алууга укугу бар укуктардан, кен казуучу компаниялардын акцияларынан, уюштуруучу акциялардан же пайдага катышууга укук берген, карыздык талап болуп эсептелбеген башка укуктардан кирешелерди, ошондой эле пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык акциялардан кирешелерге салык салууга карата теңдештирилген корпоративдик башка укуктардан кирешелерди түшүндүрөт.
4. Эгер дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердикти анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу жүргүзсө, жана дивиденддер төлөнгөн холдинг иш жүзүндө туруктуу мекеме менен байланышкан болсо, ушул берененин 1 жана 2-пунктунун жобосу колдонулбайт. Мындай учурда 7-берененин жоболору шартка жараша колдонулат.
5. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттен пайда же киреше алган учурда, бул экинчи Мамлекет эгер мындай дивиденддер бул экинчи Мамлекеттин резидентине төлөнсө же эгерде ал дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг иш жүзүндө бул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме менен байланышта экендигин кошпогондо, компания төлөп берүүчү дивиденддерден кандайдыр бир салык албайт жана компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасына, ал тургай эгер төлөнүүчү дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда ошол экинчи Мамлекетте келип чыгуучу толук же жарым-жартылай пайдадан же кирешеден турса да, бөлүштүрүлбөгөн пайдага салык салынбайт.
11-берене. Пайыздар
1. Бир Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон жана башка Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга, ушул башка Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок, мындай пайыз ал пайда болгон жана ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Макулдашуучу Мамлекетте салык салынууга тийиш, эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси башка Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болгон болсо, алынуучу салык пайыздардын дүң суммасынан 5 пайыздан ашпашы керек.
3. Ушул берененин 2-пунктунун жоболоруна карабастан, бир Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон жана башка Макулдашуучу Мамлекетке иш жүзүндө тиешелүү болгон пайыздарга ушул гана башка Мамлекетте салык салынууга тийиш, эгерде мындай пайыздар төмөнкүлөргө байланыштуу төлөнүп жатса:
а) ар кандай товар же жабдыкты насыяга сатуунун натыйжасында пайда болгон карыз;
б) башка Макулдашуучу Мамлекеттин Өкмөтүнө, ар кандай администрациялык-аймактык бөлүктү же жергиликтүү бийлик органдарын, башка Макулдашуучу Мамлекеттин Борбордук Банкын же мындай мекеменин иштеши экспорт жана инвестицияларды илгерилетүү болсо, ушул Өкмөткө тиешелүү же ал тарабынан контролдонгон ар кандай башка мекемени кошкондо;
в) башка Макулдашуучу Мамлекеттин Өкмөтү кепилдик берген ар кандай зайым же насыяга байланыштуу, анын ичинен ар кандай администрациялык-аймактык бөлүктү же жергиликтүү бийлик органдарын, башка Макулдашуучу Мамлекеттин Борбордук Банкын же мындай мекеменин иштеши экспорт жана инвестицияларды илгерилетүү болсо, ушул Өкмөткө тиешелүү же ал тарабынан контролдонгон ар кандай башка мекеме.
4. "Пайыздар" термини ушул беренеде колдонгон учурда карызкорлордун пайдаларына катышууга укук берүүчү же бербөөчү ипотеканы, камсыздалган же камсыздалбаган карыз милдеттенмелеринин ар кандай түрүн, атап айтканда өкмөттүк баалуу кагаздардан кирешени жана облигациялардан жана карыз милдеттенмелерден кирешени, бул баалуу кагаздар, облигациялар же карыз милдеттенмелери боюнча сый акыларды жана утуштарды кошо алганды түшүндүрөт. "Пайыз" термини 10-берененин 3-пунктунун жоболоруна ылайык дивидент болуп саналган кирешелердин кандайдыр-бир беренесин камтыбашы керек.
5. Эгер пайыздардын иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу пайыздар пайда болсо жана карыздык талаптар ушундай туруктуу мекеме менен байланышкан болсо ушул берененин 1, 2, 3-пункттарынын жобосу колдонулбайт. Мындай учурда 7-берененин жоболору колдонулат.
6. Төлөөчү ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса Макулдашуучу Мамлекетте пайыздар пайда болот деп саналат. Эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп санала тургандыгына карабастан, пайыздарды төлөөчү жактын Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси бар болсо, буга байланыштуу карыздар пайда болгондо, алар боюнча пайыздар төлөнсө жана бул пайыздар ушундай туруктуу мекеме тарабынан төлөнсө, анда мындай пайыздар туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте пайда болот.
7. Эгерде төлөөчү менен пайыздын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же анын экөөнүн жана кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу, анын негизинде төлөнүп жаткан карыздык талапка таандык болгон пайыздын суммасы ушундай мамилелер жок болгондо, төлөөчү менен пайыздын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы Макулдашыла турган суммадан ашса, анда ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө мурдагыдай эле салык салынууга тийиш.
12-берене. Роялти
1. Макулдашуучу бир Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок, мындай роялтиге ошондой эле бул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык алар келип чыккан Макулдашуучу Мамлекетте да салык алынышы мүмкүн, бирок эгерде алуучу роялтинин иш жүзүндө ээси болсо жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса мындай түрдө алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
3. Бул беренеде колдонуучу "роялти" термини ар кандай адабият, искусство чыгармаларына же илимий эмгектерге, киноматографиялык фильмдерди, радио жана телекөрсөтүүлөр үчүн колдонулуучу фильмдерди же жазууларды, кандайдыр бир патенттерди, соода маркаларын, дизайн же моделди, планды, жашыруун формуланы же процессти кошо алганда автордук укуктарды пайдалануу укугун колдонуу же берүү үчүн же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууларды пайдалануу укугун колдонуу же берүү үчүн же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалымат үчүн сыйлык катарында алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, роялти ошол жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу келип чыкса, роялти төлөнгөн укук же мүлк иш жүзүндө мындай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышса ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша 7-берененин жоболору колдонулат.
5. Роялти Макулдашуучу Мамлекетте аны төлөөчү ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса, ошол Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирок роялти төлөөчү жак Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналабы же жокпу, Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси бар болсо, роялтини пайда кылган укук же мүлк иш жүзүндө алар менен байланышса же мындай роялтини төлөө боюнча чыгымдарды туруктуу мекеме тартса, анда бул туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет.
6. Эгерде төлөөчүнүн жана иш жүзүндө роялтинин ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн кандайдыр бир башка жак менен өзгөчө мамилелеринин себеби боюнча роялтини төлөөгө негиз болгон колдонууга, укукка же маалыматка таандык роялтинин суммасы мындай мамилелер жок учурда төлөөчү менен роялтинин иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашса, бул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашыкча бөлүгү ушул Макулдашуунун башка жоболорун тийиштүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
13-берене. Капиталдан киреше
1. 6-беренеде аталган жана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ажыратууда Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынуучу кирешеге мына ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ээ болуп турган туруктуу мекеменин коммерциялык мүлкүнүн бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү ажыратуудан, мындай туруктуу мекемени (өзүнчө же бүткүл ишкана менен бирге) ажыратуудан түшкөн кирешени кошкондо, ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз кемелерин, аба кемелерин, жол же темир жол транспорт каражаттарын ажыратуудан же мындай деңиз кемелерин, аба кемелерин, жол-транспорт каражаттарын, жол же темир жол транспортун пайдаланууга таандык болгон кыймылдуу мүлктү ажыратуудан Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынан түшкөн кирешелерге ишкана Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
4. Жогоруда аталган ушул берененин 1, 2 жана 3-пункттарында аталгандардан башка кандайдыр бир мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ажыраткан жак резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Жалдоо боюнча иштен алынган киреше
1. Эгерде жалданып иштөө экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылбаса, 15, 17 жана 18-беренелердин жоболорун эске алуу менен, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин жалданып иштөөгө байланыштуу алган айлык акысына, маянасына жана башка ушул сыяктуу сый акысына ушул Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашырылса, буга байланыштуу алынган сый акыга ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жобосуна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырган жалданып иштөөгө байланыштуу алган сый акысына биринчи аталган Мамлекетте гана салык салынат, эгерде:
а) алуучу тийиштүү салыктык жылда башталган же аяктаган ар кандай он эки айлык мезгилде, жыйынтыктап алганда жүз сексен үч күндөн ашпаган мезгилде же мезгилдердин ичинде экинчи Мамлекетте болсо; жана
б) сый акы экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө; жана
в) сый акы жалдоочу экинчи Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме тарабынан төлөнбөсө.
3. а) пунктунун 2-параграфында көрсөтүлгөн мезгилдерди эсептөө үчүн, төмөнкү күндөр камтылууга тийиш:
а) физикалык жактан болгон, келүү жана кетүү күндөрүн кошкондо бардык күндөр, жана
б) алуучунун андан кийин ушул Мамлекеттин аймагында иши жанданган Мамлекеттеги иши менен түздөн-түз байланышкан, иши жүзөгө ашырылган Мамлекеттен тышкары өткөн ишемби, жана жекшемби, майрамдар жана иш сапарлары сыяктуу күндөр.
4. Ушул берененин 2-параграфынын б) пунктчасында көрсөтүлгөн "жалдоочу" деген термин аткарылган ишке укуктуу жана ишти аткаруу менен байланышкан тобокелдик үчүн жоопкерчиликти мойнуна алат.
5. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташууларда пайдаланылган деңиз же аба кемесинин бортунда же жол же темир жол транспорт каражаттарында ишке ашырылган жалдануу боюнча иш менен байланыштуу алынган сый акыга салык ошол Мамлекетте кармалышы мүмкүн.
15-берене. Директорлорго сый акы
Директорлордун сый акысына жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган, компаниялардын директорлор кеңешинин мүчөсү жана ага окшош төлөмдөргө экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
16-берене. Артисттер жана спортчулар
1. 7 жана 14-беренелердин жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же телекөрсөтүүнүн артисти же музыканты катары искусство кызматкери сапатында же спортчу катары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырган жеке ишинен алган кирешесине ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан мына ушул сапатта жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун жеке өзүнө эсептелбей, башка жакка эсептелсе, 7 жана 14-беренелердин жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусство кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
17-берене. Пенсиялар
18-берененин 2-пунктунун жоболорун эске алуу менен Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөөчү пенсияларга жана башка ушундай түрдөгү сый акыларга жана төлөмдөргө ошол гана Мамлекетте салык салынууга тийиш.
18-берене. Мамлекеттик кызмат
1. а) Макулдашуучу Мамлекет, анын аймактык-административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү органдары тарабынан ушул Мамлекетке көрсөтүлгөн кызматтарга карата жеке адамдын маянасына, эмгек акысына жана пенсиядан тышкары башка ушул сыяктуу сый акысына ошол Мамлекетте гана салык салынат.
б) Бирок, мындай маянага, эмгек акыга жана башка ушул сыяктуу сый акыга, эгерде кызмат ошол экинчи Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат, ал:
- ушул Мамлекеттин жараны болуп саналса; же
- кызмат көрсөтүү максатында гана ошол экинчи Мамлекеттин резиденти болбосо.
2. а) Макулдашуучу Мамлекет, анын аймактык-административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү органы өз каражаттарынан төлөөчү ошол Мамлекетке, органга же бөлүмүнө көрсөтүлүүчү кызмат үчүн жеке жакка төлөнүүчү ар кандай пенсияга ушул гана Мамлекетте салык салынат.
б) Бирок мындай пенсияга эгерде жеке жак ошол Мамлекеттин резиденти же жараны болуп саналса, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
3. 15, 16 жана 17-берененин жоболору Макулдашуучу Мамлекет, анын саясий административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү органы ишкердикти аткарууга байланыштуу көрсөтүлгөн кызматтарга карата эмгек акыларга, маянага жана башка ушундай сый акыларга жана пенсияларга колдонулат.
19-берене. Студенттер
Биринчи Макулдашуучу Мамлекетке келгенге чейин түздөн-түз экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген же эсептелүүчү жана биринчи аталган Макулдашуучу Мамлекетте окуу же стажировка максатында гана жүргөн студент же стажер жашоо, окуу жана билим алуу максаттары үчүн алган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ушул Макулдашуучу Мамлекеттин чегинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта, аларга аталган Макулдашуучу Мамлекетте салык салынбайт.
20-берене. Башка кирешелер
1. Ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде аталбаган, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин кирешесинин элементтерине, алардын келип чыгуу булактарына карабастан, мына ошол Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. Ушул Макулдашуунун 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык кыймылсыз мүлктөн түшкөн кирешеден тышкары кирешелерге карата ушул берененин 1-пунктунун жоболору колдонулбайт, эгерде мындай кирешелерди алуучу келечекте Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуу менен, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик укук жүргүзсө, ушундай туруктуу мекеме менен анык байланышкан киреше алынган укук же мүлк болсо, ушул берененин 1-пунктунун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7-берененин жоболору колдонулат.
21-берене. Кош салык салууну болтурбоо ыкмалары
1. Эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык салык салынышы мүмкүн болгон экинчи Макулдашуучу Мамлекеттен киреше алса, анда биринчи аталган Макулдашуучу Мамлекет экинчи Макулдашуучу Мамлекетте төлөнгөн салыкка барабар сумманы резиденттин киреше салыгынан эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет.
Мындай эсептен чыгаруу экинчи Макулдашуучу Мамлекетте алынган кирешеге карата алып салуу берилгенге чейин эсептөө жүргүзүлгөн салыктын бөлүгүнөн ашпоого тийиш.
2. Эгер ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин алынган кирешеси ушул Мамлекетте салыктан бошотулган болсо, бул Мамлекет ага карабастан ушул резиденттин кирешесинин калган бөлүгүнө салыктын суммасын эсептөөдө салыктан бошотулган кирешени көңүлгө алууга тийиш.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна карабастан, анын ички мыйзамдары буга мүмкүндүк берген шартта жана ушул мыйзамдарга ылайык бошотуу ыкмасы Макулдашуучу Мамлекетте дагы колдонулушу мүмкүн.
22-берене. Кысымга алууга жол бербөө
1. Макулдашуучу Мамлекеттин жарандары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ошол Мамлекеттин жарандары ошондой эле шарттарда, тактап айтканда жашаганына жараша, кандайдыр бир салык салуудан жана алар менен байланышкан талаптардан башкача же кыйла түйшүктүү кандайдыр бир салык салууга же ага байланышкан талаптарга дуушар болбойт. 1-берененин жоболоруна карабастан, ушул жобо Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденттери болуп эсептелбеген жактарга карата да колдонулууга тийиш.
2. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган жарандыгы жок адамдар башка Макулдашуучу Мамлекетте салык салууга же аны менен байланышкан милдеттенмелерге, башка Мамлекеттин жарандары ошондой эле жагдайларда, атап айтканда, жашаган жерине жараша дуушар болгон же дуушар боло турган салык салууга караганда оор болгон жана аны менен байланышкан милдеттенмелерге дуушар болбоого тийиш.
3. Макулдашуучу Мамлекеттин мекемеси болуп саналган Макулдашуучу Мамлекетте болгон туруктуу мекемеге салык салуу, ушундай иш-аракеттерди жүргүзгөн экинчи Мамлекеттин ишканаларына салынган салыктарга караганда начар ыңгайлуулукта болууга тийиш эмес. Бул жобо бир Макулдашуучу Мамлекетти экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине алардын жарандык макамынын же үй-бүлөлүк жагдайынын негизинде салык салуу боюнча өздөрүнүн резидентине берилүүчү кандайдыр бир жекече жеңилдиктерди, эсептен чыгарып салууларды жана арзандатууларды берүүгө милдеттендирүү катары түшүндүрүлбөөгө тийиш.
4. 9-берененин 1-пунктунун, 11-берененин 5-пунктунун же 12-берененин 6-пунктунун жоболору Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы башка Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине пайыздарды, роялти жана башка төлөмдөрдү төлөгөн учурду кошпогондо, ошол ишкананын салык салынуучу кирешесин аныктоо максатында баштапкы эскертилген Мамлекеттин резидентине болгон карыздын шарттарында эсептен чыгарылууга тийиш.
5. Капиталы бир же бир нече резиденттерге толук же жарым жартылай таандык болгон же контролдонгон, же түз же кыйыр түрдө экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин бир же бир нече резиденти тарабынан контролдонгон Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы баштапкы эскертилген Мамлекетте салык салууга жана алардагы милдеттерге караганда ошол баштапкы эскертилген Мамлекеттин ушул сыяктуу ишканасы дуушар болгон же дуушар болушу мүмкүн болгон, башка же кыйла түйшүктүү салык салынууга дуушар болушпайт.
6. Ушул берененин жоболору 2-берененин жоболоруна карабастан, каалаган типтеги жана сүрөттөөдөгү салыктарга колдонулууга тийиш.
23-берене. Өз ара макулдашуунун жол-жоболору
1. Эгерде жак бир же эки Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органынын аракеттери аны ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайыксыз салык салууга алып келди же алып келет деп эсептесе, ал эки Мамлекетин ички мыйзамдарында каралган укуктук коргоо каражаттарына карабастан, ар кандай Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органдарына өздөрүнүн ишин кароого берет. Иш Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келүүчү аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоонун учурунан тартып үч жылдын аралыгында берилүүгө тийиш.
2. Компетенттүү орган доону негиздүү деп тапса жана ал өзү канааттандырарлык чечимге келе албаса ушул Макулдашууга дал келбеген салык салуудан качуу максатында маселени экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Жетишилген макулдашуу доо-арыздын эскиргендигине карабастан, экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылууга тийиш.
3. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулушат. Алар ошондой эле ушул Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салуудан качуу боюнча бири-бири менен консультация өткөрүшү мүмкүн.
4. Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органдары мурдагы пункттардын мазмуну боюнча макулдашууларга жетүү максаттарында бир-бири менен түздөн-түз байланыша алышат.
24-берене. Маалымат алмашуу
1. Мындай салык салуу ушул Макулдашууга канчалык түрдө каршы келбей турган болсо, Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу, ушул Макулдашууга ылайык, Макулдашуучу Мамлекеттердин, же алардын аймактык бөлүмдөрү же жергиликтүү бийлигинин атынан салынуучу ар кандай түрдөгү салыктарга карата Макулдашуучу Мамлекеттердин ички мыйзамдарын башкаруу же аткаруу үчүн актуалдуу алдын ала айтууга мүмкүн болгон ушундай маалыматтарды алмашып турушат. Маалыматтарды алмашуу 1 жана 2-берене менен чектелбейт.
2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык Макулдашуучу Мамлекет тарабынан алынган ар кандай маалымат, ушул Макулдашуучу Мамлекеттин ички мыйзамдарына ылайык алынган маалымат сыяктуу эле жашыруун маалымат болуп каралууга тийиш жана 1-пунктта көрсөтүлгөн салыктарда эсептеп чыгаруу же жыйноо, мажбурлап өндүрүп алуу же куугунтукка алуу, ошондой эле ушул Макулдашууда аталган салыктарга карата апелляцияларды карап чыгуу менен иштешкен органдарга (сотторду же администрациялык органдарды кошкондо) жана жактарга гана маалымдалат. Мындай жактар же органдар ошол маалыматты ушул максаттар үчүн гана колдонушат. Алар маалыматты соттук отурумдардын жүрүшүндө же соттук чечимдерди кабыл алууда ачып бере алышат.
Жогоруда айтылгандарга карабастан, Макулдашуучу тараптан алынган маалымат башка максаттар үчүн колдонулушу мүмкүн, эгерде мындай маалымат эки Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык мындай башка максаттар үчүн пайдаланууга болсо жана маалымат берген Мамлекеттин компетенттүү органы мындай пайдаланууга уруксат берген шартта.
3. Кандай гана учур болбосун ушул берененин 1 жана 2-пункттары Макулдашуучу Мамлекеттерди төмөнкүлөргө милдеттендирүүчү катары чечмеленүүгө тийиш эмес:
а) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына жана административдик практикасына каршы келген административдик чараларды көрүүгө;
б) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же демейдеги административдик практиканын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
в) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же болбосо соода процессин ачыкка чыгаруучу маалыматты берүүгө же мамлекеттик саясатка каршы келе тургандай маалыматты берүүгө.
4. Эгер маалымат Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралып жатса, экинчи Макулдашуучу Мамлекет салык салуудагы өзүнүн максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо дагы, экинчи Макулдашуучу Мамлекет суралып жаткан маалыматты алуу үчүн өзүнүн чогултуу ыкмаларын пайдаланышы керек. Мурунку сүйлөмдө камтылган милдеттенмелер ушул берененин 3-пунктунда чек коюлууга тийиш, бирок мындай чектөөлөр Макулдашуучу Мамлекеттин мындай маалыматтар ички кызыкчылыктарга ээ болбогондугу үчүн маалымат берүүдөн баш тартып коюусуна мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
5. Ушул берененин 3-пунктунун жоболору эч качан Макулдашуучу Мамлекеттин маалымат банкта, же башка финансылык институтта, дайындалган жакта же агент катары аракеттенген адамда, фидуциарияда болууда же кандайдыр бир жактын жеке кызыгуусуна тийиштүү деп маалымат берүүдөн баш тартуусуна мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
25-берене. Дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтын мүчөлөрү
Бул Макулдашуунун эч кандай жобосу дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтын мүчөлөрүнүн эл аралык укуктун жалпы ченемдери тарабынан же атайын макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарына таасирин тийгизбейт.
26-берене. Жеңилдетүүгө чектөөлөр
Ушул Макулдашуунун ар кандай башка жоболоруна карабастан, ушул Макулдашуу боюнча түзүлгөн артыкчылыктар кирешелердин статьясына карата берилбеши керек, эгерде акылга сыярлык тыянакка келе турган болсок, бардык тиешелүү фактыларды жана жагдайларды эске алуу менен, бул артыкчылыкты алуу ар кандай схемалардын жана транзакциялардын негизги максаттарынын бири - ушул артыкчылыкты алуу. Алар тикелей же кыйыр түрдө ушул артыкчылыкка алып келген, бул жагдайларда ушул артыкчылыкты берүү Макулдашуунун тиешелүү жоболорунун объектисине жана максаттарына шайкеш келе тургандыгы аныкталган учурларды кошпогондо.
27-берене. Макулдашууга оңдоолор
Макулдашуучу Мамлекеттер өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алышат, ал анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
28-берене. Күчүнө кириши
1. Макулдашуучу Мамлекеттер ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн алардын мыйзамдары талап кылуучу ички жол-жоболордун бүткөндүгү жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө бир-бирине кабарлашат.
2. Ушул Макулдашуу аталган берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Макулдашуунун жоболору төмөнкү учурларда колдонулат:
(а) салык булагынан кармалган салыктарга карата бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан же биринчи январынан кийин төлөнгөн же эсепке алынган суммага; жана
(б) башка салыктарга карата - бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдын биринчи январында же андан кийин башталуучу салык салынуучу мезгилдер үчүн.
29-берене. Колдонулушун токтотуу
1. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин бири анын колдонулушун токтотуп койгонго чейинки мезгилде күчүндө кала берет. Макулдашуучу Мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан баштап беш жылдын өтүшү менен ар кандай календардык жылдын алты айдан кеч эмес мезгилде Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлап, Макулдашууну колдонууну токтотушу мүмкүн. Макулдашуунун күчү токтотулган учурлар:
(а) кабарлоо берилген календардык жылдын биринчи январында же андан кийин төлөнгөн же эсептелген суммаларга карата, салык булагынан алынуучу салыктарга;
(б) башка салыктар боюнча - кабарлоо берилген календардык жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан же андан кийинки күнү башталган салыктык мезгилдерге карата салыктарга.
МУНУ ЫРАСТОО ҮЧҮН, төмөндө кол койгондор, талаптагыдай ыйгарым укук берилгендер, ушул Макулдашууга кол коюшту.
201__- жылы "__" ______________ шаарында эки нускада, кыргыз, чех, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Чех Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
__________________________________ |
| __________________________________ |
(колу) |
| (колу) |