Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 22-апрели № 213
Шанхай кызматташтык уюмуна (мындан ары - ШКУ) мүчө мамлекеттердин саммитинин кезектеги - 2019 жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. ШКУ мүчө мамлекеттердин саммитинин кезектеги - 2019 жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штаб (мындан ары - оперативдүү штаб) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Оперативдүү штабга төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- ШКУ мүчө мамлекеттердин саммитинин кезектеги - 2019 жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу;
- ШКУ мүчө мамлекеттердин саммитинин кезектеги - 2019 жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын күчтөрүн жана каражаттарын координациялоо.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча) ШКУ мүчө мамлекеттердин саммитинин кезектеги - 2019 жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда оперативдүү штабга ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
ШКУ мүчө мамлекеттердин саммитинин кезектеги - 2019 жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штабдын КУРАМЫ
Разаков Жениш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, оперативдүү штабдын жетекчиси; |
Джунушалиев Кашкар Астаканович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, оперативдүү штабдын жетекчисинин орун басары; |
Кадыркулов Идрис Анарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, оперативдүү штабдын жетекчисинин орун басары; |
Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, оперативдүү штабдын жетекчисинин орун басары. |
Оперативдүү штабдын мүчөлөрү: | ||
Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Ахматов Калыс Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Шадыханов Калысбек Токтосунович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Ногойбаев Женишбек Ашимкулович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Абдрахманов Нурлан Асейинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Ибраев Акылбек Омукеевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Кирешеев Нурлан Исабекович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Исаков Курманбек Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мамасадыков Султан Алайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Нуралиев Таалайбек Молдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Карагул уулу Жакып | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы; |
Абдылдаев Сагынбек Токонович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары; |
Жусуев Болот Аманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Аширбаев Элкинбек Токтогонович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Жумадилов Марат Асанканович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальнигинин орун басары; |
Коомбаев Закир Казымкулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары; |
Сарпашев Рыспек Анакович | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Садыков Нурлан Маткасымович | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Абдыкаров Данияр Сатарбаевич | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун Авиациялык коопсуздук жана режим дирекциясынын директору (макулдашуу боюнча); |
Бейшекеев Замир Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө жана ыкчам издөө ишин көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын начальниги (макулдашуу боюнча). |