Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 6-майы № 124-б
2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколдун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга КОШУМЧА ПРОТОКОЛ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү,
Тараптардын ортосундагы достук байланышты жана өз ара түшүнүүнү чыңдоону жана күчөтүүнү каалап,
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди андан ары өнүктүрүү максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максат
Тараптар теңдик жана өз ара пайдалуу кызматташтык принциптерине негизденип, эки өлкөнүн жарандарынын бири-биринин аймагында болуу шарттарын жеңилдетүү үчүн жагымдуу шарттарды жакшыртууга жана чыңдоого умтулушат.
2-берене. Дин жана билим берүү иштери боюнча мамлекеттик органдар
1. Ар бир Тараптын дин жана билим берүү иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан дайындалган кызмат адамдары (мындан ары "кызмат адамдары" деп аталуучу) экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында иштөөгө уруксаттан төмөнкү учурларда бошотулат:
- кызмат адамдары жиберүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан дайындалат;
- жиберүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары мындай дайындоолор жөнүндө кабыл алуучу Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу алар дайындалганга чейин үч ай мурун маалымдашат;
- кызмат адамдары жарактуу дипломатиялык/кызматтык (Кыргыз Республикасы үчүн), дипломатиялык/расмий/кызматтык (Түркия Республикасы үчүн) паспорттордун ээлери болууга тийиш. Бул паспорттордун жарактуулук мөөнөтү дайындалган мезгилди камтууга тийиш;
- алардын болуу жана иштөө мөөнөтү алар дайындалган узактыктан, жалпысынан 5 жылдан ашпашы керек;
- кызмат адамдары кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында алар дайындалган максаттын алкагынан чыккан кандайдыр бир коммерциялык же башка иштерди жүргүзүүгө укуксуз;
- кызмат адамдары билим берүү мекемелерине, маданий же диний борборлорго жиберилүүгө тийиш, алардын тизмеси кабыл алуучу Тарап менен макулдашылат жана жиберүүчү Тараптын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилигинде иштешет.
2. Тараптар жыл сайын дипломатиялык каналдар аркылуу дайындалган кызмат адамдарынын тизмелерин алмашат. Дайындалган кызмат адамдарынын саны ар бир Тарап үчүн бир учурда 200 адамдан ашпоого жана календарлык жыл башталганга чейин жок дегенде 3 ай мурда дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптар алдын ала макулдашууга тийиш.
3. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй иштөөгө уруксаттардан бошотуу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык виза алуу зарылдыгынан бошотууга алып келбейт.
3-берене. Кызмат адамдарынын үй-бүлө мүчөлөрү
1. Кызмат адамдарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп жарактуу дипломатиялык/кызматтык (Кыргыз Республикасы үчүн), дипломатиялык/расмий/кызматтык (Түркия Республикасы үчүн) паспорттордун ээлери болгон жубайы жана кызмат адамдарынын багуусундагы никедеги эмес балдары эсептелет.
2. Тараптар кызмат адамдарынын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык тийиштүү визаларды же жашап турууга уруксатты берүүгө көмөк көрсөтүшөт.
3. Кызмат адамдарынын үй-бүлө мүчөлөрү, эгер кабыл алуучу Тараптын мыйзамдары менен уруксат берилбесе, кабыл алуучу Тараптын аймагында киреше алып келген иштерди жүргүзүүгө укуксуз.
4-берене. Кыргыз Республикасынын жарандары - бейтаптар
2014-жылдын 3-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында жыл сайын Түркия Республикасына келүүчү Кыргыз Республикасынын жарандары-бейтаптар жана ар бир бейтапты коштоп жүргөн эки адам, эгер Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ыйгарым укук берген компетенттүү медициналык мекеме дарылоо 90 күндөн узак болушу мүмкүн экендиги жөнүндө тийиштүү ырастоо берсе, жашап турууга уруксатка акы төлөөдөн бошотулушат.
5-берене. Кааланбаган адамдар
Тараптар кааланбаган деп санаган адамдардын кирүүсүнөн баш тартуу, ошондой эле мындай адамдардын болуусун кыскартуу же токтотуу укугун өзүндө калтырат.
6-берене. Мыйзамдарды сактоо
Эки Тараптын кызмат адамдары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын жарандары-бейтаптар жана аларды коштогон адамдар экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында болгон убакта Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын сактоого милдеттүү.
7-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
Ушул Кошумча протоколду чечмелөөдө же колдонууда келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет.
8-берене. Оңдоолор
Ушул Кошумча протокол Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча каалаган убакта өзгөртүлүшү мүмкүн. Оңдоолор ушул Кошумча протоколдун 9-беренесинде каралган ошондой эле укуктук жол-жобого ылайык күчүнө кирет.
9-берене. Күчүнө кирүүсү
1. Ушул Кошумча протокол Тараптар бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Кошумча протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон өздөрүнүн ички укуктук жол-жоболорунун аяктагандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган датадан тартып күчүнө кирет. Ушул Кошумча протокол 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана аталган Макулдашуу колдонулушу токтотулганга чейин күчүндө калат.
2. Ар бир Тарап ушул Кошумча протоколдун колдонулушун экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтүү менен каалаган убагында токтото алат. Бул учурда ушул Кошумча протоколдун колдонулушу мындай кабарлоону алган датадан тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин токтотулат.
2019-жылдын 7-майында Анкара шаарында, эки түп нускада, ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |