Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 4-майы № 316
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 1-августундагы № 332 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2018-жылдын 10-июлуна чейинки мөөнөттө уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын.";
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүү маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- ведомстволор аралык жумушчу топтун сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актыларынын долбоорлорун белгиленген тартипте демилгелесин жана аларды 2018-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.";
- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
"Тиркеме
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө карата сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Араев А.М. | - | Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Абдыкаров Д.С. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Тойчиев А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын кылмыш иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча сот коллегиясынын ишин камсыздоо башкармалыгынын консультанты (макулдашуу боюнча); |
Исманов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөөнү жана ыкчам-издөө ишин көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору (макулдашуу боюнча); |
Абдыбеков У.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Коомбаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын начальниги; |
Бердалиев К.Ч. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Раимбеков А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Токтоналиев А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын начальниги; |
Курманбеков А.У. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын коргоо жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы; |
Баетова А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Кадыров А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги; |
Мурзалиев С. | - | Бишкектеги ОБСЕнин Программалык офисинин аскердик-саясий маселелер боюнча бөлүмүнүн улук программалык ассистенти (макулдашуу боюнча); |
Ли А.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын уюштуруу жана укуктук иштер башкармалыгынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башкы инспектору; |
Бакиров Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын биринчи башкармалыгынын улук оперкызматкери; |
Саяков А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын ыкчам-издөө иштери кафедрасынын окутуучусу; |
Шералиев У.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын оперативдүү иштеринин мониторинги секторунун оперкызматкери; |
Дуйшенов С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын юридикалык бөлүмүнүн улук инспектору; |
Туратбек уулу А. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар, укук коргоо органдар жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Мамадеминов Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси. |