Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 21-майы № 143-б
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасы тарабынан 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасы тарабынан 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине киргизсин:
- 2019-жылдын 1-июлуна чейин - 2019-2022-жылдарга Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциянын жоболорун ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планынын долбоорун;
- 2019-жылдын 20-августуна чейин - коомдук турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндө майыптарды басмырлоону четтетүүгө жана каржылоо булактарын аныктоо менен республиканын шаарларында, райондорунда жана айылдарында жеткиликтүү инфратүзүмдөрдү түзүүгө багытталган "Жеткиликтүү өлкө" программасынын долбоорун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:
- 2019-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө - 2019-2022-жылдарга Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциянын жоболорун ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планынын долбоорун;
- 2019-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө - "Жеткиликтүү өлкө" программасынын долбоорун.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун уюштуруучулук-методикалык жана башка ишин камсыздоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасы тарабынан 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары; |
Бекешев Дастан Далабайевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Айдарбеков Чыңгыз Азаматович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Жеенбаева Бактыгүл Жаныбековна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Кудайбердиева Гүлмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Чолпонбаев Космосбек Сариевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; |
Абдиев Бактыбек Абышевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Алыбаева Жаңыл Ишенбековна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Ешходжаева Анарбүбү Сагынбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Кубатова Кульира Идрисовна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; |
Мамбеталиева Марьям Улушбековна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы; |
Камаева Айчүрөк Усенбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин актыларды иштеп чыгуунун жана экспертизадан өткөрүүнүн 2-башкармалыгынын социалдык мыйзамдар бөлүмүнүн башкы адиси; |
Мамбетова Салтанат Сталбековна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Убукеев Сеит Мелисович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 5-саясий департаментинин директору; |
Ибраев Талантбек Жекшенович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жолду көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги; |
Касымалы уулу Арсланбек | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин директорунун орун басары; |
Аскарбеков Марат Аскарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; |
Акматалиев Мирбек Акматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Шамеев Азамат Султанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; |
Маатказиев Кубанычбек Ишенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын улук эмгек инспектору; |
Касымбекова Салтанат Асаналиевна | - | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын социалдык-экономикалык жана маданий укуктарын коргоо бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча); |
Сүйүналиева Бурул Шаршеновна | - | Социалдык кызматтар боюнча эксперт (макулдашуу боюнча); |
Исаков Толкунбек Маматович | - | "Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү" коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Мамедзаде Мунир | - | БУУнун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы Балдар фонду Өкүлүнүн орун басары (макулдашуу боюнча); |
Исматова Чинара Сатыгуловна | - | Дүйнөлүк банктын долбоорун ишке ашыруу тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Сулайманбекова Салтанат Сагыналиевна | - | "Борбордук Азиядагы инклюзия" долбоорунун менеджери (макулдашуу боюнча); |
Буржубаев Темир Болотович | - | Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасынын эксперти (макулдашуу боюнча); |
Надирбекова Анара Айтбаевна | - | "Борбордук Азиядагы Евразия фонду" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Асангариев Мирбек Рысбекович | - | "Социалдык ишкерлер ассоциациясы" коомдук бирикмесинин уюштуруучусу (макулдашуу боюнча); |
Мукашов Эрмек Жайлообаевич | - | "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Садовое окуу-өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча); |
Бекешова Мэри Бейшенбековна | - | көз карандысыз медиа-эксперт (макулдашуу боюнча); |
Мусаева Асипа Мусаевна | - | "Майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармасынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Мураталиева Укей Калмуратовна | - | табигый мүмкүнчүлүктөрү чектелген кыздардын "Назик кыз" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Ташбаев Марат Абдыкалиевич | - | "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Дыйканбаева Сейнеп Рысбековна | - | "Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы" коомдук бирикмесинин юристи (макулдашуу боюнча); |
Казакунова Гүлмира Кантиевна | - | "Теңдик" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кыдыралиева Бакыта Амантуровна | - | Чүй облусунун аймактык адвокатурасынын юристи (макулдашуу боюнча); |
Жумабаева Нурхан Сатвалдиевна | - | "Диабетсиз балалык" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); |
Садыкова Жылдыз Сейтбековна | - | аутизм менен ооруган балдардын ата-энелеринин "Колдон колго" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |