Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 23-майы № 148-б
1. 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоцияциясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду (кредит 5918-KG, грант D147-KG) каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кепилдик фонду" ачык акционердик коому менен бирдикте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын долбооруна кол коюлган учурдан тартып Макулдашуунун 2-тиркемесинин I бөлүмүнүн С (1) пунктун ишке ашырууга киришсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
/расмий эмес котормо/
2019-ж. 1-марты
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
720040, Бишкек ш.,
Эркиндик бульвары, 58
Каржы Министрлиги
Каржы министри
Б.Ж.Жеенбаевага
Урматтуу жолдош Жеенбаева,
Кредит № 5918-KG Грант № D147-KG (Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу) Макулдашууну каржылоого № 1 оңдоо |
Бул менен жогорудагы долбоорго ("Долбоор"), 2017-жылдын 10-августунда Эл аралык өнүктүрүү ассоцияциясы ("Ассоцияция") менен Кыргыз Республикасы ("Алуучу") ортосундагы каржылоо жөнүндө Макулдашууга ("Макулдашуу") таянабыз.
Ошондой эле, сиздердин Макулдашууга Ассоцияциядан оңдоо киргизүүгө өтүнүчүңүз тууралуу 2018-жылдын 17-июлундагы жана 2019-жылдын 8-февралындагы каттарыңызга таянабыз. Жогоруда айтылгандарга ылайык, биз Макулдашуунун төмөнкү жоболоруна карата оңдоолорду киргизүүнү сунуштайбыз:
1. Макулдашуунун 1-тиркемесинин 1-бөлүгү киргизилген оңдоолору менен төмөнкүлөр тууралуу маалымдайт:
"1-бөлүк: Сүт секторунда мамлекеттик жана жеке кызматтарын жакшыртуу
Сүттүн сапатынын рынок стандартына жеткирүү жана кичи фермерлерден тандалып алынган сүт продукциясын кайра иштетүүчү ишканалары менен байланышын жакшыртууга жардам көрсөтүү максатында, кызматтарды көрсөтүүнүн системасын төмөнкүлөр аркылуу жакшыртуу: (а) сүттү чогултуу жана сүт чогултуу жабдууларды тапшырууга, муздатууга, сапатын текшерүүгө санариптик платформаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; (б) долбоорду ишке ашыруу зонасында эки жакын арада курулган аймактык лабораторияларды каражаттар менен камсыз кылуу аркылуу ветеринардык көзөмөлдү жана текшерүүнү жакшыртуу; (в) Долбоордун аймагында мөөнөтүнөн мурда көбөйтүү максатында жогорку сапаттагы уруктандыруу затын сатып алуу".
2. Макулдашуунун 2-тиркемесинин 1-бөлүгүнүн 0.1-пункту киргизилген оңдоолору менен төмөнкүлөр тууралуу маалымдайт:
"С. Субпроекттер
1. Алуучу, Кредит багытын башкаруу бөлүмү аркылуу (КБББ), жана КБББ "Кепилдик фонд" Ачык акционердик коомдун (ААК) жардамы менен Кайтарымдуу фонд тууралуу операциондук колдонмодо берилген, Ассоциацияга туура келген критерийлерге жана жол-жоболорго ылайык Карыз алуучу сүт өндүрүүчүлөрдүн тобуна (КСӨТ) же болбосо КСӨТ мүчөлөрүн жекече же болбосо алардын КСӨТтөрү аркылуу субкаржылоону камсыз кылуусу керек.
2. Макулдашуунун 2-тиркемесинин IV.А.2-бөлүгүнүн таблицасы толугу менен алынып салынды жана бул Макулдашуу-каттын тиркемесинде берилген таблица менен алмаштырылды.
3. Макулдашуунун толуктоосуна төмөнкү мазмуну менен жаңы № 26-пункт кошулду.
"26. "Кепилдик фонд" - бул негизги милдети болгон каржылоо каражаттарына ЧОИга камсыздоого мүмкүнчүлүк берүү жоопкерчилиги жүктөлүп жаткан Юстиция министрлигине катталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.06.2016-жылдын № 288-б токтомуна ылайык, ММБФнун 18.08.2016-жылдын № 395-П Чечими менен уюшулган "Кепилдик фонд" Ачык акционердик коомун билдирет.
Алуучунун атынан, кол жана датасын коюу менен, бул тиркелген Макулдашуу-каттын көчүрмөсүн кайрадан бизге тапшыруу менен, жогоруда белгиленгендерди ырастооңузду суранабыз. Ассоциация, бул каттын оңдоолору киргизилген, Сиз тараптан кол коюлган көчүрмөсүн алгандан кийин, бул Кат оңдоолору менен кол коюлган датадан кийин күчкө кирет.
Урматтоо менен, Лилия Бурунчук Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык директору
МАКУЛДАШЫЛДЫ
Кыргыз Республикасы
Кимден: ___________________________________________
Аты-жөнү: _________________________________________
Кызматы: __________________________________________
Датасы: ___________________________________________
|
| Тиркеме |
Категория | Бөлүнгөн Кредиттин суммасы (АКУ менен берилген) | Бөлүнгөн Гранттын суммасы (АКУ менен берилген) | Чыгымдарды каржылоого тийиштүү пайыз (анын ичинде салыктар) |
(1) Товарлар, иштер, кеңештик эмес кызмат көрсөтүүлөр, кеңешчилердин кызмат көрсөтүүлөрү, окутуу жана долбоор үчүн кошумча операциялык чыгымдар | 560,000 | 1,700,000 | 100% |
Долбоордун 3(а) бөлүмүнүн алкагында субкаржылоо | 1,440,000 | 0 | 100% |
ЖАЛПЫ СУММА | 2,000,000 | 1,700,000 |
|
Копиялар:
1. Нурбек Мурашевге, министр, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;
2. Мирлан Байгончоковго, министрдин орун басары, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги;
3. Төрөгул Бековго, директор, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору;
4. Бермет Мусакожоевага, директор, Кредит багытын башкаруу бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги;
5. Вернера Груберге, аткаруучу директор, Дүйнөлүк банк;
6. Катаржин Зайдель-Куровскаяга, аткаруучу директордун орун басары, Дүйнөлүк банк;
7. Сирил Присеттге, аткаруучу директордун улук кеңешчиси, Дүйнөлүк банк;
8. Чоробек Имашевге, аткаруучу директордун кеңешчиси, ЭВФ.