Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 8-майы № 127-б
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-июлундагы № 225-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалысын:
«Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар, жана байланыш мамлекеттик комитети «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жазылган транспорттун агымы, видеобайкоонун маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелеринин бузулгандыгы жөнүндө комплекстүү маалыматтарды автоматтык түрдө берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурс (мындан ары -конкурстар) жарыялоо үчүн мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун өткөрсүн.»;
-3-пунктунда:
экинчи абзацындагы «конкурстун» деген сөз «конкурстардын» деген сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине конкурстарды өткөрүү үчүн шарттарды жана өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн бюджеттик милдеттенмелерди (келишимдерди) каттоону камсыздасын;»;
алтынчы абзацындагы «конкурстук документтерди» деген сөздөр «конкурстардын документтерин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |