Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-майы № 173-б
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун бюджеттеринин эсебинен, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Джусупбекова Надира Сынташевна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору; |
Норузбаева Бактыгуль Шабдановна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана коммуникациялар департаментинин директору; |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Абдраимов Туйгунаалы Дуйшеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кузнецова Татьяна Анатольевна | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Турапов Керим Ырсалиевич | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору; |
Туляева Джамиля Сатыгуловна | - | Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору; |
Уракунова Жылдыз Имангазиевна | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Нуртазин Акан Аманбекович | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын көркөм жетекчиси; |
Токоев Иса Насыралиевич | - | "Чолпонбек Базарбаев атындагы коомдук фонд" башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Чолпонбек Базарбаевдин иниси (макулдашуу боюнча); |
Базарбаева Надежда Салчаковна | - | Чолпонбек Базарбаевдин жубайы (макулдашуу боюнча). |