Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-июну № 199-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигине (макулдашуу боюнча) принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" жана өзүнчө алганда "Тарап" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Монголиянын Өкмөтү,
1993-жылдын 10-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы Достук мамилелер жана кызматташуу жөнүндө келишимдин жоболорун жетекчиликке алып,
өз ара пайда көрүү максатында аскер тармагында кызматташууну бекемдөөгө умтулуп,
БУУнун Уставынын принциптерине жана Тараптардын мамлекеттеринин эл аралык милдеттенмелерине ылайык региондо, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү элдердин ортосунда коопсуздукту, туруктуулукту жана ишенимди камсыздоого салым кошууга бекем ниетти билдирип,
бул кызматташтык тең укуктуулуктун, эки жакка бирдейликтин жана өз ара пайдалуулуктун негизинде натыйжалуу, уюшкандыкта, максаттуу жана үзгүлтүксүз ишке ашырылуу керектигин таануу менен,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык төмөндөгү багыттар боюнча кызматташууга макулдашты:
1.1. Келишимдер жетишиле турган белгилүү багыттар боюнча эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтыкты, анын ичинде материалдык каражаттарды жана кызматтарды берүүнү камтыган маселелерди, ошондой эле аскердик техника жана комплектөөчү запастык бөлүктөр жана тетиктер менен байланышкан эки тараптуу долбоорлорду Тараптардын макулдашуусу боюнча өнүктүрүү.
1.2. Коргоо өнөр жайы багытында кызматташтыкты, анын ичинде коргоо өнөр жай мамлекеттик ишканаларынын ортосундагы ар түрдүү өз ара кызыкдар чөйрөлөрдө, анын ичинде технологияларды жана техникалык жардамды, окутууну, биргелешкен өндүрүштү жана үчүнчү мамлекеттерге экспортту камтыган багыттарда кызматташтыкты Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өнүктүрүү.
1.3. Аскердик илим жана технологиялар багытында маалымат алмашуу, окууга жиберүү, визит, өкүлдөрдү жиберишүү менен жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүү.
1.4. Аскердик багыттагы эки тараптуу кызматташтык Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын алкагында төмөнкүдөй жолдор менен өнүктүрүү:
а) Тараптардын коргоо ведомстволорунун өкүлдөрүнүн расмий жана жумушчу тартиптеги жолугушууларын өткөрүү;
б) тынчтыкты орнотуу ишинде тажрыйба алмашуу;
в) аскердик багытта өз ара кызыкчылыкты чагылдырган тажрыйба жана маалымат алмашуу;
г) аскердик билим берүү жана окутуу;
д) биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү;
е) аскердик инструкторлорду жана байкоочуларды өз ара жиберишүү;
ж) семинарларды, консультацияларды жана симпозиумдарды өткөрүү;
з) аскердик медицина жаатында тажрыйба алмашуу;
и) маданий жана спорттук иш-чараларга өз ара катышуу;
к) куралдануунун эски үлгүлөрүн жана багыты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз ок-дарыларды утилдештирүүдө тажрыйба алмашуу;
л) өз ара макулдашуу боюнча бардык башка чөйрөдө.
1.5. Саналган багыттарда кызматташуунун конкреттүү программаларын ишке ашыруу үчүн Тараптар башка өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жана макулдашууларды түзө алышат.
2-берене.
2.1. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары төмөнкүлөр:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы;
б) Монголиянын Өкмөтү тарабынан - Монголиянын Коргоо министрлиги.
3-берене.
3.1. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары аскердик кызматташтык планын ар жылдык негизде биргелешип иштеп чыгышат.
3.2. Кызматташтык программасы Тараптардын ортосунда дипломатиялык каналдар боюнча нота алмашуу жолу менен макулдашылат.
3.3. Аталган Макулдашуунун жоболорун контролдоону, жөнгө салууну жана аткарууну ишке ашыруу максатында Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тиешелүү өз ара пайдалуу программаларды түзүү үчүн мезгил-мезгили менен жолугушуп турат.
Өз ара макулдашуу боюнча Тараптардын жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында да, Монголиянын аймагында да өткөрүлүшү мүмкүн.
3.4. Жолугушуулардын күн тартиби, жолугушууларды өткөрүү боюнча уюштуруучулук жана административдик маселелер Тараптардын же ыйгарым укуктуу органдардын макулдашуусу боюнча чечилет.
3.5. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер макулдашылган протоколдук жазуу формасында же Тараптардын чечими боюнча протокол түзүлүүгө тийиш.
3.6. Тараптар тарабынан макулдашылган кызматташтык программаларын ишке ашыруу максатында, зарылдыкка жараша Тараптар жана алардын ыйгарым укуктуу органдары Тараптардын учурдагы милдеттенмелерине каршы келбеген өзүнчө келишимдерди жана макулдашууларды түзүшөт.
3.7. Аталган Макулдашуунун алкагында каралган иш-чараларды финансылык камсыздоо, ар бир конкреттүү учурда Тараптардын өз ара келишими боюнча чечилет.
4-берене.
4.1. Тараптар аталган Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган маалыматтарды сактоону камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшөт. Мындай маалыматтарды Тараптардын бири башка тараптын кызыкчылыгына каршы пайдаланбашы керек, ошондой эле экинчи Тараптын кат жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү Тарапка берилбеши керек.
4.2. Аскер багытындагы маалымат алмашуунун тартиби өзүнчө макулдашуулардын негизинде аныкталат.
5-берене.
Аталган Макулдашууну ишке ашыруу, эгерде мындай кызматташтык экинчи Тараптын кызыкчылыктарына зыян алып келбесе, Тараптардын биринин үчүнчү тарап менен аскер чөйрөсүндө кызматташуусуна тоскоолдук кылбайт.
6-берене.
6.1. Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап убактылуу колдонулат жана ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган күндөн баштап күчүнө кирет.
6.2. Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана бир Тарап ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу боюнча өзүнүн ниети тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө экинчи Тарап мындай кабарлоону алган күнгө чейин 6 (алты) ай мурда аны кабарламайынча, Макулдашуу ушул сыяктуу кийинки 5 жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
6.3. Ушул Макулдашууга Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана ушул берененин 1-абзацында белгиленген жол-жобого ылайык күчүнө кирет.
6.4. Аталган Макулдашуунун жоболорун чечмелөөнүн жана ишке ашыруунун натыйжасында Тараптар ортосунда пайда болгон ар кандай талаштар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынат.
20__-жылы "__" __________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, монгол жана орус тилдеринде даярдалды жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыкса, орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Монголиянын Өкмөтү үчүн |