Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 12-июну № 216-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу инвестициялык келишимдин (мындан ары - Келишим) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ЭКИ ТАРАПТУУ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЕЛИШИМ
Киришүү бөлүгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Индия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары өз-өзүнчө "Тарап" же биргелешип "Тараптар" деп аталат);
Тараптар ортосундагы чет өлкөлүк инвестициялар боюнча эки тараптуу кызматташууга дем берүүнү каалап; жана
Экинчи Тараптын аймагында бир Тараптын инвесторлорунун инвестицияларын колдоо жана коргоо өз ара пайдалуу ишке дем берүүгө, алардын ортосундагы экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүктүрүүнү колдоого көмөк көрсөтө тургандыгын таанып;
Тараптардын аймагында алардын укуктарын өздөрүнүн мыйзамдарына жана саясаттын милдеттерине ылайык ырастап;
Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
I-глава. Киришүү
1-берене. Аныктамалар
Ушул Келишимдин максаттары үчүн:
1.1. "Купуя маалымат" иштиктүү купуя маалыматты, башкача айтканда талашка катышуучу тараптын атаандаштык позициясы боюнча материалдык жоготууларга же пайдага же болбосо зыянга учуратышы ыктымал болгон коммерциялык, финансылык же техникалык маалыматты, ошондой эле жайылтууга жатпаган же Тараптын мыйзамдарына ылайык жайылтуудан кандайдыр бир ыкма менен корголгон маалыматты билдирет.
1.2. "Дайындалган өкүл" деген:
(i) Кыргыз Республикасы үчүн - инвестициялык саясат башкармалыгынын начальниги/инвестициялык саясат бөлүмүнүн башчысы/инвестициялык саясат бөлүмүнүн башкы адиси, Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
(ii) Индия үчүн, Катчы/Катчынын жардамчысы/Тең-катчы, Экономикалык маселелер боюнча департамент, Финансы министрлиги Индиянын Өкмөтү.
1.3. "Ишкана" деген:
(i) кандайдыр-бир Тараптын мыйзамдарына ылайык уюмдаштырылган, түзүлгөн жана иштеп жаткан юридикалык жак, анын ичинде каалагандай компания, корпорация, жоопкерчилиги чектелген коом же биргелешкен ишкана; ошондой эле
(ii) Тараптардын биринин аймагында анын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана ишкердик ишин жүргүзгөн ошол каалагандай жактын филиалы.
1.4. "Инвестициялар" капитал же башка ресурстар боюнча милдеттер, белгилүү бир мөөнөт, кирешенин же пайданы күтүү, инвестициялар аймагында жүзөгө ашырылган Тарапты өнүктүрүү үчүн тобокелдикти жана маанисин түшүнүү сыяктуу инвестициялардын мүнөздөмөсүнө ээ болгон ишканалардын активдерин эсепке алуу менен, аймагында инвестициялар жүзөгө ашырылган Тараптын мыйзамдарына ылайык инвестор тарабынан мыйзамдуу тартипте уюмдаштырылган, түзүлгөн жана башкарылган ишкана. Ишкана төмөнкүдөй активдерге ээ болушу мүмкүн:
а) ишкананын же башка ишкананын акциялары, баалуу кагаздары жана үлүштүк инструменттеринин башка формалары;
б) карыздык инструменттер же башка ишканалардын кепилдиктери;
в) башка ишканага кредит:
(i) ишкана инвестордун филиалы болсо, же
(ii) кредитти жоюунун алгачкы мөөнөтү үч жылдан кем эмес болсо;
г) Тараптын мыйзамдарына ылайык берилүүчү лицензиялар, уруксаттар, күбөлүктөр же ушуга окшош укуктар;
д) узак мөөнөттүү мүнөздөгү келишим боюнча берилүүчү укуктар, мисалы, Тараптын мыйзамдарына ылайык жаратылыш ресурстарын өнүктүрүү, казуу же эксплуатациялоо боюнча, же
е) интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспекттери боюнча ДСУнун макулдашуусунда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчикке укуктар, ошондой эле
ж) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жана ага тиешелүү укуктар;
з) олуттуу экономикалык ишти жана алардын негизинде ишкана маанилүү финансылык баалуулукту алууну камтыган ишкананын ар кандай башка кызыкчылыктары;
Мындан артык тактоо үчүн, инвестициялар өзүнө ишкананын төмөнкү активдерин камтыбайт:
(i) ишкананын же башка ишканадагы портфелдик инвестициялар;
(ii) мамлекет ээлик кылган же контролдогон, мамлекет же ишкана тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар же болбосо мамлекет ээлик кылган же контролдогон мамлекетке же ишканага кредиттер;
(iii) ишкананын негизги иши инвестиция жүзөгө ашырылган Тараптын аймагында башталганга чейин ишкананы киргизүү, уюмдаштыруу, сатып алуу же кеңейтүү боюнча эксплуатацияга бергенге чейинки ар кандай чыгымдар;
(iv) бир Тараптын аймагындагы жарандар же ишканалар тарабынан экинчи Тараптын аймагындагы ишканага карата товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү боюнча коммерциялык келишимдерден гана пайда болуучу акча каражаттары боюнча коюлган талаптары;
(v) гудвилл, бренддин наркы, рыноктун үлүшү же ушул сыяктуу материалдык эмес укуктар;
(vi) кандайдыр-бир коммерциялык бүтүм менен байланышкан кредитти узартуудан гана пайда болгон акча каражаттар боюнча талаптар;
(vii) буйрук же чечим же болбосо ар кандай соттук, административдик же арбитраждык териштирүү боюнча күчүнө кирген доо;
(viii) ушул Макулдашуунун инвестицияларынын аныктамаларында көрсөтүлгөн кызыкчылыктардын же операциялардын түрлөрүн камтыбаган акча каражаттар боюнча каалагандай башка талаптар.
1.5. "Инвестор" Тараптын жеке же юридикалык жагын түшүндүрөт, буга экинчи Тараптын аймагында инвестицияларды жүзөгө ашырган филиал же өкүлчүлүк кирбейт;
Ушул аныктаманын максаты үчүн "юридикалык жак" төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
а) экинчи Тараптын мыйзамдарына ылайык уюмдаштырылган, уюштурулган жана иштеп жаткан жана экинчи Тараптын аймагында негизги ишкер ишин жүргүзгөн юридикалык жак; же
б) экинчи Тараптын мыйзамдарына ылайык уюмдаштырылган, уюштурулган жана иштеп жаткан жана экинчи Тараптын жеке жагы же а) пунктчасында белгиленген юридикалык жак түз же кыйыр ээлик кылган же контролдогон юридикалык жак.
1.6. "Мыйзамдар" төмөнкүлөрдү камтыйт:
(i) Конституция жана ага ылайык кабыл алынган мыйзамдар/өткөрүп берилген мыйзамдар, мыйзамдар жана мыйзам алдындагы актылар, эрежелер жана жоболор, токтомдор;
(ii) Тараптардын аймагынын чегинде юридикалык күчкө ээ болгон соттордун, жөнгө салуучу органдардын, сот жана административдик мекемелердин чечимдери, токтомдору, буйруктары жана тескемелери.
1.7. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" төмөнкүлөрдү камтыйт:
(i) жергиликтүү шаардык башкаруунун органы, муниципалдык мекеме же айыл өкмөтү; же
(ii) жергиликтүү шаардык башкаруунун органы, муниципалдык түзүм же айыл өкмөтү ээлик кылган же контролдогон ишкана.
1.8. "Чаралар" мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды, эрежелерди, жол-жоболорду, чечимдерди, административдик аракеттерди, талаптарды же тажрыйбаны камтыйт, эрежелер жана ченемдик актылар, токтомдор, билдирүү, саясат, жетектөөчү принциптер, жол-жоболор, мезгили менен интерпретацияланган же модификацияланган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен мамлекеттин бийлигинин бардык деңгээлиндеги аткаруу аракеттери/административдик чаралар.
1.9. "Жеке жак" Тараптын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык анын жаранын билдирет. Кош жарандыкка же улуттук жакка ээ болгон жеке жак ал көпчүлүк учурда же дайыма жашаган өлкөнүн улуттук жагы же жараны болуп эсептелиши керек.
1.10. "ППТС факультативдик арбитраждык регламенти" 1992-жылдын 20-октябрындагы эки мамлекеттин ортосундагы талаштарды жөнгө салуу боюнча бейтарап сотунун Туруктуу палатасынын сунушталган эрежелерин билдирет.
1.11. "Инвестициялоо алдындагы иштер" термини инвестициялар ишке ашырылган, Тараптын мыйзамдарына ылайык инвестициялар ишке ашырылганга чейин инвестор же анын ишканасы тарабынан ишке ашырылган иштин бардык түрлөрүн камтыйт. Чет элдик капиталга карата тармактык чектөөлөрдү, ошондой эле ишке ашырылган инвестициялар "инвестициялоо алдындагы иштер" маанисине туш келген конкреттүү секторлордо Тараптын аймагында уруксат берилген каалаган мыйзамдарга ылайык башка чектөөлөрдү жана шарттарды сактоо менен инвестор же анын инвестициялары менен ишке ашырылган каалаган иш.
1.12. "Жергиликтүү деңгээлдеги өкмөт" Кыргыз Республикасына карата: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды, ал эми Индия Республикасына карата: Штаттын же Бириккен Аймактын Өкмөтүн билдирет.
1.13. "Аймак" төмөнкүлөрдү билдирет:
(i) Кыргыз Республикасына карата: Кыргыз Республикасынын аймагын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык укуктарга ылайык аларга карата Кыргыз Республикасы эгемендүү укукту жана юрисдикцияны ишке ашырган жерлер, ички суулар, жер казынасы жана аба мейкиндиги.
(ii) Индияга карата: Индиянын Конституциясына ылайык Индия Республикасынын аймагын, анын ичинде өзүнүн мыйзамдарына жана Бириккен Улуттар Уюмунун 1982-жылдагы Деңиз жана эл аралык укук боюнча конвенциясына ылайык Индия Республикасын эгемендүүлүккө, эгемендүү укуктарга же өзгөчө юрисдикцияга ээ болгон анын аймактык суулары жана анын үстүндөгү аба мейкиндиги жана башка деңиз зоналары, анын ичинде Атайын экономикалык зона жана континенталдык шельф.
1.14. "ДСУ келишими" 1994-жылдын 15-апрелинде Марракеш шаарында түзүлгөн Дүйнөлүк Соода Уюмун уюмдаштыруу жөнүндө Марракеш Келишимин билдирет.
1.15. Ушул Келишимдин тиркемелери жана эскертүүлөрү ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Келишимдеги башка жоболор сыяктуу бирдей күчкө ээ болушу керек.
2-берене. Колдонуу чөйрөсү жана негизги жоболор
2.1. Ушул Келишим өзүнүн аймагында экинчи Тараптын инвесторунун инвестицияларына карата Тараптар тарабынан кабыл алынган же корголгон, ушул Келишим күчүнө кирген учурда бар болгон же ишке ашырылган, ээ болгон же кеңейтилген жана өзүнүн мыйзамдарына, эрежелерине жана саясатына ылайык Тараптар тарабынан таанылган, зарылчылыкка жараша колдонулган чараларга карата пайдаланылат.
2.2. Ушул Келишимдин III главасынын жоболоруна ылайык ушул Келишимдеги эч бир нерсе кандай гана болбосун инвестицияларды түзүүгө сатып алууга же кеңейтүүгө байланыштуу инвестиция алдындагы ишке же мындан инвестиция алдындагы ишке байланыштуу кандай гана болбосун чарага, анын ичинде мындай инвестицияларды башкаруу, уюштуруу, колдонуу, сатуу же башкача ээликтен ажыратуу боюнча инвестиция алдындагы ишке колдонулушу улантылган чаранын алкагындагы мөөнөттөргө жана шарттарга карата колдонулбайт.
2.3. Ушул Келишим ал күчүнө киргенге чейин болуп өткөн окуялардан же берилген дооматтардан келип чыккан талаптарга карата колдонулбайт.
2.4. Ушул Келишим төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
(i) жергиликтүү бийлик органдарынын башка чараларына;
(ii) кандай гана болбосун мыйзамга же салык салуу жаатындагы чарага, анын ичинде салык милдеттеринин сакталышын камсыз кылуу үчүн көрүлгөн чараларга.
Кыйла артык тактоо үчүн, инвестициялар ишке ашырылган мамлекет аракеттер ушул Келишим боюнча анын милдеттерин бузду жана салык салуу маселесине тийиштүү деп болжолдуу чечим чыгарса, анда ушул мамлекеттин мындай чечими арбитраждык териштирүүгө чейин же башталгандан кийин болгонуна карабастан, сот тартибинде каралбашы керек жана мындай чечимди кароо максатында арбитраждык сот үчүн ачылбай тургандыгы такталат.
(iii) интеллектуалдык менчиктин укуктарына карата берилген милдеттүү лицензияларды берүүгө же интеллектуалдык менчик укуктарын жокко чыгаруу, чектөө же түзүү, бул берүү, жокко чыгаруу, чектөө же түзүү ДСУ Макулдашуусунун алкагында Тараптардын эл аралык милдеттерине шайкеш келген даражада;
(iv) Тараптардын мамлекеттик сатып алууларына;
(v) Тараптарга берилген субсидияларга же гранттарга;
(vi) Тийиштүү орган же тараптын органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында берилген кызматтарга. Ушул жобонун максаттары үчүн мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында көрсөтүлгөн кызмат коммерциялык негизде берилбеген кандай гана болбосун кызматты билдирет.
II-глава. Тараптардын милдеттери
3-берене. Инвестициялоо режими
3.1. Тараптардын бири дагы, экинчи Тараптын инвесторлору ишке ашырган инвестицияларды, төмөнкүлөр аркылуу жалпы таанылган эл аралык укукту(1) бузган чараларга дуушар кылбайт:
(i) кандай гана болбосун соттук же административдик териштирүүнүн жүрүшүндө баш тартуу; же
(ii) тийиштүү укуктук жол-жобону кыйла бузуу; же
(iii) жынысы, расасы же диний көз караштары сыяктуу негизсиз себептер боюнча максаттуу басмырлоо; же
(iv) мажбурлоо, басынтуу, кысуу сыяктуу ырайымсыз мамиле.
3.2. Тараптардын ар бири өзүнүн аймагында экинчи Тараптын инвестицияларына жана инвесторлоруна алардын инвестицияларына карата коопсуздукту жана толук коргоону сунуштайт. Толугураак тактык үчүн "толук коргоо жана коопсуздук" жалпысынан алганда кандай гана болбосун башка милдеттенмеге эмес, экинчи Тараптын инвесторлору ишке ашырган инвестициялардын жана инвесторлордун коопсуздугуна тийиштүү ата мекендик инвесторлорго жана алардын инвестицияларына кандай сунушталса чет өлкөлүк инвесторлорго жана алардын инвестицияларына ушундай эле деңгээлдеги коопсуздукту камсыздоого милдеттүү.
3.3. Ушул Келишимдин же өзүнчө эл аралык келишимдин жобосунун бузулгандыгын аныктоо ушул Берененин жоболору бузулгандыгын белгилебейт.
3.4. Ушул Берененин шартталган бузуусун кароодо, инвестор же шарттарга жараша уюмдаштырылган жергиликтүү ишкана ушул Келишим боюнча доону койгонго чейин улуттук же арбитраждык сотторго кайрылууга чейин укуктук коргоо боюнча аракеттерди көргөндүгүн сот көңүлгө алышы керек.
4-берене Улуттук режим
4.1. Тараптардын ар бири экинчи Тараптын инвесторлоруна же инвесторлору ишке ашырган инвестицияга карата ушуга окшош жагдайларда өзүнүн инвесторлоруна же мындай инвесторлордун инвестицияларына карата өзүнүн аймагында инвестицияларды башкарууга, уюштурууга, пайдаланууга, сатууга же башкача ээликтен ажыратууга берген жагымдуу режимден кыйла жагымсыз режимди берген чараларды2 колдонбошу керек.
4.2. Тараптар тарабынан 4.1-беренеге ылайык жергиликтүү деңгээлдеги өкмөткө карата берилген режим, ушуга окшош жагдайларда өкмөттүн ушундай жергиликтүү деңгээли тарабынан инвесторлорго, ошондой эле анын бөлүгү болуп саналган Тараптын инвесторлорунун инвестицияларына берилген режимден кыйла жагымсыз режимди билдирбейт.
5-берене. Экспроприация
5.1. Тараптардын бири дагы тийиштүү укуктук жол-жобого ылайык жана талаптагыдай компенсация(3) төлөө менен коомдук кызыкчылыктардан тышкары, экспроприацияга эквиваленттүү натыйжасы бар чаралар аркылуу же түз эле экинчи Тараптын инвесторлорунун инвестицияларын менчиктештирбеши же экспроприациялабашы керек (мындан ары "экспроприация"). Мындай компенсация талаптагыдай болуп, жок эле дегенде, экспроприация кылынган инвестициялардын объективдүү рыноктук наркына барабар болушу керек жана алдын-ала белгилүү болгон экспроприациядан улам наркындагы болуп жаткан кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү чагылдырбашы керек. Баалоо критерийлери иштеп жаткан ишкананын наркын, активдердин наркын, анын ичинде материалдык мүлктүн декларацияланган салыктык наркын, ошондой эле зарыл болгон учурда адилеттүү рыноктук наркын аныктоо үчүн башка критерийлерди камтышы керек.
5.2. Компенсациялар эркин конвертацияланган валютада төлөнүп берилүүгө тийиш. Компенсацияларды төлөп берүү боюнча пайыздар, бул колдонулган учурда, экспроприация датасынан иш жүзүндөгү төлөмдүн датасына чейин коммерциялык жактан негизделген ставка боюнча жөнөкөй пайыздар катары төлөнүшү керек. Төлөө жагында, компенсация ушул Келишимдин 6-беренесине ылайык эркин берилиши керек.
5.3. Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө өздөрүнүн жалпы түшүнүгүн билдиришет:
а) Экспроприация түз жана кыйыр болушу мүмкүн:
(i) түз экспроприация инвестициялар мамлекеттештирилгенде же ээлик кылуу же түз ээлеп алуу укугунун формалдуу түрдө өтүшү аркылуу түз экспроприацияланганда болот; ошондой эле
(ii) кыйыр экспроприация, Тараптын чарасы же бир катар чаралары түз экспроприацияга эквиваленттүү натыйжага ээ болгондо орун алат, ал өзүнүн инвестицияларында менчиктин негизги атрибуттарынан инвесторду толугу менен же кандайдыр бир даражада ажыратат, анын ичинде менчик укугун формалдуу түрдө өткөрүүсүз же түз ээлеп алуусуз өзүнүн инвестицияларын колдонуу, ээлик кылуу жана башкаруу укугу.
б) чара же бир катар чаралар экспроприацияга эквиваленттүү натыйжасы бар экендигин аныктоо кээ бир учурларга жараша фактыларга негизделген сурамды талап кылат, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
(i) чаранын же бир катар чаралардын экономикалык натыйжасын, Тараптын чарасы же бир катар чаралары инвестициялардын экономикалык баалуулугуна терс натыйжа берген өз алдынча фактылар болсо дагы, кыйыр экспроприациянын орун алышын белгилебейт.
(ii) Тараптын чарасынын же бир катар чараларынын узактыгын;
(iii) чаранын же бир катар чаралардын мүнөздөрүн, тактап айтканда алардын максаттарын, контекстин жана ниеттерин; жана
(iv) Тараптын чарасы контракт, лицензия же башка юридикалык документ боюнча инвестордун алдындагы Тараптын милдеттүү жазуу жүзүндөгү мурдагы милдеттерин бузбагандыгын.
5.4. Күмөндөрдү пайда кылбоо үчүн Тараптар өзүнүн коммерциялык потенциалынын алкагында көргөн чаралары экспроприация же ушуга окшогон натыйжасы болгон ар кандай башка чара эмес экендигине макул болушат.
5.5. Коомдук саламаттык сактоо, коопсуздук жана курчап турган чөйрө сыяктуу коомдук максаттар үчүн мыйзамдуу коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн иштелип чыккан жана колдонулган, Тараптардын жөнгө сала турган басмырлабоочу чаралары же Тараптардын сот органдарынын чаралары же чечимдери ушул Беренеге ылайык экспроприация болуп саналбайт.
5.6. Ушул берененин болжолдуу бузулганын кароодо инвестор же, жагдайларга жараша, уюшулган жергиликтүү ишкана ушул Келишим боюнча доо коюуга чейин, улуттук же арбитраж сотторго кайрылганга чейин укуктук коргоо боюнча аракеттерди көргөндүгүн сот эске алышы керек.
6-берене. Которуулар
6.1. Тараптардын ар бири өзүнүн мыйзамдарына ылайык, анын аймагында инвестицияларга байланыштуу экинчи Тараптын инвесторунун бардык каражаттары басмырлабоочу негизде эркин которулушуна уруксат бериши керек. Мындай каражаттар өздөрүнө төмөнкүлөрдү камтый алат:
(i) капиталга төгүмдөрдү;
(ii) пайда, дивиденддер, инвестицияларды толугу менен же бир бөлүгүн сатуудан же инвестицияларды толугу менен же жарым-жартылай жоюудан капиталдын жана пайданын өсүшүн;
(iii) пайыздарды, роялти төлөмүн, башкаруу үчүн акыны, ошондой эле техникалык жардамды жана башка төлөмдөрдү;
(iv) келишимге, анын ичинде кредиттик келишимге ылайык ишке ашырылган төлөмдөрдү;
(v) 5-беренеге (Экспроприация), 7-беренеге (зыяндардын ордун толтуруу) жана IV главага ылайык ишке ашырылган төлөмдөрдү.
6.2. Тараптардын ортосунда башкасы макулдашылбаса, ушул берененин 6.1-пунктуна ылайык валюталарды которуу алгачкы инвестициялардын валютасында же каалаган башка конвертацияланган валютада жол берилет. Мындай которуу ошол которуу датасына рыноктук алмашуунун эң чоң курсу боюнча жүргүзүлөт.
6.3. Ушул Келишимдеги эч бир нерсе төмөнкүлөргө тийиштүү аракеттери кошо алганда, өзүнүн мыйзамдарын ак ниеттүү колдонуу менен которууну чектөөдө же болтурбоодо Тарапка жолтоо болбошу керек:
(i) банкроттук, кудуретсиздик же кредиторлордун укуктарын коргоо;
(ii) сот, арбитраж же административдик токтомдорду жана чечимдерди аткаруу;
(iii) эмгек милдеттенмелерин сактоо;
(iv) финансылык отчёттуулук же укук коргоо органдарына же финансылык жөнгө салуучу органдарга жардам көрсөтүү зарыл болгондо которууларды эсепке алуу;
(v) баалуу кагаздарды, фьючерстерди, опциондорду же деривативдерди берүү, соода жүргүзүү же жүгүртүү;
(vi) салык салуу маселелери боюнча мыйзамдарды сактоо;
(vii) криминалдык же кылмыш иштери жана кылмыш жолу менен алынган кирешелердин ордун толтуруу;
(viii) социалдык камсыздоо, пенсияга чыгуу же аманаттардын милдеттүү схемалары, анын ичинде аманат фонддору, пенсиялык төлөмдүн программалары жана кызматкерлерди камсыздандыруу программасы;
(ix) кызматчылардын жөлөк пулу;
(х) каттоону талап кылуу жана Тараптардын Борбордук банкы жана башка тийиштүү органдары киргизген башка формалдуулуктарды сактоо; ошондой эле
(хi) Индиянын түз чет элдик инвестициялар саясатында каралгандай Индияда алгачкы капиталдык салымдарды кармап туруу жөнүндө талап, эгерде зарыл болсо инвестицияларды кармап туруу мезгилин талап кылган ар кыл жаңы чара орун алган учурда, алар учурдагы инвестицияларга карата колдонулбайт.
6.4. Ушул берененин 6.1. жана 6.2-пункттарына карабастан, Тараптар төлөм балансы үчүн олуттуу проблемалар жана коркунучтар болгон учурларда же өзгөчө учурларда капиталдын кыймылы макроэкономикалык жөнгө салуу, тактап айтканда акча-кредиттик жана курстук саясат үчүн олуттуу проблемаларды же коркунуч алып келген учурларда Тараптар которууларды убактылуу чектеши мүмкүн.
7-берене. Чыгымдардын ордун толтуруу
Тараптардын ар бири экинчи Тараптын инвесторлоруна жана мындай инвесторлордун инвестицияларына өзүнүн аймагында согуштун же башка куралдуу жаңжалдын, жарандык толкундануулардын, мамлекеттеги өзгөчө абалдын же табигый кырсыктардын натыйжасында инвестициялардын тарткан зыянына карата кабыл алган же сактаган реституцияны, ордун толтурууну, компенсациялоону же башка жөнгө салууну кошо алганда башка чараларга карата басмырлабоочу режимди берүүгө тийиш.
8-берене. Суброгация
8.1. Эгерде Тараптардын бири же ал дайындаган орган инвестицияларга карата күчүнө кирген кепилдик же камсыздандыруу келишими боюнча анын инвесторунун бирине төлөм жүргүзсө, анда экинчи Тарап мындай Тарапка же органга карата инвесторго таандык болгон кандайдыр бир укукка же ыйгарым укукка суброгациянын аныктыгын таанышы керек.
8.2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык инвестордун укугу боюнча суброгацияны ишке ашырган Тарап же ал дайындаган орган, инвестицияларга карата инвестордукундай эле укуктарга ушундай эле шарттарда ээ болушат. Мындай укуктар, эгерде Тарап же кайсыл бир орган ага ыйгарым укук берсе, Тарап же анын ыйгарым укуктуу органы тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн.
9-берене. Персоналдык келүүсү жана болуусу
9.1. Тараптардын ар бири жарандардын кирүүсүнө жана болуусуна тийиштүү анын мыйзамдарын эске алуу менен жана эки жакка тең болгон негизде инвестор же уюшулган жергиликтүү ишкана жалдап алган экинчи Тараптын жеке жактарына инвестицияларга байланыштуу ишине кошо тартуу максаты менен өзүнүн аймагына кирүүгө жана болууга уруксат бериши керек.
9.2. Ушул берененин максаттары үчүн "экинчи Тараптын жеке жагы" жеке жакты билдирет, ал ушул экинчи Тараптын аймагында же башка жерде жашайт жана ушул экинчи Тараптын мыйзамдарына ылайык:
(i) ушул экинчи Тараптын жараны болуп саналат; же
(ii) ушул экинчи Тарапта туруктуу жашоо укугуна ээ болот, кызмат көрсөтүүнү сатууга тиешелүү чаралар боюнча өзүнүн жарандарына сунуштаган режимди ушул экинчи Тарап туруктуу тургандарга да сунуштаган шарттарда, Тараптардын ортосунда түзүлгөн ушул Келишимдин же кызмат көрсөтүүнү сатуу боюнча каалаган эки тараптуу же көп тараптуу келишим күчүнө киргенден кийин бул тууралуу кабарлайт. Мындай кабарлоо ушул экинчи Тарап өзүнүн жарандарына карата тарткан ушундай эле милдеттерди туруктуу тургандарга карата өзүнүн мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык кабыл алуу жөнүндө күбөлөндүрүүнү камтыйт. Тактоо максатында, Тараптардын бири дагы мындай же туруктуу тургундарга ушул Экинчи тарап менен сунушталышы мүмкүн болгондон айрыкча жагымдуу режимди экинчи Тараптын туруктуу тургундарына берүүгө милдеттүү эмес.
10-берене. Ачык-айкындык
10.1. Тараптардын ар бири мүмкүн болушунча ушул келишим менен жөнгө салынган кайсыл бир маселелерге карата жалпы колдонуудагы өзүнүн мыйзамдарын, эрежелерин, жол-жоболорун жана административдик эрежелерин өз убагында жарыялоону камсыздайт, же экинчи Тараптын кызыкдар жактарына тааныштыруу максатында алардын жеткиликтүүлүгүн башка ыкма менен камсыз кылат.
10.2. Тараптардын ар бири өзүнүн мыйзамдарында жана эрежелеринде каралгандай, төмөнкүлөрдү кылышы керек:
(i) кабыл алынышы пландалган кандайдыр бир чараларды жарыялоого; ошондой эле
(ii) кызыкдар жактарга жана экинчи Тарапка мындай пландалган чаралар боюнча комментарийлерди киргизүү боюнча тийиштүү мүмкүнчүлүктү берүүгө.
10.3. Тараптардын ар бири экинчи Тараптын суроо-талабына ылайык спецификалуу маселелер боюнча өз убагында жооп берүүгө жана ушул Келишимдин 10.1-беренесинде аталган маселелерге карата экинчи Тарапка маалымат берүүгө.
10.4. Ушул Келишимдеги эч бир нерсе мамлекеттик жана жеке юридикалык жактардын мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтириши же коомдук кызыкчылыктарга каршы келиши мүмкүн болгон же анын ачылышы мыйзамдын күчүнө киришине жолтоо боло турган купуя маалыматты берүүгө же ошол маалыматка жетүүгө уруксат берүү үчүн Тарапка талап болбошу керек.
III глава. Инвестордун милдеттери
11-берене. Мыйзамдардын сакталышы
Тараптар төмөнкүлөрдү ырастайт жана тааныйт:
(i) инвесторлор жана алардын инвестициялары инвестицияларды уюштуруу, сатып алуу, башкаруу, пайдаланууга берүү жана ээликтен ажыратууга тийиштүү болгон Тараптын мыйзамдарына, эрежелерине, административдик тартиптерине жана саясатына шайкеш келүүгө тийиш;
(ii) инвестицияларды түзүүнүн алдында жана андан кийин инвесторлор жана алардын инвестициялары Тараптын мамлекеттик кызматчысына же кызмат адамына расмий документти чыгаруу же башка туура эмес артыкчылыкты алуу же сактоо максатында аракеттенгени же кечиргендиги үчүн дем берүү же сый акы берүү катарында сунуштарды киргизиши, кепилдик бериши же кандайдыр бир материалдык пайданы, сый акыларды же белектерди түз же кыйыр түрдө бербеши керек жана мындай аракеттерди жасоо максатында араздашууларды тутантууга, ага жардамдашууга, азгырууга же көмүскө бүтүм жасоого аралашпашы керек;
(iii) инвесторлор жана алардын инвестициялары Тараптардын салык салуу, анын ичинен салыктык милдеттерди өз убагында төлөөгө байланыштуу мыйзамдарынын жоболоруна шайкеш келиши керек.
(iv) инвестор талаш инвестицияларына, ошондой эле корпоративдик баянына жана инвестордун практикасына байланыштуу Тараптын суроо-талабы боюнча ушул инвестицияларга карата чечимдерди кабыл алуу максатында же жалаң статистикалык максатта мындай маалыматтарды бериш керек.
12-берене. Корпоративдик социалдык жоопкерчилик
Инвесторлор жана ар бир Тараптын өз аймагынын чегинде иштеген алардын ишканалары эл аралык болуп таанылган корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин стандарттарын өзүнүн практикасына жана Тараптар жактырган жана коргоого алган принциптер жөнүндө жоболор сыяктуу ички саясатына ыктыярдуу киргизгенге аракет кылышы керек. Бул принциптерде эмгек, курчап турган чөйрө, адам укугу, коомдук мамилелер жана коррупция менен күрөшүү сыяктуу маселелер каралышы мүмкүн.
IV глава. Инвестор менен Тараптын ортосундагы талаштарды жөнгө салуу
13-берене. Колдонуу чөйрөсү жана аныктамалар
13.1. Тараптардын укуктарына жана милдеттерине зыян келтирбестен V главага ылайык бул Глава инвестор менен жооп берүүчү - Тараптын ортосундагы талаптарды жөнгө салуу механизмин белгилейт.
13.2. Ушул Глава Тарап менен башка Тараптын инвесторунун ортосундагы ушул Келишимдин II главасына ылайык Тараптардын бирөөсүнүн милдеттерди бузуу болжолунан улам келип чыккан өзүнүн инвестицияларына карата болгон талашка карата гана колдонулат, буга ушул Келишимдин 9 жана 10-беренелерине ылайык милдеттер кирбейт.
13.3. Ушул Главага ылайык уюшулган сот Тарап менен инвестордун ортосундагы келишимдин бузгандыгынан улам гана пайда болуучу талаштар боюнча эмес, ушул Келишимдин 9 жана 10-беренелерин кошпогондо, II главада баяндалган ушул Келишимдин жоболорун бузууга карата доолор боюнча гана чечим чыгарышы керек. Мындай талаштар улуттук соттор аркылуу гана же тийиштүү келишимде баяндалган талаштарды чечүү жөнүндө жоболорго ылайык чечилет.
13.4. Эгерде инвестициялар атайын адаштыруу, жаап-жашыруу, коррупция, акчаларды адалдоо же процесске кыянаттык келтирүү жүрүм-туруму же ушундай мыйзамсыз механизмдер аркылуу жүзөгө ашырылган болсо, Инвестор ушул Главага ылайык сотко доо арыз бере алат.
13.5. Анын юрисдикциясы боюнча башка чектөөлөргө толуктоо катары ушул Главага ылайык уюшулган соттун төмөнкүлөргө юрисдикциясы жок:
(i) Тараптардын сот органдары тарабынан чыгарылган чечимдеринин артыкчылыгын карап чыгууга; же
(ii) V главага ылайык арбитраждык териштирүүнүн предмети болгон же болуп жаткан ар кандай талаптарга карата юрисдикцияны кабыл алууга.
13.6. Инвестор менен Тараптын ортосундагы талаш ушул Главага ылайык ирээттүү каралууга тийиш.
13.7. Ушул Главанын максаттары үчүн:
(i) "Жооп берүүчү-Тарап" ушул беренеге ылайык доо коюлган Тарапты билдирет;
(ii) "Талаптын тарабы" Жооп берүүчү-Тарапты же талашка катышкан инвесторду билдирет;
(iii) "Талаш Тараптары" талашка катышкан инвесторду жана Жооп берүүчү-Тарапты билдирет;
(iv) "Талашка катышкан инвестор" өзүнүн атынан башка Тарапка карата доо берген Тараптын инвесторун билдирет жана зарыл болгон учурда уюшулган жергиликтүү ишкананын атынан доо берип жаткан Тараптын инвесторун камтыйт;
(v) "ИТЖЭБ" Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборду билдирет;
(vi) "ИТЖЭБдин талаштарды чечүүнүн кошумча эрежелери" Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборунун катчылыгы тарабынан административдик териштирүүлөр үчүн Кошумча механизмин жөнгө салуу боюнча эрежелерин билдирет;
(vii) "ИТЖЭБ Конвенциясы" 1965-жылдын 18-мартында Вашингтондо кол коюлган мамлекеттер менен чет өлкөлүк жактардын ортосундагы инвестициялык талаштарды чечүү тартиби жөнүндө Конвенцияны түшүндүрөт;
(viii) "Нью-Йорк Конвенциясы" Бириккен Улуттар Уюмунун 1958-жылдын 10-июнунда Нью-Йоркто кол коюлган чет өлкөлүк арбитраждык чечимдерди таануу жана аткарууга келтирүү жөнүндө Конвенциясын билдирет;
(ix) "Талашка катышпаган Тарап" ушул Келишим боюнча ушул Келишимдин IV главасына ылайык талаштын тарабы болуп саналбаган ушул Келишим боюнча Тарапты билдирет;
(х) "ЮНСИТРАЛдын арбитраждык регламенти" Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык соода укугу боюнча Комиссиясынын арбитражынын эрежелерин билдирет.
14-берене. Ар кандай эл аралык макулдашуулардын алкагындагы териштирүүлөр
14.1. Эгерде доолор ушул Главага жана башка эл аралык келишимдерге ылайык берилсе жана ошону менен:
а) компенсацияларды жабуу үчүн потенциалы бар болсо; же
б) башка эл аралык талаптар ушул Главага ылайык берилген доо боюнча жөнгө салууга олутту таасир берсе, анда
ушул Главага ылайык түзүлгөн сот талашкан тараптардын угуулары өткөрүлгөндөн кийин болушунча кыска мөөнөттүн ичинде бардык өзүнүн териштирүүлөрүн токтотуп турууга же териштирүү башка эл аралык келишимдерге ылайык өзүнүн токтомун, буйругун же чечимин чыгарууда көңүлгө алына тургандыгын башкача жол менен камсыздоого тийиш.
15-берене. Арбитражга талаптарды коюу үчүн алдын ала шарттар
15.1. Ушул Келишимдин 9 жана 10-беренелеринде аталган милдеттенмелерден сырткары, Жооп берүүчү тарап II Главага ылайык милдеттенмелерди бузгандыгы жөнүндө талап боюнча талашка катышкан инвестор ушул Келишимди бузгандыгы жөнүндө талап коюлуучу ушундай эле чараларга же ушул сыяктуу анык иштерге карата укуктук коргоонун улуттук каражаттарын ишке ашыруу максатында алгач өзүнүн талаптарын тиешелүү улуттук сотторго же Жооп берүүчү тараптын административдик органдарына берүүгө тийиш. Мындай талаптар тиешелүү улуттук сотторго же Жооп берүүчү тараптын административдик органдарына берилгенге чейин инвестор талаш чаралар жөнүндө жана инвестициянын натыйжасында же өзүнүн инвестициясына карата инвестор зыян же чыгым тарткандыгы жөнүндө маалыматты алган же алууга тийиш болгон датадан тартып бир (1) жылдын ичинде берилиши керек.
Мамлекеттик ички укуктук коргоонун бардык каражаттарын пайдалануу боюнча милдеттенмелердин шайкештигин ырастоодо тактык үчүн инвестор мамлекеттик ички укуктук коргоонун бардык каражаттарын пайдалануу боюнча милдеттенмелер колдонулбайт же талап ушул Келишимге ылайык үчүнчү тараптын талабы болуп саналат же башка себептерге тиешелүү деген негизде жетишилген жок деп билдирбеши керек.
Бирок инвестор же уюшулган жергиликтүү ишкана ушул Келишимдин бузулушу жөнүндө инвестор коюп жаткан талаптар боюнча ошол эле чараларга же ушул сыяктуу иштерге карата негиз болуучу кандайдыр бир жардам көрсөтө алуучу укуктук коргоонун ички каражаттары жок экендигин далилдей алган учурда укуктук коргоонун бардык ички каражаттарын пайдалануу жөнүндө талап колдонулбайт.
15.2. Эгерде зарылдыгына жараша ички териштирүүнүн алкагында укуктук коргоонун бардык укуктук жана административдик чаралары колдонулгандан кийин инвестор талаш чаралар жөнүндө алгачкы жолу кабар алган күндөн тартып кеминде беш жылдын ичинде канааттандыраарлык жөнгө салууну ала албаса, анда инвестор Жооп берүүчү тарапка талаш тууралуу кабарлоо жиберүү аркылуу ушул Главага ылайык жол-жоболорду баштай алат.
15.3. Талаш жөнүндө кабарлоодо төмөнкүлөр көрсөтүлөт: талашка катышып жаткан инвестордун же ишкананын аталышы жана дареги; зарыл болгон учурда талап үчүн анык негиздер, анын ичинде иш боюнча чаралар көрсөтүлөт; Келишимдин бузулду деген жобосу же тиешелүү башка жоболор көрсөтүлөт; зарылдыгына жараша ушул берененин 15.1. жана 15.2-пункттарына шайкештигине далилдер; суралып жаткан компенсациянын жана чыгымдардын болжолдуу суммасы көрсөтүлөт; ошондой эле талашка катышкан инвестор экинчи Тараптын инвестору болуп санала тургандыгын ырастоо берилет.
15.4. Талашка катышып жаткан тараптар талаш жөнүндө кабарды алгандан кийин алты (6) айдан кем эмес мөөнөттүн ичинде талаптарды консультация, сүйлөшүү же үчүнчү тараптын жол-жобосу аркылуу тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн бардык күчтөрүн жумшоого тийиш. Бул учурда Жооп берүүчү тараптын борбору консультацияны же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү орду болушу керек.
15.5. Эгерде талаш тарап талашты тынчтык жолу менен жөнгө сала албаса, төмөнкү талаптар сакталган учурда гана ушул Келишимге ылайык арбитраждык сотко талап бере алышат:
(i) талаш чаралар жөнүндө жана инвестициянын натыйжасында же өзүнүн инвестициясына карата инвестор зыян же чыгым тарткандыгы жөнүндө маалыматты алган же алууга тийиш болгон датадан тартып алты (6) жылдан ашык эмес өтсө;
(ii) эгерде ушундай каралса, 15.1-пунктуна ылайык улуттук териштирүү боюнча чечим чыгарылгандан кийин он эки (12) айдан көп эмес өтсө;
(iii) талашка катышып жаткан инвестор же уюшулган жергиликтүү ишкана каалаган Тараптын мыйзамдарына же 13.3-пунктунда белгиленген бузуулар боюнча Жооп берүүчү тарапка карата ар кандай териштирүүлөрдү, талаштарды жөнгө салуунун башка жол-жоболоруна ылайык, административдик арбитражда же сотто өзүнүн териштирүүнү баштоо же улантуу укуктарынан баш тартса;
(iv) инвестор ээлик кылган же контролдогон экинчи Тараптын юридикалык жагы болуп саналган ишкананын кызыкчылыгына келтирилген чыгымдар үчүн талашка катышып жаткан инвестор талаптарды койсо жана ал ишкана ар бир Тараптын мыйзамдарына ылайык административдик арбитражда же сотто өзүнүн териштирүүнү баштоо же улантуу укуктарынан же 13.3-пунктунда белгиленген бузуулар боюнча Жооп берүүчү тарапка карата ар кандай териштирүүлөрдү, талаштарды жөнгө салуунун башка жол-жоболорунан баш тартса;
(v) эгерде талашка катышкан инвестор арбитражга кандайдыр бир талаптарын бергенге чейин 90 күндүн ичинде арбитраждык сотко талаптарын берүү ниети жөнүндө кабарлоону Жооп берүүчү тарапка жөнөтсө. Арбитражга кабарлоо төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) талаш жөнүндө кабарлоо жана аны Жооп берүүчү тарапка берүү тууралуу жазуу;
б) талашка катышкан инвестордун же ушул Келишимде белгиленген жол-жоболорго ылайык зарылдыгына жараша уюшулган жергиликтүү ишкананын арбитражга макулдугу;
в) ушул берененин 15.5-пунктунун (iii) же (iv) пунктчаларына ылайык талап кылынган баш тартуу боюнча, эгерде мындай колдонулса, Жооп берүүчү тарап ишкананы талашка катышкан инвестордун контролдоосунан алып салганда гана ушул берененин 15.5-пунктунун (iii) же (iv) пунктчаларына ылайык ишкананын баш тартуусу талап кылынбайт;
г) талашка катышкан инвестор дайындаган арбитрдин аты.
16-берене Арбитраждык сотко талаптарды берүү
16.1. Ушул Келишимдин 15-беренесинде каралган шарттарга жооп берген талашка катышкан инвестор төмөнкүлөргө ылайык арбитраждык сотко талаптарды бере алат:
а) эки тарап тең Конвенциянын чыныгы мүчөлөрү болуп саналган шарттарда МЦУИС Конвенциясына;
б) Тараптардын экөө тең эмес, бири гана МЦУИС Конвенциясына мүчө болуп саналган шарттарда МЦУИС талаштарды чечүүнүн кошумча эрежелерине; же
в) ЮНСИТРАЛ арбитраждык регламентине.
16.2. Ушул Главада көрсөтүлгөн учурлардан сырткары, арбитраждык сотто колдонулуучу эрежелер арбитраж менен жөнгө салынат жана Тараптар кабыл алган ар кандай эрежелер менен толукталат.
16.3. Төмөнкү учурларда талап ушул Главага ылайык арбитражга берилди деп эсептелет:
а) МЦУИС Конвенциясынын 36-беренесинин (1) пунктуна ылайык арбитраж жөнүндө өтүнүч МЦУИС Башкы катчысы тарабынан алынса;
б) МЦУИС тарабынан талаштарды чечүүнүн кошумча эрежелерине Тиркеменин 2-беренесине ылайык арбитраж жөнүндө кабарлоо МЦУИС Башкы катчысы тарабынан алынса; же
в) ЮНСИТРАЛ арбитраждык регламентине ылайык арбитраж жөнүндө кабарлоону Жооп берүүчү тарап алса.
16.4. Тараптарга кабарлоо жана башка документтерди жеткирүү Тараптардын ар бири үчүн дайындалган Өкүл тарабынан ишке ашырылат.
17-берене. Арбитражга макулдук берүү
17.1. Ар бир Тарап ушул Келишимдин шарттарына ылайык арбитраждык сотко талап берүүгө макулдук берет.
17.2. Ушул берененин 17.1-пунктунда белгиленген макулдук жана талашка катышкан инвестордун арбитраждык сотко берген талабы төмөнкү талаптарды канааттандырууга тийиш:
а) МЦУИС Конвенциясынын II Главасынын жана тараптардын кат жүзүндө макулдугу үчүн Талаштарды чечүүнүн кошумча эрежелеринин; жана
б) жазуу жүзүндө келишим түзүү үчүн Нью-Йорк Конвенциясынын II беренесинин.
18-берене. Арбитрлерди дайындоо
18.1. Арбитраждык сот эл аралык жалпы укуктар, эл аралык соода жана эл аралык инвестициялык укук же эл аралык сооданын же эл аралык инвестициялык келишимдердин алкагында пайда болгон талаштарды чечүү чөйрөсүндө тиешелүү билимге жана тажрыйбага ээ болгон үч арбитрден турат. Алар көз карандысыз, талаш тараптан же кайсы бир Тараптын Өкмөтүнөн соода же инвестиция маселесине карата нускама албаган жана байланышы жок болушу керек. Арбитрлер талашка байланышкан маселелерге карата талаш тараптан же Өкмөтүнөн, кандайдыр бир уюмдардан нускамаларды албашы керек.
18.2. Талаштын ар бир тарабы бирден арбитр дайындайт, ал эми үчүнчү ("Төрагалык кылуучу") арбитр эки арбитрдин жана талаш тараптардын макулдугу боюнча дайындалат.
18.3. Ушул беренеге ылайык арбитраждык сот талап берилген күндөн тартып жүз жыйырма (120) күндүн ичинде түзүлбөсө, анда ушул беренеге ылайык төмөнкүлөр дайындоочу компетенттүү жактар болууга тийиш:
а) МЦУИС Башкы катчысы, эгерде арбитраждык сот МЦУИС Конвенциясына же МЦУИС талаштарды чечүүнүн кошумча эрежелерине ылайык түзүлсө;
б) Арбитраждык соттун Туруктуу палатасынын Башкы катчысы, эгерде арбитраждык сот ЮНСИТРАЛ регламентине ылайык түзүлсө.
Эгерде 18.3-пунктунун (а) же (б) пунктчаларында белгиленген компетенттүү жактар Тараптардын биринин жараны болуп саналса, анда компетенттүү жак төмөнкүдөй тартипте болот: Эл аралык соттун төрагасы, Вице-төрагасы же Тараптардын биринин да жараны болуп саналбаган кийинки эң жогорку судья.
18.4. Дайындалуучу компетенттүү жак талаш тараптар менен кеңешип, дайындала элек арбитрди же арбитрлерди өзүнүн ыктыяры менен дайындайт.
19-берене. Кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана арбитрлерди четке кагуу
19.1. Ушул Келишимге ылайык талаштарды чечүү үчүн дайындалган ар бир арбитр арбитраждык териштирүү учурунда калыс, ар кандай иш жүзүндөгү же потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышынан көз карандысыз жана эркин болууга тийиш.
19.2. Талапкерди көрсөтүүдө жана ал дайындалып калган учурда ар бир арбитр туруктуу негизде талашып жаткан тараптардын пикири боюнча анын кызыкчылыктар кагылышына карата көз карандысыздыгы, калыстыгы же эркиндиги боюнча күмөн жаратуучу ар кандай жагдайлар жөнүндө кат жүзүндө билдирүүгө тийиш. Бул 19.10-пунктунда белгиленген ар кандай жагдайларды жана талаш предметине кирген башка тиешелүү жагдайларды, ошондой эле кайсы бир Тараптын, адвокаттын, өкүлчүлүктүн, күбөнүн же тең арбитрдин учурдагы же өтүп кеткен же кыйыр финансылык, жеке, ишкердик же кесиптик мамилелерин камтыйт. Мындай ачыкка чыгаруу арбитрге жагдайлар белгилүү болгондон баштап, ошондой эле тең арбитрге, дайындоону ишке ашырган арбитраждык тарапка жана компетенттүү жакка карата кечиктирбей жасалышы керек. Ушул жактардын же уюмдун бири-бирине көз карандысыз бул маалыматтарга жетүү жөндөмсүздүгү, ошондой эле мындай маалыматтардын ачыктыгы арбитрди мындай ачыкка чыгаруудан бошотпойт. Маалыматтарды ачыкка чыгаруу керекпи деген күмөн мындай ачыкка чыгаруунун пайдасына чечилиши керек.
19.3. Талаш тарап ушул Келишимге ылайык дайындалган арбитрди четке кагат, эгерде:
а) тараптардын пикири боюнча арбитрдин кызыкчылыктардын кагылышына карата көз карандысыздыгы, калыстыгы жана эркиндиги боюнча негизделген күмөндү пайда кылган фактылар же жагдайлар бар болсо; же
б) арбитр өзүнүн функцияларын аткара албаса же де-юре же де-факто учурларында аткарууга мүмкүн болбосо.
Мындай четке кагуунун бири да Тарапка төмөнкүлөр белгилүү болгондон тартып он беш күн өткөнгө чейин башталбайт: (i) 19.2-пунктуна ылайык арбитр тарабынан жасалган ачыкка чыгуу аркылуу тиешелүү фактылар жана жагдайлар жөнүндө же (ii) 19.3-пунктуна ылайык четке кагууга карата тиешеси бар фактылар же жагдайлар белгилүү болсо.
19.4. Четке кагуу жөнүндө кабар талаш тарапка, талашып жаткан арбитрге 18.3-пунктуна ылайык башка арбитрге жана компетенттүү жакка берилет. Четке кагуу жөнүндө кабар бул четке кагуунун себебин камтышы керек.
19.5. Арбитрге карата талаш тараптын күмөнү болсо, бардык тараптар мындай четке кагуу менен макул болушу керек. Арбитр четке кагуу жүргүзүлгөндөн кийин ордун бошотуп берет. Бир да учурда бул четке кагуу үчүн негиздин аныктыгын таанууну билдирбейт.
19.6. Эгерде четке кагуу жөнүндө кабар берилгенден тартып 15 күндүн ичинде талаш тарап четке кагууга макул болбосо же четке кагуудан кийин да арбитр өз ордун бошотпосо, четке кагууну жүзөгө ашырып жаткан талаш тарап четке кагууну уланта берет. Мындай учурда 18.3-пунктунда көрсөтүлгөндөй, четке кагуу жөнүндө кабар берилгенден күндөн тартып 30 күндүн ичинде компетенттүү жактан четке кагуу жөнүндө чечимди суратып алуу керек.
19.7. 18.3-пунктунда белгиленгендей, компетенттүү жак 19.3-пунктуна ылайык жүргүзүлгөн четке кагууну кабыл алууга тийиш. Эгерде иш жүзүндө күмөн жок болсо да, арбитрдин кызыкчылыктардын кагылышына карата көз карандысыздыгынын, калыстыгынын, эркиндигинин жетишсиздигине байланыштуу негиздүү күмөндү же объективдүү үчүнчү жактын пикири боюнча өзүнүн ролун аткаруу мүмкүндүгүн пайда кылат.
19.8. Кандай гана учур болбосун арбитраждык териштирүүнүн жүрүшүндө арбитр алмаштырылат, башка арбитр Келишимде каралган жол-жоболорго жана алмашып жаткан арбитрди дайындоодо же тандоодо колдонулган арбитраждык эрежелерге ылайык дайындалат же тандалып алынат. Бул жол-жобо алмаша турган арбитрди дайындоо процессинде талаш тарап арбитражда дайындоого өзүнүн укугун ишке ашыра албаса да же дайындоого катыша албай калса да колдонулат.
19.9. Эгерде арбитр алмашса, талаш тараптар башкасы жөнүндө сүйлөшпөсө, териштирүү ошол алмашкан арбитр өзүнүн функциясын аткарууну токтотуп койгон стадиядан кайра башталышы мүмкүн.
19.10. Кызыкчылыктардын кагылышына карата көз карандысыздыгы, калыстыгы же эркиндиги боюнча арбитрлердин бирине негизделген күмөн саноого төмөнкүдөй факторлор боюнча жол берилет, анын ичинде, эгерде:
а) арбитр же анын өнөктөшү же жакын туугандары конкреттүү арбитраждык соттун натыйжасына кызыкдар болсо;
б) арбитр дайындоочу тараптын мыйзамдуу өкүлү/кеңешчиси же арбитраждык сот башталганга чейинки үч (3) жыл ичинде дайындоочу тараптын аффилирленген жагы болуп саналса;
в) арбитр тараптардын биринин юридикалык консультанты катары ошол эле юридикалык фирмада юрист болуп саналса;
г) арбитр бир эле мезгилде тараптын биринин башка талаштагы юристи же юридикалык фирмасы менен иштесе;
д) арбитрдин юридикалык фирмасы азыркы мезгилде тараптардын бирине же ушул юридикалык фирма финансылык кызыкчылыктарга ээ болгон тараптардын биринин аффилирленген жагына кызмат көрсөтсө же көрсөтүп жатса;
е) арбитр дайындоочу тараптан же анын юридикалык консультантынан талаштын маңызы же жол-жоболук аспекттери боюнча толук нускама алса;
ж) арбитр тараптардын биринин менеджери, директору же жетектөөчү органынын мүчөсү болуп саналса же акциялардын пакетине ээ болуунун же башканын эсебинен ушундай контролдоо таасирине ээ болсо;
з) арбитр учурда арбитраждык сотто каралып жаткан иш боюнча маселелерге карата позициясы жөнүндө жалпыга билдирсе.
19.11. Тараптар өз ара макулдугу боюнча жана тиешелүү жол-жоболорду аяктагандан кийин арбитрлер үчүн ушул Келишимден келип чыккан талаштарды кароодо колдонулуучу эрежелердин өзүнчө кодексин кабыл алышат, ал колдонуудагы эрежелерди алмаштырат же толуктайт. Бул Кодекс маалыматтарды ачыкка чыгаруу, арбитрлердин көз карандысыздыгы жана калыстыгы, купуялуулук боюнча милдеттенмелер сыяктуу маселелерди камтыйт.
20-берене. Арбитраждык териштирүүлөрдү жүргүзүү
20.1. Эгерде талаш тарап башкасы тууралуу макулдашпаса, арбитраждык сот териштирүүнү төмөнкүлөргө ылайык тандалган Нью-Йорк конвенциясына катышуучу болуп саналган өлкөнүн аймагында өткөрүшү керек:
а) МЦУИС талаштарды чечүүнүн кошумча эрежелерине, эгерде арбитраждык териштирүү ушул Эрежелерге же МЦУИС Конвенциясына ылайык өткөрүлүп жатса; же
б) ЮНСИТРАЛ арбитраждык регламентине, эгерде арбитраж ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлүп жатса.
20.2. Эгерде талаш тарап башкасы тууралуу макулдашпаса, арбитраждык сот кеңешмелерди жана угууларды өткөрүү үчүн жайды жана арбитраждык соттун юридикалык дарегин аныктайт. Мында арбитраждык сот талаш тарап жана арбитрлер үчүн ыңгайлуулукту, талаш предметин аныктоону, далилдердин шайкештигин көңүлгө алууга, ошондой эле Жооп берүүчү тараптын борборуна көңүл бурууга тийиш.
20.3. Далилдерди кароодо же документтерди алууда Арбитраж Жооп берүүчү - тарап купуялуулук же өзүнүн мыйзамдарына ылайык кол тийбестик жөнүндө эрежелерге ылайыка чыккан чыгаруудан коргоону сураган документтерди берүүгө мажбурлагыдай кандайдыр бир ыйгарым укуктарга ээ болбошу керек.
21-берене. Негизсиз талаптарды четке кагуу
21.1. Башка каршылыктарды кароодо арбитраждын ыйгарым укуктарына зыян келтирбестен, Арбитраж Жооп берүүчү тараптын кандайдыр-бир каршылыктарын карап чыгып жана ишти баштапкы угууда каралууга жана чечилүүгө тийиш болгон маселе катары төмөнкүдөй чечим кабыл алууга тийиш: (а) Арбитраждын юрисдикция чөйрөсүнө кирбейт, же (б) юридикалык жактан негизсиз же мыйзам жагынан караганда укукка жат.
21.2. Мындай каршылыктар сот түзүлөөрү менен, Жооп берүүчү тарап контрмеморандум берүүсү үчүн сот тарабынан аныкталган датадан кечиктирбестен, тез арада сотко берилиши керек (же, Жооп берүүчү тарап өзгөрүүлөр боюнча өзүнүн жообун берүүсү үчүн сот белгилеген датада, арбитраж жөнүндө кабарлоого өзгөртүүлөр киргизилсе).
21.3. Ушул беренеге ылайык каршылыктарды алганда арбитраждык сот маңызы боюнча ар кандай териштирүүлөрдү токтотуп турушу, ишти баштапкы угууда каралууга жана чечүүгө тийиш болгон кандайдыр-бир башка маселелерди карап чыгуу үчүн белгиленген расписаниеге ылайык каршылыктарды карап чыгуу мөөнөтүн белгилеши жана бул үчүн негиздемени көрсөтүү менен каршылыктар боюнча токтом же чечим чыгарышы керек. Ушул беренеге ылайык каршылыктар жөнүндө маселени чечүүдө, сот арбитраж жөнүндө кабарлоо (же ага карата кандайдыр-бир өзгөртүүлөр) боюнча талаптарды колдоо үчүн чыныгы билдирүүчүнү иш жүзүндө бекитүүнү эске алышы керек. Ошондой эле, Арбитраждык сот ишке тийешелүү, тартыштарды жаратпаган ар кандай фактыларды карап чыгуусу керек.
21.4. Арбитраждык сот сурамдарды алган датадан кийин ушул берененин 21.2-пунктуна ылайык 150 күндөн кечиктирбестен ушул беренеге ылайык арбитраждык чечим чыгарышы керек. Бирок эгер Жооп берүүчү тарап угуу өткөрүүнү өтүнсө, сот кошумча 30 күндүн ичинде токтом же чечим чыгарышы мүмкүн.
21.5. Жооп берүүчү тарап каршылыктарын билдиргени же билдирбегени же ушул беренеде айтылган тездетилген жол-жоболорду колдонгону үчүн Жооп берүүчү тарап компетенциясына же маңызы боюнча кандайдыр-бир аргументтерге карата кандайдыр-бир каршылыктардан баш тартпайт.
21.6. Ушул берененин 21.2. же 21.3-пункттарына ылайык Жооп берүүчү тараптардын баштапкы каршылыгы жөнүндө чечим кабыл алынганда, сот зарыл болсо каршылыктарды берүүдө же жокко чыгарууда болгон тийешелүү чыгымдарды жана адвокаттардын гонорарларын утуп алган Жооп берүүчү тараптын пайдасына чечиши мүмкүн. Мындай чечимдин зарылдыгын аныктоодо, сот талаш катышкан инвестордун талаптары бар же жок экенин, же Жооп берүүчү тараптын каршылыктары негизсиз экенин карап чыгышы жана талаштын тараптарына өздөрүнүн дооматтарын берүүсү үчүн адилеттүү мүмкүнчүлүк бериши керек.
22-берене. Арбитраждык териштирүүнүн ачыктыгы
22.1. Маалыматтардын купуялуулугун коргоо жөнүндө колдонуудагы мыйзамга ылайык, Жооп берүүчү тарап ушул Главада айтылган талашта тийешелүү төмөнкү документтерге коомдук жеткиликтүүлүктү камсыз кылышы керек:
а) талаш-тартыш жөнүндө кабарлоо жана арбитраж жөнүндө кабарлоо;
б) Арбитраждык сотко берилген юрисдикцияга тийешелүү жана иштин маңызы боюнча жазуу жүзүндөгү материалдар, анын ичинде талашка катышпаган Тарап берген материалдар;
в) угуулардын стенограммасы, эгерде мындай бар болсо; ошондой эле
г) Арбитраждык сот чыгарган токтомдор, буйруктар жана чечимдер.
22.2. Далил берүү же оозеки жарыш сөз үчүн угуулар ("угуулар") төмөнкү жоболорго ылайык жарыяланышы керек:
а) Жашырын маалыматтын купуялуулугун сактоо же соттук териштирүүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Арбитраждык сот зарыл болсо угуунун андай купуялыкты же коопсуздукту талап кылган бөлүгүн жабык тартипте өткөрүү үчүн чара көрөт.
б) Арбитраждык сот коомчулуктун угууга катышуусун жеңилдетүү максатында логистикалык чараларды көрүшү керек, анын ичинде видео байланыш аркылуу катышууну же өзү максатка ылайыктуу деп эсептеген башка ыкмалар менен уюштуруу. Бирок арбитраждык сот талаштын тараптары менен консультация жүргүзгөндөн кийин, угууну толугу менен же айрым бөлүгүн жабык тартипте өткөрүү жөнүндө чечимин кабыл алат, эгерде бул логистикалык себептер боюнча зарыл болсо, мисалы, жагдайларга жараша угуунун жалпыга ачык болушун камсыздоо үчүн ар кандай алгачкы чаралар аткарууга мүмкүн эмес болсо.
22.3. Ушул беренеге ылайык чыгарылган, Арбитраждык соттун чечими жашыруун маалыматты редакциялаган шартта жалпыга жеткиликтүү болушу керек. Эгерде Жооп берүүчү тарап муну коомдун кызыкчылыгы үчүн зарыл деп аныктаса жана бул аныктоо жөнүндө Арбитражга кабарласа, Арбитраждык сот тарабынан сунушталган же берилген бардык документтер да, жашыруун маалыматты редакциялаган шартта жалпыга жеткиликтүү болушу керек.
22.4. Талашка катышпаган тарап ушул Келишимди чечмелөө боюнча Арбитраждык сотко жазуу жүзүндө же оозеки түрдө сунуштарды киргизе алат.
23-берене. Далилдеп берүү түйшүгү жана колдонула турган укук
23.1. Ушул Келишим ички саясаты иштелип жаткан жана ишке ашырылуучу Мамлекеттер менен эл аралык укуктар айкалыша тургандай жогорку деңгээлдеги контекстте каралышы керек.
23.2. Талашка катышып жаткан инвестор каалаган учурунда төмөнкүдөй түйшүктөрдү белгилейт: (а) юрисдикция; (б) 9 же 10-беренелерге ылайык милдеттенмелерден башка, ушул Келишимдин 2-главасына ылайык милдеттенменин болушун; (в) мындай милдеттенмени бузууну; (д) бузуунун натыйжасында инвестициялар же инвестор анын инвестицияларына карата иш жүзүндө жана ойдо жок чыгымдарды тартканын; жана (е) бул жоготуулар бузулуулардан улам болмоктугун жана болгонун.
23.3. Ушул беренеге ылайык түзүлгөн Арбитраждык сот тарабынан ушул Келишимди чечмелөө үчүн колдонула турган укук төмөнкүлөр болууга тийиш: (а) ушул Келишим; (б) макулдашууну чечмелөөгө тийешелүү эл аралык укуктун жалпы принциптери, анын ичинде Тараптар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык презумпциялар; жана (с) ички мыйзамдарга байланыштуу маселелер боюнча Жооп берүүчү тараптын мыйзамдары.
24-берене. Биргеликте чечмелөө
24.1. Ушул Келишимге ылайык Тараптар берген, ушул Келишимди колдонуу маселеси боюнча конкреттүү жоболорду жана чечимдерди чечмелөө, мындай чечимдерди же түшүндүрмөлөрдү берүүгө карата ушул беренеге ылайык түзүлгөн соттор үчүн милдеттүү болуп саналат.
24.2. 1969-жылдагы Эл аралык Макулдашуулардын укугу жөнүндө Вена Конвенциясына жана жалпы кабыл алынган эл аралык укуктарга ылайык, Тараптардын тийешелүү келишимге карата башка далилдери жана ушул Келишимди чечмелөө же колдонуу боюнча тажрыйбасы ичине ушул Келишимдин расмий чечмелөөнү камтышы керек жана ал ушул Главага ылайык сот тарабынан көңүлгө алынууга тийиш.
24.3. Сот өзүнүн каалоосу боюнча же Жооп берүүчү тараптын өтүнүчү боюнча ушул Келишимдин талаштын предмети болуп саналган кандайдыр-бир жобосун биргеликте чечмелөөнү талап кылышы мүмкүн. Тараптар суроо-талапты алган күндөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде сотко алардын түшүндүрмөсүн таануу жөнүндө ар кандай биргелешкен чечимин жазуу жүзүндө беришет. Эгерде Тараптар алтымыш (60) күндүн ичинде сотко чечимин бере алышпаса, анда ар бир Тараптын өзүнчө берген түшүндүрмөсү ушул берененин 24.1. жана 24.2-пункттарына ьшайык Тараптардын укуктарына зыян келтирбестен талаптын тараптарына жана сотко жиберилиши керек жана сот мындай чечмелөөнү көңүлгө алат.
25-берене. Эксперттердин корутундулары
Колдонуудагы арбитраждык эрежелерде уруксат берилсе жана талаштын тараптары башкасы тууралуу макулдашышпаса, Арбитраждык сот талаптын тарабы койгон айлана-чөйрөгө, ден соолукка, коопсуздукка, техникалык же илимий маселелерге тийешелүү кандайдыр-бир конкреттүү маселе боюнча жазуу жүзүндө корутунду берүү үчүн, башка эксперттердин дайындалышына зыян келтирбестен, талаштын тараптары макулдаша алуучу убакытты жана шарттарды сактоо шарты менен башка эксперттерди дайындай алат.
26-берене. Чечим
26.1. Арбитраждык чечим талашка катышкан инвесторго же анын инвестициясына карата ушул Келишимге ылайык берилген кандайдыр-бир укуктарды Жооп берүүчү тарап бузганбы деген түшүнүктү, ошондой эле өзүнүн чечимдери үчүн укуктук негизди жана себебин камтышы керек.
26.2. Арбитраждык өзүнүн чечимин көпчүлүк добушу менен чыгарат. Мындай чечим арбитраждык соттун талашкан тараптары үчүн милдеттүү болуп саналат.
26.3. Арбитраждык сот ушул Келишимдин 2-главасында каралган милдеттенмелерди бузганы үчүн акчалай компенсация гана бериши мүмкүн. Акчалай чыгымдар инвестор же зарыл болгондуктан уюштурулган жергиликтүү ишкана тарткан чыгымдардан көп болбошу керек жана Тарап далилин берген мурдагы чыгымдарга же компенсацияга жараша кыскартылууга тийиш. Акчалай чыгымы эсептөө үчүн Арбитраждык сот мүлктү калыбына келтирүүнү же жокко чыгарууну, же чаранын өзгөртүлгөнүн же башка жеңилдик берүүчү факторлорду(4) эске алуу менен чыгымдарды кыскартышы керек.
26.4. Арбитраждык сот ар кандай жагдайларда Тараптардын бирине карата айыптарды же моралдык зыян үчүн төлөмдөрдү же ар кандай соттук тыюуларды салбайт.
27-берене. Акыркылык жана чечимдерди аткаруу
27.1. Сот чыгарган чечим талаштын тараптарына жана конкреттүү ишке карата болгондон башка учурларда милдеттүү күчкө ээ болбоого тийиш жана сот чечимдин текстинде мындай чектөөлөрдү так көрсөтүшү керек.
27.2. Талаштын тарабы ушул берененин 27.3-пунктуна ылайык чечимди так жана кечиктирбестен аткарышы керек.
27.3. Талаштын тарабы төмөнкүдөй учурга чейин акыркы арбитраждык чечимдин аткарылышын талап кыла албайт:
а) акыркы чечим МЦУИС Конвенциясына ылайык чыгарылганга чейин, жана эгерде;
(i) чечим чыгарылгандан датадан кийин 120 күн өтсө жана талаштын тараптарынын бири да арбитраждык чечимди кайра карап чыгуу же жокко чыгаруу жөнүндө суранбаса, же
(ii) кайра кароо же жокко чыгаруу жол-жоболору аяктаса; ошондой эле
б) акыркы чечим МЦУИС талаштарды чечүүнүн кошумча эрежелерине же ЮНСИТРАЛ Арбитраждык регламентине ылайык чыгарылганга чейин жана эгерде:
(i) чечим чыгарылгандан кийин 90 күн өтсө жана талаштын тараптарынын бири да чечимди кайра карап чыгуу, аткарууга жатпайт деп таануу же жокко чыгаруу максатында жол-жоболорду баштабаса, же
(ii) сот кайра карап чыгуу, аткарууга жатпайт деп таануу же жокко чыгаруу боюнча арызды киргизүүгө уруксат берсе же четке какса жана андан ары даттануу жок болсо.
27.4. Ар бир Тарап өзүнүн мыйзамдарына ылайык арбитраждык чечимдин өзүнүн аймагында аткарылышын камсыз кылууга тийиш.
27.5. Ушул беренеге ылайык арбитражга берилген доомат коммерциялык мамилелерден же Нью-Йорк Конвенциясынын 1-беренесинин максаттары үчүн бүтүмдөн келип чыккан катары каралууга тийиш.
28-берене. Чыгымдар
Талаштын тараптары сот өндүрүшүнүн чыгымдарын, анын ичинде арбитрдин акысын, чыгымдарды, чегерүүлөрдү жана башка административдик чыгымдарды бөлүшүүгө тийиш. Талаштын тараптары арбитраждык териштирүүдөгү өзүнүн өкүлчүлүгүнүн чыгымдарын да көтөрүшөт. Ошондой болсо да арбитраждык сот өзүнүн кароосу боюнча бардык чыгымдарды же чыгымдардын көпчүлүк бөлүгүн талаштын тараптарынын бири гана төлөөсү жөнүндө чечим чыгарышы мүмкүн жана бул чечим акыркы жана эки тарап үчүн тең милдеттүү болот.
29-берене. Апелляция берүү механизми
Тараптар макулдашуу боюнча же ушул Келишимдин күчүнө кирүүсү үчүн тиешелүү жол-жоболор аяктагандан кийин арбитраждык соттор тарабынан ушул Главага ылайык чыгарылган чечимдерди кайра кароо үчүн апелляциялык орган же ошого окшош механизм түзүү үчүн институттук механизм(5) уюштура алышат. Бул апелляциялык орган же ушуга окшогон механизм ушул Келишимдин жоболорун чечмелөөдө тууралыкты камсыз кылуу үчүн иштелип чыгышы мүмкүн. Мындай механизмди иштеп чыгууда Тараптар төмөнкүдөй маселелерге көңүл бурушу мүмкүн, алар:
а) апелляциялык органдын же ушуга окшогон механизмдин маңызы жана курамы;
б) мындай апелляциялык орган кароочу чөйрө жана стандарттар;
в) апелляциялык органдын жол-жоболорунун ачыктыгы;
г) апелляциялык органдын же ушуга окшогон механизмдин чечимдеринин таасири;
д) апелляциялык органдын же ушуга окшогон механизмдин кароосунун ушул Келишимдин 20.1-пунктуна ылайык тандалып алынышы мүмкүн болгон арбитраждык эрежелерге карата байланыштуулугу; жана
е) апелляциялык органдын же ушуга окшогон механизмдин кайра кароосунун арбитраждык чечимдерди аткаруу боюнча колдонуудагы улуттук мыйзамдарга жана эл аралык эрежелерге карата байланыштуулугу.
30-берене. Тараптар ортосундагы дипломатиялык алмашуу
30.1. Эгерде талашка катышкан инвестор ушул Главага ылайык Жооп берүүчү тарапка каршы талаш баштаса, жана эгерде Жооп берүүчү тарап ушул Главага жана чет өлкөлүк соттук жана арбитраждык чечимдердин аткарылышын таануу жөнүндө колдонуудагы башка мыйзамга ылайык өзүнүн сотторунун чечимдерин же токтомдорун аткара албаса, талашка тиешеси жок Тарап өзүнүн инвестору менен Жооп берүүчү тараптын ортосундагы талаштарга карата дипломатиялык коргоону бербөөгө же эл аралык талаптарды койбоого тийиш.
30.2. Жооп берүүчү тарап ушул Келишимди чечмелөө же колдонуу маселеси боюнча башка Тарапка консультация же сүйлөшүүлөргө жетишүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылуусуна ушул Глава эч кандай тоскоолдук жаратпашы керек. Мындай суроо-талапка жооп катары экинчи Тарап мыйзамдуу тартипте консультация жүргүзүүгө милдеттүү.
V Глава. Мамлекеттер ортосундагы талаштарды жөнгө салуу
31-берене. Тараптардын ортосундагы талаштар
31.1. Тараптардын ортосундагы төмөнкүдөй талаштар:
(i) ушул Келишимди чечмелөөдө жана колдонуу; же
(ii) 30 же 36-беренелерге ылайык мыйзамдуу тартипте консультациялоо боюнча милдеттенмелер аткарылгандыгы боюнча талаштар мүмкүн болушунча консультация жана сүйлөшүү менен чечилүүгө тийиш жана мында милдеттенмеси жок же башка механизмдерге ээ болбогон үчүнчү тараптын ортомчулугун пайдаланууну болушу мүмкүн.
31.2. Эгерде Тараптардын ортосундагы талаштар талаш башталган мезгилден кийин алты ай аралыгында жөнгө салынбаса, ал талаш Тараптардын биринин суроо-талабы боюнча арбитраждык сотко берилүүгө тийиш.
31.3. Мындай арбитраждык сот арбитраж боюнча суроо келип түшкөндөн кийин ар бир учурга өзүнчө түзүлөт, анда ар бир Тарап Арбитраждык соттун мүчөсүн дайындайт. Бул эки мүчө үчүнчү мамлекеттин жаранын шайлайт, эки Тараптын тең макулдугу менен Арбитраждык соттун төрагасы болуп дайындалууга тийиш. Төрага башка эки мүчө дайындалган учурдан тартып эки ай аралыгында дайындалууга тийиш.
31.4. Эгерде 31.3-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө зарыл болгон дайындоо жүргүзүлбөсө, Тараптардын ар бири мындан башка келишим болбосо, зарыл болгон дайындоону жүргүзүү үчүн Эл аралык соттун төрагасын чакыра алат. Эгер Президент Тараптардын биринин жараны болуп эсептелсе же тигил же башка себептер менен аталган функцияны аткара албаса, анда Эл аралык соттун вице-президенти зарыл болгон дайындоону жүргүзүү үчүн чакырылат. Эгерде вице-президент Тараптардын биринин жараны болсо же ал дагы жогоруда берилген функцияларды аткара албаса, Тараптардын эч биринин жараны болбогон, Эл аралык соттун кызматы боюнча андан кийинки мүчөсү чакырылат жана зарыл болгон дайындоону жүргүзүү сунушталат.
31.5. Арбитраждык сот өз чечимин көпчүлүктүн добушу менен кабыл алат. Мындай чечим Тараптардын ар бири үчүн милдеттүү болуп саналат.
31.6. Арбитраждын Тараптары арбитраждык сотко кеткен чыгымдарды бөлүшөт, анын ичине арбитрга кеткен төлөм, чегерүүлөр жана башка административдик чыгымдар кирет. Арбитраждык териштирүүдө ар бир Тарап өз өкүлүнүн чыгымдарын өзү көтөрөт. Арбитраждык сот өзүнүн кароосу боюнча бардык чыгымдарды же чыгымдардын көпчүлүк бөлүгүн талашкан Тараптын бирине төлөтүүсү мүмкүн жана бул чечим акыркы болуп эсептелип, талашкан эки Тарап үчүн милдеттүү болуп саналат.
31.7. Арбитраждык сот анын компетенциясына тиешелүү бардык маселелерди чечүүгө милдеттүү жана талашып жаткан Тараптардын ортосундагы бардык Макулдашууларга ылайык ППТСтин факультативдик арбитраждык регламентин көңүлгө алуу менен өз жол-жоболорун аныктайт.
VI Глава. Өзгөчө шарттар
32-берене. Жалпы өзгөчөлүктөр
32.1. Бул Келишимде кайсы бир Тараптын төмөндө көрсөтүлгөндөргө басмырлоочу эмес негизде аткарылуучу жалпы колдонулуучу чараларды көрүүгө же ишке ашырууга тоскоол болуучу нерсе6 катары чечмеленбейт, аларга:
(i) коомдук аң-сезимди жана коомдук тартипти коргоого;
(ii) адамдарды, жаныбарларды, өсүмдүктөр дүйнөсүн жана ден соолукту коргоо;
(iii) ушул Келишимдин жоболоруна каршы келбөөчү мыйзамдарды жана эрежелерди сактоону камсыз кылуу;
(iv) айлана-чөйрөнү, анын ичинде бардык жандуу жана жансыз табигый ресурстарды коргоо;
(v) улуттук баалуулуктарды жана көркөм, маданий, тарыхый жана археологиялык маанидеги эстеликтерди коргоо.
31.8. Бул Келишимде эч нерсе Тараптардын борбордук банктары же акча жүгүртүүлөрдү жөнгө салуучу органдары бекиткен акча-кредит саясаты же алмаштыруу курсунун саясаты максатында жалпы колдонуудагы басмырлоочу эмес мүнөздөгү чараларга колдонулбайт. Бул пункт 6-беренеге ылайык Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине зыянын тийгизбейт.
31.9. Бул Келишимде эч нерсе Эл аралык валюта фондунун келишимдеринин беренелерине ылайык Эл аралык валюта фондунун мүчөсү болуп эсептелүүчү, зарылдыкка жараша колдонулуп туруучу, анын ичинде Эл аралык валюта фондунун келишимдерине ылайык алмаштыруу аракеттерин пайдалануу сыяктуу Тараптардын милдеттерин жана укуктарын козгобойт. Ушул Келишимдин жоболору менен Эл аралык валюта фондунун келишимдеринин беренелеринин ортосундагы кандайдыр бир дал келбөөчүлүк болгон учурларда акыркысы артыкчылыктуу күчкө ээ.
33-берене. Коопсуздук боюнча өзгөчөлүктөр
33.1. Бул Келишимде эч нерсе төмөнкүдөй чечмеленбөөгө тийиш:
Тараптан кандайдыр бир маалыматты берүүнү талап кылуу,
(i) андай маалыматты ачуу тараптын коопсуздугунун негизги кызыкчылыктарына карама-каршы келүүчү катары кароо; же
(ii) Тараптардын коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл деп караган бардык чараларды көрүүгө тоскоолдук жаратуу, анын ичинде чектөөлөрсүз:
а) ядролук бөлүнүштөргө жана термоядролук материалдарга же алардан алууга мүмкүн болгон материалдарга жөндөмдүү материалдар менен байланышкан аракеттер;
б) согуш мезгилинде же башка ички же эл аралык мамилелердеги өзгөчө кырдаалда кабыл алынган чаралар;
в) курал жүгүртүү менен, ок-дарылар жана согуштук курал-жарактар менен байланышкан жана куралдуу күчтөрдү камсыз кылуу максатында кыйыр же түз ишке ашырылуучу башка товарларды жана материалдарды жүгүртүү менен байланышкан аракеттер;
г) өзгөчө мааниге ээ коомдук инфраструктураны, коммуникация, энергетика жана суу инфраструктураларын өчүрүп салуу жана иштөөсүн начарлатууга карата жасалган аракеттерден коргоо максатында кабыл алынган аракеттер;
д) бардык компаниялар үчүн, персоналдар же жабдуулар үчүн мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар менен иштөөгө уруксат берүү үчүн коюлган бардык саясат, бардык талаптар, талаптар же чаралар;
(iii) Тараптар үчүн эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо максатында Бириккен Улуттар Уюмунун уставына ылайык өз милдеттерин аткаруу үчүн кандайдыр бир аракеттерди жасоого тоскоол кылууга.
33.2. Ар бир Тарап экинчи Тарапка 33.1-пунктуна ылайык кабыл алынуучу чаралар жөнүндө жана аларды токтотуу жөнүндө мүмкүн болушунча толук маалымат берүүгө тийиш.
33.3. Эгерде Тараптар өз коопсуздугунун кызыкчылыгын коргоо үчүн зарыл деп эсептеген эрежелер менен мыйзамдарды Келишимдин Тарабы болуп эсептелбеген инвесторго же Тарапка карата кабыл алса же сактаса, эгерде бул Главанын артыкчылыктары мындай юридикалык жактарга же анын инвесторлоруна берилген болсо, бул Глава Тараптар үчүн ушул Келишимди экинчи Тараптын инвестору үчүн артыкчылык берүү талабы катары каралбашы керек.
33.4. Ушул Берене ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген 1-тиркемеде баяндалган коопсуздук чаралары үчүн өзгөчөлүктөргө карата Тараптар тарабынан түшүнүү менен чечмеленүүгө тийиш.
VII Глава. Корутунду жоболор
34-берене. Башка Келишимдерге карата мамиле
34.1. Ушул Келишим же ушул Келишим боюнча кабыл алынган анын бардык аракеттери Тараптар катышуучу болуп эсептелген бардык башка макулдашуулардын алкагындагы милдеттенмелери менен укуктарын козгобойт.
34.2. Ушул Келишим менен Тараптар катышуучу болуп эсептелген башка эки тараптуу же көп тараптуу Макулдашуулардын ортосундагы өз ара байланыштар жөнүндөгү маселелер же дал келбеген учурлар Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Вена конвенциясына ылайык чечилүүгө тийиш.
35-берене. Артыкчылыктардан баш тартуу
Тараптар бардык мезгилде, анын ичинде соттук териштирүү башталгандан кийин ушул Келишимдин IV главасына ылайык ушул Келишимдин артыкчылыктарынан баш тарта алат:
(i) Макулдашкан Тарап же баш тарткан Тарап тике же кыйыр түрдө контролдогон же ээлик кылган инвестициядан же инвестордон; же
(ii) Ушул Келишимде каралган талаптарды жөнгө салуучу механизмдерди алуу максатында кайрадан түзүлгөн инвестициялардан же инвесторлордон.
36-берене. Консультациялар жана мезгилдүү кайра карап чыгуулар
36.1. Тараптардын ар бири талап кылууга, ал эми экинчи Тарап чечмелөөдөгү, колдонуудагы, ишке ашыруудагы, аткарылуудагы бардык маселелер боюнча токтоосуз түрдө мыйзамдуу тартипте консультация өткөрүүгө макул болууга тийиш, анын ичинде төмөнкүлөргө чектөө коюлбастан:
(i) ушул Келишимди ишке ашыруунун жүрүшүн кайра карап чыгуу;
(ii) ушул Келишимди чечмелөөнү жана колдонууну кайра карап чыгуу;
(iii) укуктук маалыматтарды алмашуу; ошондой эле
(iv) ушул Келишимдин IV главасына ылайык пайда болуучу же инвестициялардан келип чыккан кандайдыр бир башка талаптарды жөнгө салууда 30-берененин жоболорун эске алуу менен, талаштарды жөнгө салуу.
36.2. Консультацияларга кошумча ушул беренеге ылайык Тараптар биргелешкен чечимдер боюнча кабыл алган бардык чараларды көрө алат, анын ичинде ушул Келишимдин IV жана V главаларына ылайык колдонулуучу арбитраждык эрежелерди толуктоочу эрежелерди иштеп чыгып кабыл алуу, ушул Келишимге расмий чечмелөө берүү жана ушул Келишимдин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен чараларды көрө алат.
36.3. Тараптар ушул Келишим күчүнө киргенден кийин консультация жүргүзүү жана ушул Келишимдин натыйжалуу иштөөсүн кайра карап чыгуу үчүн ар бир беш жылда кеңешме өткөрүп турат.
37-берене. Өзгөртүүлөрдү киргизүү
37.1. Ушул Келишим каалаган убакта Тараптардын биринин суроосу боюнча өзгөрүүсү мүмкүн. Суроочу Тарап кат жүзүндө берген өз суроо-талабында киргизиле турган түзөтүүлөргө жүйөлүү негиз келтирүүгө тийиш. Экинчи тарап суроочу Тарап менен сунуш кылып жаткан түзөтүүлөргө тиешелүү консультация жүргүзөт жана кат жүзүндө суроого жооп берет.
37.2. Ушул Келишим Тараптар бир келишимге келгенине жараша ошол деңгээлде өзгөртүүлөрдү киргизүү шарты менен каалаган убакта жарактуу болуп саналат. Ушул Беренеге ылайык бул Келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө бардык макулдашуулар ушул беренеге ылайык өзүнчө кат жүзүндөгү документ катары же дипломатиялык ноталарды алмашуу аркылуу чагылдырылууга тийиш. Бул түзөтүүлөр ушул Келишимдин IV же V главаларына ылайык түзүлгөн соттор үчүн милдеттүү болууга тийиш жана соттун чечими ушул Келишимдеги бардык түзөтүүлөргө шайкеш келүүгө тийиш.
38-берене. Күчүнө кирүүсү, колдонулуу мөөнөтү жана токтотулуусу
38.1. Ушул Келишим ратификацияланууга тийиш жана ратификациялык грамоталарды алмашкандан күндөн тартып күчүн кирет.
38.2. Ушул Келишим он жыл аралыгына чейин күчүндө калат жана эгерде Тараптар кат жүзүндө аны кайра узартуу боюнча макулдашканга чейин мөөнөтү бүткөндө колдонулуусун токтотот. Ушул Келишим күчүнө киргенден кийин каалаган мезгилде токтотула алат, эгерде Тараптардын бири ушул Келишимди колдонуу аракетин токтотуу жөнүндө ниетин билдирүү менен экинчи Тарапка кат жүзүндө алдын ала билдирүү берсе, он эки (12) айдан кийин күчүн жоготот. Ушул Келишим билдирүү келгенден 12 (он эки) айдан кийин дароо токтотулду деп эсептелет.
38.3. Ушул Келишим күчүн жоготконго чейин ишке ашырылган инвестицияларга карата ушул Келишимдин жоболору кийинки беш жылга чейин күчүндө калат.
38.4. Бул Келишим 1997-жылдын 16-майында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну" алмаштырат, ал ушул Келишим күчүнө киргенде өз аракетин токтотот.
Жогорудагыларды ырастоо үчүн өздөрүнүн тиешелүү Өкмөттөрү тарабынан ага ыйгарым укуктуулар төмөнкүдө кол койгондор, ушул Келишимге кол коюшту.
Бишкек шаарында _________________ жылдын "__" __________ эки нускада кыргыз, хинди, англис жана орус тилдеринде кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Индия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
_____________________ |
| _____________________ |
Тиркеме
Коопсуздук боюнча өзгөчөлүктөр
Тараптар ушул Келишимдин 33-беренесин чечмелөөгө жана/же аткарууга карата төмөнкүдөй түшүнүктөрдү ырасташат:
(i) 33.3-пунктунда Тараптар өзүнүн негизги коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо үчүн чараларды киргизүү жөнүндө максаты жана ниети болгондо чараларды өз ичине камтыйт. Бул чаралар басмырлоочу эмес негизде киргизилип, ал Тараптардын мыйзамдарында же ченемдик актыларында каралуусу мүмкүн:
а) Кыргыз Республикасы тарабынан 33.3-пунктуна карата колдонулуучу чаралар "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана валюталык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында;
б) Индияда 33.3-пунктуна карата колдонулуучу чаралар учурда 1999-жылы бекитилген Валюталык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамда эрежелер жана бул мыйзамдан келип чыгуучу жоболор камтылган. Индия экинчи Тараптын суранычы менен каралып жаткан чаралар жөнүндө маалымат берип турууга милдеттүү;
(ii) Эгерде Тараптар коргонуу максатында 33-беренеде корголгон өзүнүн негизги коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо үчүн ушул Келишимдеги өз милдеттенмелерин болжолдуу түрдө бузган болсо, анда бул Тараптын 33-беренеге шилтеме келтирүү менен кабыл алган коопсуздук чаралары, соттук териштирүүгө чейин же кийин экендигине карабастан кайсы мезгилде кабыл албасын, соттук тартипте териштирүү предмети боло албайт. Бул чечим, эгерде соттук териштирүү бардык чыгымдын ордун толуктап берүүгө жана/же компенсация төлөөдө бардык талаптарды баалоого тиешелүү болгондо да же сотко тиешелүү башка бардык маселелер боюнча соттук чечим чыгарууга тийиш болгондо да мындай бардык чечимдерди кароо үчүн ушул Келишимдин IV же V главаларына ылайык түзүлгөн бардык сот үчүн ачык болбошу керек.
__________________
Эскертүү:
(1) Мындан чоң ишеним үчүн түшүндүрүлгөндөй, "кадимкидей эл аралык укук" мамлекеттин жалпы жана ырааттуу практикасынан келип чыгат, ал укуктук милдеттерден улам пайда болот.
(2) Мындан да чоң ишеним үчүн, "окшош жагдайларда" деген жол-жобо көрсөтүлө тургандыгы жагдайлардын жыйындысынан, анын ичинде тийиштүү жол-жобо жөнгө салуунун мыйзамдуу максаттарынын негизинде инвестор менен инвестицияларды ортосунда айырманы көрсөтүп турган фактысынан көз каранды болот. Бул жагдайлар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок алар менен чектелбейт: (а) инвестициялар менен керектелген же өндүрүлгөн товарлар же кызмат көрсөтүүлөр; (b) инвестициялардын үчүнчү жактарга, жергиликтүү коомчулукка же курчап турган чөйрөгө иш жүзүндөгү жана потенциалдуу таасири, (с) инвестициялар мамлекеттик, жеке же мамлекеттик менчик болуп саналабы же контролдонобу жана (d) инвестициялады жөнгө салуунун практикалык көйгөйлөрү.
(3) Индия экспропорциалдык тарап болуп саналгандагы түшүнбөстүктөргө жол бербөө үчүн, жерге байланыштуу кандай гана болбосун мажбурлап сатуу чарасы жерлерди сатып алууга байланыштуу, Мыйзамда берилген максаттар үчүн болушу керек жана "коомдук максаттар" жана компенсация тууралуу кандай гана болбосун маселелер мыйзамда көрсөтүлгөн жол-жобого ылайык аныкталышы керек.
(4) Жумшартуучу факторлор өзүнө инвестицияларды учурда жана буга чейин колдонууну, аны алуу тарыхын жана максатын, инвестор башка булактардан алган компенсацияны, айлана-чөйрөгө же жергиликтүү коомго инвестор тарабынан болгон орду толгус зыянды же коомдун кызыкчылыгын жана инвестордун кызыкчылыгын теңдөө зарылдыгына тийиштүү башка тийиштүү жүйөлөрдү камтышы мүмкүн.
(5) Бул өзүнө келечекте көп тараптуу өзүнчө макулдашуунун алкагында белгиленүүчү инвестор менен мамлекеттин ортосундагы талапггарды кароо үчүн аппеляциялык механизмди камтыса болот.
(6) Чара "зарыл" экендиги жөнүндө маселени кароодо, трибунал көңүлгө ала турган нерсе, тараптардын бири үчүн акылга сыярлык даражада чектөөчү альтернативалуу чара болгондугу.