Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 15-июлу № 263-б
2019-жылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын (мындан ары - Оюндар) ийгиликтүү өткөрүүгө өз убагында даярдык көрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү эки жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыгышсын:
- Оюндарга даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча ведомстволор аралык иш-пландын долбоорун;
- Оюндардын ачылыш, жабылыш аземдеринин жана логотибинин концепциясынын долбоорун;
- Оюндардын спорттук жана маданий иш-чаралары боюнча жоболордун долбоорун.
3. Уюштуруу комитети ыкчам тартипте төмөнкүлөрдү бекитсин:
- Оюндарга даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча ведомстволор аралык иш-планды;
- Оюндардын ачылыш, жабылыш аземдеринин жана логотибинин концепциясын;
- Оюндардын спорттук жана маданий иш-чаралары боюнча жоболорду.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлсүн.
5. Уюштуруу комитетине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
6. Министрликтердин жана административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрияларынын (макулдашуу боюнча) Оюндарга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чыгымдары 2019-жылдын бюджетинин чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылаары белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына Оюндарга даярдык көрүүнүн жүрүшүн жана анын өткөрүлүшүн чагылдыруу сунушталсын.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын социалдык блокту тейлөөчү вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын социалдык блокту тейлөөчү вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).