Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 1-августу № 288-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:
- "Ветеринариялык максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген II бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. "Кыргыз Коньягы" жоопкерчилиги чектелген коомунун "ИДЕАЛ-ФАРМ" филиалы";
- "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген III бөлүмүндө:
27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун Бишкектеги сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору";
29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору";
41-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы";
80-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"80. "Астра" жоопкерчилиги чектелген коому";
85-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"85. "Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет А.Ш." филиалы";
- төмөнкүдөй мазмундагы 89-90-пункттар менен толукталсын:
"89. "Кыргыз Тест" жоопкерчилиги чектелген коому
90. "СИРКИЗ" жоопкерчилиги чектелген коому".
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |