Редакцияот 18.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 18-июлу № 269-б

1. Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишиминин расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен кызматташуу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жогоруда аталган Келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 193-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 516-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 336-б буйругу.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев