Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 269-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 21-сентябры № 336-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 193-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен кызматташуу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жогоруда аталган Келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.".
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-майындагы № 201-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 516-б буйругунун 1 жана 3-пункттары.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |