Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 13-августу № 426
2021-жылы Ысык-Көлдө Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 35 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык форумду даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 35 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык форумду (мындан ары - Эл аралык форум) даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети:
- Эл аралык форумду өткөрүү боюнча иш-чаралардын ведомстволор аралык планын 2019-жылдын 1-октябрына чейин иштеп чыгып бекитсин жана анын ишке ашырылышын камсыз кылсын;
- пландалган иш-чаралардын негизинде иш-чаралардын чыгымдарынын сметасын 2019-жылдын 1-декабрына чейин түзсүн жана өткөрүү датасын бекитсин;
- жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) адистерин белгиленген тартипте ишке тартсын.
3. Иш чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
2021-жылы Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 35 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык форумду даярдоочу жана өткөрүүчү уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Разаков Жеңиш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Солтонбекова Ализа Карыпбековна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Мамбетов Азамат Муратович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Мадмаров Азизбек Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Шадыханов Калысбек Токтосунович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Иманалиев Кайрат Олжобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Баетов Батыркул Исаевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Кедеев Нурсеит Бектемирович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Ибраев Карыбек Эмилжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Рыспеков Арсен Арзыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Нарбеков Шайлобек Ширибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Кузнецова Татьяна Анатольевна | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Женбаев Бекмамат Мурзакматович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы (макулдашуу боюнча); |
Осмоналиев Жээнбек Чыныбекович | - | Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Сасыкулов Кадырбек Бейшенович | - | Кыргыз Республикасынын "Союз-Чернобыль" ардагерлер жана майыптар коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |