Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 2-августу № 514-б
(КР Премьер-министринин 2018-жылдын 11-октябрындагы № 618, 2019-жылдын 20-августундагы № 433 2020-жылдын 3-февралындагы №41 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:
Чынбаева Асель Рыспековна |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы; |
Иманалиева Тамара Куланбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Мамбетов Алмаз Ишенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Казаков Кубан Каленович |
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адвокатура жана укуктук пропаганда башкармалыгынын начальниги |
(КР Премьер-министринин 2018-жылдын 11-октябрындагы № 618, 2019-жылдын 20-августундагы № 433 2020-жылдын 3-февралындагы №41 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 123 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 17-сентябрындагы № 448 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 390 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 26-январындагы № 28 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 27-январындагы № 64 буйругу.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |