Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 12-сентябры № 335-б
2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-августундагы № 316-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Касымбеков Жаркынбек Орозбекович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Сооронкулова Клара Сыргакбековна | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
- Мамлекеттик комиссиянын курамынан Турсунбек Акун чыгарылсын;
- "Райымкулов Бакытбек Кенешбекович" позициясындагы "Бакытбек Кенешбекович" деген сөздөр "Бактыбек Кемелбекович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |