РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 335-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-августундагы № 316-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

Редакция12.09.2019 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 12-сентябры № 335-б

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-августундагы № 316-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Касымбеков Жаркынбек Орозбекович

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Сооронкулова Клара Сыргакбековна

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

- Мамлекеттик комиссиянын курамынан Турсунбек Акун чыгарылсын;

- "Райымкулов Бакытбек Кенешбекович" позициясындагы "Бакытбек Кенешбекович" деген сөздөр "Бактыбек Кемелбекович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев