Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 24-сентябры № 353-б
Үстүбүздөгү жылы сезондук талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-февралындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемесинин 14-пунктунун төртүнчү сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «
|
| Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында аштык буудай данын даярдоочу убактылуу пункттарды уюштуруу жана аларды андан ары мамлекеттик резервдин аймактардагы жооптуу сактоочулары тарабынан өз алдынча ташып алуу
| Данды өткөрүүдө Фермерлерге жагымдуу шарттарды түзүү. Фермерлер-дин жеткирүү менен байланышкан чыгымдарын кыскартуу
| Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында 2019-жылдын 15-декабрына чейин
| ММРФ, КРӨ Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы ЫУӨ
| 2019-жылга республикалык бюджеттин смета боюнча бекитилген каражаттарынын эсебинен
|
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |