Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 1-февралы № 10-б
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 353-б буйругунун редакциясына ылайык)
2019-жылы сезондук талаачылык айыл чарба жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген "2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн "Биримдик, ишеним, жаратмандык" программасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2019-жылы сезондук талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги сунуштаган 2019-жылдын түшүмүн алуу үчүн эгилүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын түзүмүн 2-тиркемеге ылайык аткарууга кабыл алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына 2019-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн пайдалануулары үчүн нефти базаларда жана май куюучу жайларда дизелдик отунду жана башка күйүүчү-майлоочу материалдарды 3-тиркемеге ылайык көлөмдө топтоо сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына төмөндөгү мөөнөттөрдө берсин:
- жазгы-талаа жумуштарынын бүткөрүлүшү жөнүндө - 2019-жылдын 15-июлуна чейин;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жумуштарынын бүткөрүлүшү жөнүндө - 2019-жылдын 15-ноябрына чейин;
- кылкандуу дан эгиндерин күздүк себүүнүн аякталышы жөнүндө - 2019-жылдын 25-декабрына чейин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М. Д. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
2019-жылы сезондук талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 353-б буйругунун редакциясына ылайык)
№ | Максаттар | Коюлган максаттарды аткаруу боюнча иш-чаралар | Индикатор - күтүлүүчү натыйжа | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржы булактары |
1-компонент. "Жашыл" айыл чарба методдорун киргизүү жана кластердик ыкманы илгерилетүүгө көмөктөшүү | ||||||
1 | "Жашыл" айыл чарба методдорун киргизүү | Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн "Органикалык айыл чарба жүргүзүүнүн жана тийиштүү айыл чарба практикаларын киргизүүнүн негиздери" (GАР) деген темада окутуучу иш-чараларды жүргүзүү (семинарлар, "Талаа күндөрү", "тегерек столдор", конференциялар ж.б.). | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү органикалык айыл чарба методуна өтүүгө шыктандыруу | Ар дайым | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, ЖМА, донор уюмдар (макулдашуу боюнча) |
"Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн жерди иштетүүдөгү кыртышты жана сууну үнөмдөгөн ыкмалар, анын ичинде кыртыш анализин жасоо" деген темада айылдык товар өндүрүүчүлөргө окутуучу семинарларды өткөрүү | Жерди жана сууну сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө болуучу климатка туруктуу чарба жүргүзүүнү пайдаланууга киргизүү | 2019-жылдын биринчи жарымында | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА | АЧТММ, ЖМА, донор уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Органикалык же ресурсту үнөмдөөчү айыл чарба ыкмаларын иштеп чыгуу же жайылтуу боюнча иштеп жаткан чарбалык субъекттерге, илимий-өндүрүштүк мекемелерге, уюмдарга жана илимий кызматкерлерге маалыматтык жана эксперттик жардам көрсөтүү | Айыл чарбанын агроэкологиялык методдорун киргизүүнү алдыга жылдыруу боюнча демилгелерди бириктирүү | Ар дайым | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, ММК (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, ЖМА, донор уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
2 | Айыл чарба өндүрүшүн уюштурууда кластердик ыкма тууралуу билимдерди жайылтуу | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдүн региондук адистешүүлөрүнө жараша аларга айыл чарба өндүрүшүн уюштуруудагы кластердик ыкманын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымдоо | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн, кайра иштетүүчү ишканалардын, соода-логистикалык борборлордун кластердик ыкманын негизинде биригүүлөрүн стимулдаштыруу | 2019-жылдын I кварталында | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ММК (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, ЖМА, донор уюмдар (макулдашуу боюнча) |
3 | Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сапаттуу тигилүүчү материалдарын өндүрүү | Мөмө-жемиш питомниктерине инвентаризация жүргүзүү | Мөмө-жемиш питомниктерин кайра жандандыруу боюнча чара көрүү үчүн алардын учурдагы абалын аныктоо | 2019-жылдын I кварталында | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт |
4 | Өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык каражаттарын пайдаланууну кеңейтүү | Биологиялык препараттарды жана энтомофагдарды өндүрүүнү жана аларды колдонуучу аянттарды көбөйтүү | "Жашыл" айыл чарба ыкмасы менен айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүчү аянттарды көбөйтүү | Ар дайым | АЧТММ | Талап кылынбайт |
Рыноктун конъюнктурасына, үрөн чарбалары менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдө үрөндөрдүн канча экенине жараша республикалык мамлекеттик үрөн фондусуна 2019-жылы жазгы себүүгө пайдалануу үчүн жаздык буудайдын, жаздык арпанын, пахтанын, беденин, эспарцеттин, биринчи муундагы жүгөрүнүн гибриддеринин, ошондой эле үрөндүк картөшкөнүн үрөндөрүн төмөнкүдөй топтоо: - үрөн чарбаларында сортторду алмаштыруу жана жаңыртуу үчүн суперэлита жана элита үрөндөрүн; - дыйкандарда жана фермерлерде үрөндүн тартыштыгын толуктоо үчүн сорттордун биринчи жана экинчи репродукциялары жана жүгөрүнүн биринчи муундагы гибриддеринин үрөнүн | Айыл чарба өсүмдүктөрүн жаздык себүүнүн белгиленген программасын аткаруу үчүн шарттарды түзүү. Үрөн чарбаларында сортторду жаңылоо жана сортторду алмаштыруу үчүн шарттарды түзүү | 2019-жылдын I кварталында | АЧТММ, ФМ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, үрөн чарбалары (макулдашуу боюнча), айып чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча) | 10 жылдык мөөнөткө техника түрүндө берилген кредиттерди кошпогондо, үрөн чарбаларын жана айыл чарба кооперативдеринин мамлекеттик зайым каражаттары боюнча береселерин жоюунун эсебинен | ||
Мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон үрөндүн баарын себүү кондициясына жеткирүү | Үрөндү себүүгө пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүк түзүү | 2019-жылдын I жана II кварталдары | Үрөн чарбалары (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ | Үрөн чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен | ||
Мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон кондицияланган үрөндүн баарын үрөн алуучулар менен кредиттик келишимдерди жана күрөөлүк макулдашууларды түзүү жолу менен бөлүштүрүү | Жаңы жогорку түшүмдүү сортторду жана гибриддерди өндүрүшкө киргизүү; - фермерлерге айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөнүн алууну камсыздоо; - үрөндүк жана өндүрүштүк себүүлөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу | 2019-жылдын март, апрель жана май айлары | АЧТММ, ФМ | Үрөн чарбалары жана айыл чарба кооперативдери жазда себилүүчү өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн пайызсыз товардык кредит катары 2020-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө төлөө шарты менен беришет | ||
Республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтоо үчүн үрөн чарбаларынын себүүсү үчүн берилүүчү жаздык буудайдын, жаздык арпанын, пахтанын, беденин, эспарцеттин суперэлита, элита, биринчи жана экинчи репродукциядагы үрөндөрүнө, жүгөрүнүн биринчи муундагы гибриддерине, ошондой эле үрөндүк картөшкөгө сатык бааларын аныктоо | Үрөн алуучулардын үрөндөрдү республикалык үрөн рыногунда түзүлгөн реалдуу бааларда, пайызсыз товардык кредит катары себүүгө алышы үчүн шарттарды түзүү | 2019-жылдын 1-мартына чейин | Монополияга каршы мамлекеттик агенттик, АЧТММ |
| ||
5 | Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнү адистештирүүнүн негизинде себүү аянттарынын структурасын түзүү | КРӨ ЫУӨ менен бирдикте 2019-жылга карата региондордо айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнү адистештирүүнү аныктоо | Региондор боюнча дыйканчылык тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо. Облустардын экспорттук потенциалын жогорулатуу | 2019-жылдын I кварталында | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, ЖМА |
Адистештирүүгө ылайык баардык облустардын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча сунуштарды берүү | Экспортко багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү | 2019-жылдын I кварталында | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, ММК (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, ЖМА | ||
2-компонент. Жазгы талаа жумуштарын даярдануу жана өз убагында өткөрүү | ||||||
6 | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү себүүчү материалдар менен камсыздоого мамлекеттик колдоо | Республиканын үрөн чарбаларына жана дыйкандарына үрөндү дотациялоо механизми жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Үрөн чарбаларынын жана дыйкандардын үрөндү дотациялоо механизми боюнча маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу. Үрөндү таратуу боюнча иш-чаралардын ачык-айкындыгын камсыздоо жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн ишенимдерин арттыруу | 2019-жылдын I кварталында | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт |
7 | Пайдаланылбай турган жерлерди азайтуунун эсебинен 4,5 миң га чейин жаңы жерлерди айыл чарбада иштетүүгө киргизүү | Тамчылатып сугаруу, май жана кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн кургакчылыкка туруктуу сортторун колдонуу жолу менен пайдаланылбай турган айдоо жерлерди иштетүү | Азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу. Дыйкандардын кирешелеринин көбөйүшү | 2019-жылдын 1-июнуна чейин | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА |
|
8 | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарбалык техника менен камсыздоого, анын ремонтун уюштурууга, электр энергиясы, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдар, менен камсыздоого мамлекеттик колдоо көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын чарбалык субъекттерине тракторлорду, эгин жыйноочу комбайндарды жана айыл чарба техникасынын башка түрлөрүн лизингге берүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну камсыздоо | Машина-трактордук паркты толуктоо жана жаңылоо | 2019-жылдын ичинде | "Айыл Банк" ААК, (макулдашуу боюнча) АЧТММ, ЖМА | "Айыл Банк" ААКнын ЕАБР кредиттик каражаттарынын, "Мамлизинг - 1; 2; 3; 4" долбоорлорунун эсебинен түзүлгөн лизингдик фонду |
Себүүчү, жерди иштетүүчү, тазалоочу, транспорттук жана салмакты өлчөөчү айыл чарба техникаларын өз убагында жана сапаттуу оңдоо | Айыл чарбасында талаа жумуштарын механикалаштыруунун деңгээлин көтөрүү | 2019-жылдын март-апрели | ЖМА, АЧТММ, агротехникалык жана техникалык сервистик кызматтар (макулдашуу боюнча) | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражатынын жана "АЧК-7" кредиттик каражаттардын эсебинен | ||
Талаа скважиналарына, насостук станцияларга, кырмандарга, кайра иштетүүчү ишканаларга, ошондой эле техникалык жана агротехникалык сервистердин иштеши үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо | Талаа скважиналарынын, насостук станциялардын, кырмандардын, кайра иштетүүчү ишканалардын, ошондой эле техникалык жана агротехникалык сервистердин үзгүлтүксүз иштеши үчүн шарттарды түзүү | 2019-жылдын ичинде | ЖМА, АЧТММ, Улуттук энергохолдинг "Түндүк электр" ААК (макулдашуу боюнча), "Чыгыш электр" ААК (макулдашуу боюнча), "Жалал-Абад электр" (макулдашуу боюнча), '"Ош электр" ААК (макулдашуу боюнча) менен бирдикте | "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр", "Ош электр" ААК менен түзүлгөн келишимдердин шарттарында | ||
2019-жылы сезондук талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн пайдалануусу үчүн нефти базаларда жана май куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдардын топтолушун камсыздоо | Айыл чарбада баардык сезондук талаа жумуштарын үзгүлтүксүз аткаруу үчүн дыйкандардын жана фермерлердин күйүүчү-майлоочу материалдарды алуусун камсыздоо | 2019-жылдын ичинде, себүү жана жыйноо жумуштарынын башталышына карата | Кыргыз Республикасынын АЧТММ менен Нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосундагы Биргелешкен меморандумда макулдашылган шарттарда | Күйүүчү-майлоочу материалдардын баардык түрүн Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясы тарабынан сунуш кылынган баада республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен сатып алуу | ||
9 | Сугат суу менен камсыздоо жана сугат тармагын, гидротехникалык курулмаларды вегетация мезгилине даярдоо боюнча иштерди аткаруу | Мамлекеттик сугат тармагын жана гидротехникалык курулмаларды оңдоо | Сугат тармагын, гидротехникалык курулмаларды натыйжалуу эксплуатациялоо үчүн шарттарды түзүү | 2018- жылдын 1-майына чейин | АЧТММ, ФМ | Каралган бюджеттик каражаттардын жана Финансы министрлиги тарабынан 2019-жылдын биринчи жарымында бөлүнгөн сумманын 80% берүүсүнүн эсебинен |
СПАлардын жана жергиликтүү элдин каражаттарына жараша ички суу чарба тармактарын жана гидротехникалык курулмаларды жергиликтүү калкты тартып, "ашар" ыкмасы менен оңдоо | Дыйкандарды жана фермерлерди сугат суу менен өз убагында камсыздоо | 2019-жылдын март-апрель айлары | ЖМА, СПА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | СПАнын каражаттарынын эсебинен | ||
Баардык суу булактарында жана сугат объекттеринде сугат сууну максимум топтоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыздоо | Нымды топтоочу жана вегетациялык сугаттарды үзгүлтүксүз уюштуруу үчүн шарттарды түзүү | 2019-жылдын ичинде | АЧТММ, СПА (макулдашуу боюнча) | АЧТММ жана СПАнын каражаттарынын эсебинен | ||
Күздүк кылкандуу дан эгиндери, көп жылдык чөптөр, мөмө-жемиш өсүмдүктөр үчүн ным топтоочу сугат иштерин жүргүзүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн көбөйтүү | 2019-жылдын февраль-апрель айлары | АЧТММ, СПА (макулдашуу боюнча) | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен | ||
10 | Көп жылдык бак-дарактарды отургузуу аянттарын кеңейтүү | Жолдун, арыктын, каналдын боюн коргоочу тилкени түзүү үчүн көп жылдык бак-дарактарды - мөмө берүүчү бактын көчөттөрүн, ошондой эле тал-теректерди, кара жыгачтарды отургузуу боюнча бир айлыкты өткөрүү | Талааларды аба-ырайынын катаал шарттарынан сактоо, курулуш материалдарынын запасын түзүү, мөмө берүүчү бактардын аянттарын кеңейтүү | 2019-жылдын март-апрель айлары | ЖМА, дыйкан жана фермерлер (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен |
Жердин бонитети 21ден 40 баллга чейин төмөн болгон үлүш участокторуна мөмө-жемиш бактарын отургузуу | Мөмө жана жемиштерди өндүрүүнү көбөйтүүгө шарт түзүү | 2019-жылдын март-апрель айлары | АЧТММ, ЖМА | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен | ||
11 | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү 100,0 миң тонна азоттук минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо | Кыргыз Республикасынын минералдык жер семирткичтерди берүүчүлөр ассоциациясы (трейдерлер) аркылуу азоттук минералдык жер семирткичтерди алып келүүнү камсыздоо | Республиканын рыногун жеткиликтүү көлөмдө азоттук минералдык жер семирткичтер менен көбөйтүү | 2019-жылдын I кварталы | Кыргыз Республикасынын минералдык жер семирткичтерди берүүчүлөрү (трейдерлер) | Кыргыз Республикасынын минералдык жер семирткичтерди берүүчүлөрүнүн (трейдерлер) каражаттарынын эсебинен |
12 | Айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча макулдашууларды түзүү | 4-сх отчетуна ылайык жазгы айдап-себүү иштеринин жыйынтыгынан кийин ата мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча потенциалдуу сатуу рынокторун издөө, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен келишимдерди түзүү боюнча иштерди жүргүзүү, приоритеттүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо менен | Агрардык сектордун экспорттук потенциалынын жогорулашы. Дыйкандардын жана фермерлердин кирешелеринин көбөйүшү. Ички дүң продукциянын өсүшү | II-III кварталдар | АЧТММ, ЭМ, ИИКА, КРӨ ЫУӨ |
|
3-компонент. Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо | ||||||
13 | Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн уюшкандыкта жана өз убагында жыйноо | Облустар, райондор, айыл аймактары боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун тиешелүү графигин жана эгиндин бышканын эске алуу менен комбайндардын маршруттук схемасын иштеп чыгуу жана бекитүү | Оруп-жыйноо техникаларын максималдуу натыйжалуу пайдалануу менен оруп-жыйноо иштерин макулдашып жүргүзүүнү камсыздоо | 2019-жылдын июнь-июль айлары | КРӨ ЫУӨ, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, АЧТММ |
|
Колдо болгон оруп-жыйноочу, тараза жана дан тазалоочу техникалардын ондоо шптерин өз убагында камсыздоо, өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүгүн кабыл алууга жана кайра иштетүүгө кырмандарды, кампаларды даярдоо, өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн толук сакталышын камсыздоо | Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүгүн өз убагында кабып алуу жана сактоо | 2019-жылдын май-июль айлары | КРӨ ЫУӨ, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, АЧТММ |
| ||
Айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо мезгилинде тартылган айыл чарба техникаларын жана транспорттук каражаттарды оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча мобилдүү сервистик кызматтардын үзгүлтүксүз иштешин уюштуруу | Пландалган мөөнөттө аз коромжу менен оруп-жыйноо иштерин жүргүзүү | Ар дайым | КРӨ ЫУӨ, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, АЧТММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
| ||
Эгин оруп-жыйноочу комбайндарды жана транспорттук каражаттарды өрткө каршы инвентарлар менен камсыздоо, ошондой эле талааларда, кырмандарда, чөп үймөктөрүндө жана башка айыл чарба продукцияларын сактоо жана кайра иштетүү жерлеринде зарыл болгон өрткө каршы чараларды так сактоо | Жыйналган түшүмдү сактоо | Ар дайым | КРӨ ЫУӨ, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, АЧТММ |
| ||
Талаада үзгүлтүксүз иштөө үчүн тартылган комбайнерлерге бардык шарттарды түзүү менен кеч бышкан кылкандуу дан өсүмдүктөрүн тез оруп жыйноо үчүн максималдуу түрдө көп санда эгин оруп-жыйноочу комбайндарды тартуу менен өз ара алмашуу тартибинде ишти уюштуруу | Белгиленген мөөнөттө өз убагында оруп жыйноо иштерин өткөрүү үчүн колдо болгон оруп-жыйноочу техникаларды оптималдуу пайдалануу | 2019-жылдын июль-сентябрь айлары | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, АЧТММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), чарбалык субъектилер (макулдашуу боюнча) |
| ||
14 | Аштык буудайдын мамлекеттик резервин толуктоо | 2019-жылдын түшүмүнөн 15,0 миң тонна аштык буудайды айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу | Дыйкандарды жана фермерлерди материалдык колдоо | 2019-жылдын 15-декабрына чейин | ММРФ | 2019-жылга республикалык бюджеттин смета боюнча бекитилген каражаттарынын эсебинен |
15,0 миң тонна аштык буудайды сатып алууга (республиканын райондору боюнча) квотаны иштеп чыгуу жана бекитүү | мамлекеттик резервди балансталган толуктоо | 2019-жылдын 15-июлуна чейин | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ жана ЖМА менен бирдикте |
| ||
ММРФ аркылуу сатып алынып жаткан сапаты үчүнчү класстан төмөн болбогон аштык буудайдын сатып алуу баасын аныктоо | Фермерлердин кыйла жогорку сапаттагы данды өндүрүүгө кеткен чыгымдарын эсептөө | 2019-жылдын 1-августуна чейин | Монополияга каршы агенттик, АЧТММ |
| ||
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында аштык буудай данын даярдоочу убактылуу пункттарды уюштуруу жана аларды андан ары мамлекеттик резервдин аймактардагы жооптуу сактоочулары тарабынан өз алдынча ташып алуу | Данды өткөрүүдө дыйкандарга жагымдуу шарттарды түзүү. Фермерлердин жеткирүү менен байланышкан чыгымдарын кыскартуу | Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында 2019-жылдын 15-декабрына чейин | ММРФ, КРӨ Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы ЫУӨ | 2019-жылга республикалык бюджеттин смета боюнча бекитилген каражаттарынын эсебинен | ||
15 | Кант кызылчасын өз убагында жеткирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | Кант кызылчасын кабыл алуучу пункттардан кайра иштетүүчү жайларга ташуу үчүн вагондорду бөлүп берүү | Кант кызылчасын сактоого жана аны эртерээк кайра иштетүүгө, ошондой эле кызылча өстүрүүчү фермерлерге шекер менен төлөп берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | 2019-жылдын сентябрь-декабрь айлары | "Кыргыз темир жолу Улуттук компаниясы" МИ кант кызылчасын кайра иштетүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнүн негизинде |
|
4-компонент. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күзгү себүүгө өз убагында даярдык көрүү жана жүргүзүү | ||||||
16 | 2018-жылга салыштырганда күздүк буудайды себүү аянтын 15-20%га көбөйтүү зарылдыгын эске алуу менен 2020-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүүгө сунушталуучу түзүмүнүн долбоорун иштеп чыгуу | 2020-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү аянтынын сунушталган түзүмүнүн долбоорун облустар жана райондор боюнча иштеп чыгуу | Күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүүнү жаздык кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүүгө салыштырмалуу түшүмдүүлүктү 20-30%га жогорулатууну камсыздоо | 2019-жылдын 25-августуна чейин АЧТММге берүү менен | КРӨ ЫУӨ, ЖМА, АЧТММ |
|
17 | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күздүк буудай жана күздүк арпа үрөндөрү менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо | 2019-жылдын күздүк себүүсүнө пайдалануу үчүн республикалык мамлекеттик үрөн фондуна сертификатталган күздүк буудайдын жана күздүк арпанын үрөндөрүн рыноктун конъюнктурасына жана үрөн чарбаларындагы, айыл чарба кооперативдериндеги үрөндүн көлөмүнө жараша топтоо: - үрөн чарбаларында сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу үчүн суперэлита жана элита сортторун; - дыйкандардын жана фермерлердин жетишпеген үрөндөрүн толуктоо үчүн биринчи жана экинчи репродукциядагы үрөндөрдү | Төмөнкүдөй шарттарды түзүү: - кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнүн белгиленген программасын аткаруу үчүн; - республиканын үрөн чарбаларында сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу үчүн | 2019-жылдын август-октябрь айлары | Үрөн чарбалары (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ, ФМ | Үрөн чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин мамлекеттик зайымдык каражаттарга болгон карызын төлөөнүн эсебинен |
Мамлекеттик үрөн фондунда чогулган үрөндүн бардык көлөмүн себүү кондициясына жеткирүү | Себүүгө сертификатталган сортторду пайдаланууга мүмкүндүк түзүү | 2019-жылдын сентябрь-октябрь айлары | Үрөн чарбалары (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ | Үрөн чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен | ||
Мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон кондициялык үрөндөрдү үрөн алуучулар менен кредиттик келишимдерди жана күрөөлүк макулдашууларды түзүү аркылуу үрөн чарбаларынан бөлүштүрүү | Өндүрүшкө түшүмдүүлүгү жогору болгон жаңы сортторду киргизүү; - фермерлердин сертификатталган үрөндөр менен камсыз болуусу; - үрөндүк жана өндүрүштүк себүүлөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу | 2019-жылдын сентябрь-октябрь айлары | АЧТММ, ФМ товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык жана райондук мамлекеттик комиссиялар | Үрөн чарбалары жана айыл чарба кооперативдери аркылуу күздүк үрөндөрдү берүү пайызсыз товардык кредит шартында 2020-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө төлөө шарты менен жүргүзүлөт | ||
Күзгү буудай жана күзгү арпанын суперэлита, элита, биринчи жана экинчи репродукция сортторундагы үрөндөрдү сатып алуу баасын белгилөө | Үрөн чарбаларынын жана фермерлердин сертификатталган үрөндөрдү реалдуу рыноктук баада сатып алуусун камсыздоо | 2019- жылдын 1-августуна чейин | Монополияга каршы агенттик, АЧТММ |
| ||
18 | Күздүк кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу | Ысык-Көл облусунда 2019-жылы жыйналган түшүмдөн күздүк буудайдын үрөндөрүнүн өтмө фондун түзүү | Күздүк буудайды оптималдуу агротехникалык мөөнөттө себүүнү камсыздоо | 2019-жылдын сентябрь-октябрь айлары | КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, ЖМА, АЧТММ, Ысык-Көл облусунун үрөн чарбалары жана айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча) | Ысык-Көл облусунун үрөн чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен |
Сугат жерлердин жалпы себүү аянтынын 70%дан кем эмесин айдоо алдындагы сугаруу менен күздүк буудай себүү | Күздүк буудайдын түшүмдүүлүгүн жогорулатуучу маанилүү резерв | 2019-жылдын сентябрь-ноябрь айлары | КРӨ ЫУӨ, ЖМА, АЧТММ жана ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
КРӨ ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; |
Монополияга каршы агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги; |
ММРФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
СПА | - | Кыргыз Республикасынын Суу пайдалануучулар ассоциациясы; |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары. |
|
| 2-тиркеме |
2019-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянттарынын ТҮЗҮМҮ
(миң га)
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталышы | Республика боюнча | Жалпы аянтка карата % | Анын ичинен облустар боюнча: | ||||||
Баткен | Жалал-Абад | Ысык-Көл | Нарын | Ош | Талас | Чүй | |||
Бардык айдоо аянты | 1219,4 | 100,0 | 62,0 | 155,9 | 183,1 | 111,2 | 178,4 | 109,8 | 419,0 |
Баардык дан жана дан буурчак өсүмдүктөр | 623,0 | 51,1 | 40,0 | 62,7 | 90,5 | 23,5 | 89,2 | 71,0 | 246,1 |
анын ичинде: буудай | 241,5 | 19,8 | 12,1 | 16,2 | 57,9 | 5,6 | 40,2 | 4,3 | 105,2 |
арпа | 199,0 | 16,3 | 11,9 | 8,6 | 31,7 | 17,8 | 19,5 | 2,4 | 107,1 |
дандык жүгөрү | 105,8 | 8,7 | 10,8 | 32,7 |
| 0,0 | 26,0 | 4,3 | 32,0 |
дан буурчактар | 64,2 | 5,3 | 1,9 | 0,6 | 0,5 |
| 0,1 | 60,0 | 1,1 |
башка дан өсүмдүктөрү | 12,4 | 1,0 | 3,3 | 4,6 | 0,4 | 0,0 | 3,4 | 0,0 | 0,7 |
Кант кызылча | 15,3 | 1,3 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,4 | 14,9 |
Пахта | 25,2 | 2,1 | 0,0 | 13,4 |
|
| 11,8 | 0,0 | 0,0 |
Тамеки | 0,9 | 0,1 | 0,3 | 0,1 | 0,0 | 0,0 | 0,5 | 0,0 | 0,0 |
Май өсүмдүктөрү | 27,9 | 2,3 | 1,3 | 13,0 | 0,0 | 0,0 | 3,0 | 0,5 | 10,1 |
Картөшкө | 81,2 | 6,7 | 2,6 | 9,1 | 25,4 | 6,7 | 13,5 | 12,7 | 11,2 |
Жашылчалар | 52,2 | 4,3 | 3,3 | 11,9 | 2,7 | 0,5 | 9,3 | 4,4 | 20,1 |
Бакча өсүмдүктөрү | 11,4 | 0,9 | 0,2 | 3,7 |
|
| 3,1 | 0,1 | 4,3 |
Тоют өсүмдүктөрү | 382,3 | 31,4 | 14,3 | 42,0 | 64,5 | 80,5 | 48,0 | 20,7 | 112,3 |
|
| 3-тиркеме |
2019-жылы талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн пайдаланышы үчүн дизелдик отунду жана күйүүчү-майлоочу материалдардын башка түрлөрүн топтоонун КӨЛӨМҮ
(тонна)
Облустардын аталышы | Дизелдик отун | Автобензин | Дизель майы | Мотор майлары | ||||||||||||
Баардыгы | мунун ичинен: | баардыгы | мунун ичинен: | баардыгы | мунун ичинен | баардыгы | мунун ичинен | |||||||||
жазгы талаа иштерине | оруп-жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | жазгы талаа иштерине | оруп-жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | жазгы талаа иштерине | оруп жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | жазгы талаа иштерине | оруп-жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | |||||
Республика боюнча | 90624 | 39067 | 32439 | 19106 | 25052,6 | 9338,4 | 10030,2 | 5626 | 4847,8 | 1803,1 | 1801,9 | 1254,1 | 2823,8 | 723,3 | 945,9 | 965,0 |
Баткен | 5237 | 2492 | 1690 | 1055 | 798 | 350 | 295 | 95 | 38 | 22 | 22 | 4,1 | 21 | 10 | 7,7 | 4 |
Жалал-Абад | 13418 | 5918 | 5500 | 2000 | 3604 | 1468 | 1636 | 500 | 510 | 160 | 200 | 150 | 229 | 106 | 78 | 45 |
Ысык-Көл | 11231 | 6311 | 4423 | 497 | 2110 | 630 | 1400 | 80 | 660,3 | 220,3 | 400,0 | 40 | 120 | 40 | 70 | 10 |
Нарын | 3780 | 1972 | 1808 |
| 462,6 | 225,4 | 237,2 |
| 94,7 | 48,8 | 45,9 |
| 70,4 | 32,2 | 38,2 |
|
Ош | 12772 | 5047 | 4520 | 3204 | 2932 | 1293 | 812 | 827 | 1934 | 589 | 567 | 778 | 1612 | 483 | 467 | 662 |
Талас | 7595 | 4600 | 2769 | 215 | 750 | 392 | 284 | 74 | 543 | 362 | 160 | 21 | 53 | 22 | 18 | 13 |
Чүй | 36591 | 12727 | 11232 | 12632 | 14396 | 4980 | 5286 | 4130 | 1067,8 | 401 | 367 | 301 | 768 | 301 | 267 | 201 |