Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 8-октябры № 377-б
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды каржылоого багытталган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоо боюнча конкурстук комиссия (мындан ары -Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Комиссия бир айлык мөөнөттө долбоорлорду жана программаларды конкурстук тандоо жол-жобосун баштасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Комиссиянын катчылыгы болуп аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүп, квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берип турсун.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
1 -тиркеме
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо жана жаратылыш байлыктарын
сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоо боюнча конкурстук комиссиянын
курамы
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Конкурстук комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору, Конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары.
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборунун директору;
коомдук уюмдардын өкүлдөрү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин сунуштамасы боюнча Конкурстук комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет) (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо жана жаратылыш
байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоо тартибинин жобосу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоо боюнча конкурстук комиссиянын (мындан ары -Конкурстук комиссия) ишинин тартибин аныктайт.
2. Конкурстук комиссия Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоочу консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат.
2. Конкурстук комиссия ишинин тартиби
3. Конкурстук комиссия өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Жобонун негизинде жүргүзөт.
4. Конкурстук комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
5. Конкурстук комиссиянын негизги максаты Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоо болуп саналат.
6. Конкурстук комиссия:
- тандоонун жол-жобосун аныктайт жана конкурстук тандоонун критерийлеринин баллдык системасын бекитет;
- конкурстук долбоорлорду жана программаларды кароонун тартибин бекитет;
- каржылоого/тең каржылоого арыз берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин жана форматын бекитет;
- долбоорлорду жана программаларды тандайт.
7. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук негизде жүргүзөт.
9. Конкурстук комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн чечими менен тийиштүү багыттар боюнча Конкурстук комиссиянын алдында эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (макулдашуу боюнча), инвестициялык жана финансылык институттардан зарыл болгон документтерди, өзүнүн ишин уюштypyy үчүн маалыматтык жана эксперттик материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- сунушталган долбоорлор боюнча эксперттик баалоо жүргүзүү үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, башка мамлекеттик эмес уюмдардын адистерин жана эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга.
9. Конкурстук комиссия келип түшкөн долбоорлорду катталган күнүнөн тартып бир айдын ичинде карайт жана тандайт.
10. Конкурстук комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Конкурстук комиссиянын жыйындары, эгер ага мүчөлөрүнүн жалпы санынан 2/3 кем эмес бөлүгү катышса укуктуу болуп саналат.
11. Конкурстук комиссия тарабынан долбоорлорду жана программаларды тандоо боюнча чечимдер жыйынга катышкан Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, Конкурстук комиссиянын төрагасы, ал жок учурда - төраганын орун басары добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Конкурстук комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет жана жыйынга катышкан Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Маселени кароонун жана чечим кабыл алуунун жүрүшүндө Конкурстук комиссиялардын мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө пикирлер милдеттүү түрдө протоколго киргизилет. Конкурстук комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү анын бардык мүчөлөрүнө жөнөтүлөт.
12. Конкурстук комиссиянын төрагасы жок учурда, анын милдеттерин төраганын орун басары аткарат.
3. Катчылыктын ишинин тартиби
13. Конкурстук комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык, маалыматтык жана техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (мындан ары - катчылык) тарабынан ишке ашырылат.
14. Өтүнмө берүүчүлөр катчылыкка Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды киргизишет. Долбоорлорду жана программалары каржылоого/тең каржылоого өтүнмө берүүчүлөрдүн категориялары төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
1) А тобу - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
2) Б тобу - Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынан юридикалык каттоодоң өткөн коомдук уюмдар (коомдук фонддор, бирикмелер, жамааттар);
3) В тобу - илимий изилдөө институттары жана мекемелери, лабораториялар жана сыноо станциялары;
4) Г тобу - мамлекеттик уюмдар жана мекемелер;
5) Д тобу - мамлекеттик эмес өнөр жай-өндүрүштүк коммерциялык уюмдар;
6) Е тобу - жаратылышты сактоо жана өнүктүрүү саясатын жүргүзгөн өкмөттүк эмес экологиялык коомдук уюмдар.
15. Катчылык долбоорлорду жана программаларды каржылоого өтүнмөлөрдүн Конкурстук комиссия тарабынан бекитилген формага жана тизмеге ылайык талап кылынган формаларга жана берилген документтердин толуктугуна шайкеш келишине алгачкы баалоону жүргүзөт.
16. Долбоорлор жана программалар тийиштүү мамлекеттик органдардын жана зарыл учурда мамлекеттик эмес уюмдардын эксперттик баалоосун эске алуу менен Катчылык тарабынан каралышы мүмкүн.
17. Катчылык тийиштүү экспертизаны жүргүзүүдө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, ошондой эле тийиштүү багыттар боюнча инвестициялык жана финансылык институттарды тартат.
18. Катчылыкка келип түшкөн долбоорлор жана программалар катталган күндөн тартып 30 күндүн ичинде каралууга тийиш.
19. Катчылык келип түшкөн долбоорлордун жана программалардын ичинен Комиссия бекиткен критерийлерге жооп берген, ошондой эле тийиштүү эксперттик баалоолорду жана корутундуларды эске алуу менен долбоорлордун жана программалардын тизмесин түзөт жана аны Конкурстук комиссиянын кароосуна жиберет.
20. Материалдар (долбоорлор жана программалар), жыйындын күн тартиби, жыйындын датасы Катчылык тарабынан Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө жыйын башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирбей жиберилет.
21. Мында Конкурстук комиссия бекиткен тандоо критерийлерине ылайык берилген долбоорлор жана программалар төмөнкүдөй негизги мүнөздөмөлөрдү чагылдырышы керек:
1) жаратылышты коргоо боюнча иш-чаралар, долбоорлор, программалар үчүн жаратылышты коргоо эффекти (анын абалы жана жаратылыш өзгөчөлүктөрү менен шартталган өзүнүн негизги жаратылышты коргоо маселелерин ишке ашыруунун толуктугун мүнөздогөн салыштырмалуу чоңдуктагы көрсөткүч катары аныкталган).
2) экономикалык натыйжалуулугу (адамдардын түрдүү материалдык, социалдык, руханий муктаждыктарын канааттандыруучу, жашоонун бийик деңгээлин жана сапатын камсыз кылуучу жана тармактардын, секторлордун жана чөйрөлөрдүн ортосундагы коомдун ресурстарын оптималдуу бөлүштүрүүгө кызмат кылуучу);
3) экологиялык таасирдүүлүгүнүн масштабы (бир нече облустардын чегинде - жалпы мамлекеттик, бир нече райондордун же бүтүндөй облустун чегинде - региондук, райондун бир же бир нече калктуу пункттарында - жергиликтүү);
4) түзүлүштөрдү, жабдууларды, эң эле мыкты, анын ичинде инновациялык технологияларды пайдалануу;
5) долбоорлордун жана программалардын башталышындагы жана аяктоосундагы убакыттын аралыгы;
6) каражаттардын кайтарымдуулугу, каржылоого өзүнүн үлүштүк катышуусу жана/же башка булактан каржылоону алуу (кошо каржылоо);
7) долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга керектүү сумма;
8) долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу убакыты. Сунушталган долбоорлор жана программалар жогоруда көрсөтүлгөн техникалык, экологиялык жана финансылык көрсөткүчтөрдүн негизинде белгиленген тартипте бааланат.
22. Өтүнмө ээлеринен түшкөн төмөнкүдөй долбоорлор жана программалар артыкчылык мүнөзгө ээ болушат:
1) кайтарымдуулук негизинде жүргүзүлүүчү;
2) үлүштүк катышууга (кошо каржылоого) негизделгендер;
3) жаратылышты коргоочу натыйжасы жогору болгон узак мөөнөттүү долбоорлор жана программалар;
4) инновациялык технологиялык чечимдерди киргизүүгө негизделген долбоорлор жана программалар.
23. Комиссиянын ишинин жыйынтыктары катчылык аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин сайтына жарыяланат жана коомчулукка жеткирилип турат.
4. Каржылоо механизми
24. Конкурстук комиссиянын чечимдери Конкурстук комиссия тарабынан жактырылган тиешелүү долбоорлорду жана программаларды каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун даярдоо үчүн Катчылыкка жиберилет.
25. Долбоорлор жана программалар республикалык бюджеттен, Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды каржылоого арналган каражаттардын эсебинен каржыланат.
26. Инвестициялык (кредиттик жана гранттык) ресурстарды берүү шарттары өтүнмө ээси менен каржылоочу субъекттин ортосундагы макулдашууда аныкталат.
5. Долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу мөөнөтү
27. Долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу мөөнөтү, алардын максатына жана масштабына жараша, ар бир долбоорго жана программага өзүнчө белгиленет.