Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 15-октябры, № 387-б
2011-жылы болгон табигый кырсыктан жабыркаган Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын калкына социалдык турак жайдын курулушун аягына чыгаруу түрүндө жардам жана социалдык колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31 -беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен 45 батирлүү турак үйдүн курулушун аяктоо үчүн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэриясына караштуу "Кадамжай сууканалы" муниципалдык ишканасына 9 861 300 (тогуз миллион сегиз жүз алтымыш бир миң үч жүз) сом бюджеттик кредит бөлсүн жана төмөнкү шарттарда кредиттик келишим түзсүн:
бюджеттик кредитти төлөө мөөнөтү - ар бир кварталда бирдей төлөмдөр менен турак үй эксплуатацияга киргизилген күндөн тартып 15 жыл;
бюджеттик кредитти пайдалануу үчүн пайыздык ставка - жылына 0,1 пайыз, ал иш жүзүндө алынган суммага эсептелет;
карыздарды тындыруунун башталышы - турак үй эксплуатацияга киргизилген күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин;
бюджеттик кредит күрөлүк камсыздоо менен берилет;
айыптык санкциялар - мөенөтү өткөн карыздын сумм жылына 6,0 пайыз;
-"Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда көрсөтүлгөн каражаттарды караштырсын.
2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэриясына караштуу "Кадамжай сууканалы" муниципалдык ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:
- бюджеттик кредитти "Долбоор" ачык акционердик коому тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаментинин 2017-жылдын 23-октябрындагы № ГЭ-СТ-415/17 корутундусу менен бекитилген кошумча сметага ылайык максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу;
- ушул буйруктун 1-пунктунда белгиленген шарттарга ылайык бюджеттик кредиттин кайтарылышын камсыз кылуу;
- батир алуучулар менен кредиттик келишимдерди төмөнкүдөй шарттарда түзүү:
кредитти төлөө мөөнөтү - ай сайын бирдей төлөмдөр менен турак үй эксплуатацияга киргизилген күндөн тартып 15 жыл;
жаңы үйдөгү батирлерди авариялык турак жайдан расмий чыгарылгандан кийин берүү.
3. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэриясына Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэриясына караштуу "Кадамжай сууканалы" муниципалдык ишканасына бөлүнгөн бюджеттик кредитти максаттуу пайдаланууну жана кайтарууну контролдоону камсыз кылуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун төртунчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "кредитти төлөө мөөнөтү - ар квартал сайын бирдей төлөмдөр менен турак үй эксплуатацияга киргизилген күндөн тартып 15 жыл;";
-1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "карыздарды тындыруунун башталышы - турак үй эксплуатацияга
киргизген күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин;".
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэриясына караштуу "Кадамжай сууканалы" муниципалдык ишканасынын карыздарын ушул буйруктун 4-пунктуна ылайык белгиленген тартипте кайра эсептесин.
6. Ушул буйрук Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэриясына караштуу "Кадамжай сууканалы" муниципалдык ишканасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б буйругуна ылайык мурда берилген бюджеттик кредитти кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө маселени макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
7. Ушул буйрук төмөнкү шарттардан кийин күчүнө кирүүчү 1, 4 жана 5-пункттарынан тышкары кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашкандан кийин (1-пункт);
- Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэриясына караштуу "Кадамжай сууканалы" муниципалдык ишканасына
мурда берилген бюджеттик кредитти кайра тузүмдөштүрүү жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылгандан кийин (4 жана 5-пункттар).
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |