РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б (2011-жылы болгон табигый кырсыктан жапа чеккен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын калкына жардам жана социалдык колдоо көрсөтүү боюнча каражаттар жѳнγндѳ) буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 5-июну № 242-б

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 387-б буйругунун редакциясына ылайык)

2011-жылы болгон табигый кырсыктан жапа чеккен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын калкына жардам жана социалдык колдоо көрсөтүү жана социалдык турак-жай куруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Кадамжай өндүрүштүк-эксплуатациялык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына 45 батирлүү турак үй курууга курулуш иштеринин долбоордук наркында көрсөтүлгөн суммада кредит берсин;

- белгиленген тартипте "Кадамжай өндүрүштүк-эксплуатациялык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасы менен кредитти кайтарып берүү боюнча төмөнкү шарттарда карыздык милдеттенме түзсүн:

кредитти төлөө мөөнөтү - ар квартал сайын бирдей төлөмдөр менен турак үй эксплуатацияга киргизилген күндөн тартып 15 жыл;";

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 387-б буйругунун редакциясына ылайык)

кредит күрөөлүк камсыздоо менен пайызсыз;

айыптык санкциялар - мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан жылдык 6,0 пайыз;

карыздарды тындыруунун башталышы - турак үй эксплуатацияга киргизген күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин;".

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 387-б буйругунун редакциясына ылайык)

- курулуш иштеринин долбоордук наркында аныкталган каражаттарды карап, "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

2. "Кадамжай өндүрүштүк-эксплуатациялык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 45 батирлүү турак үйдү куруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;

- жүргүзүлгөн сатып алуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине курулуш иштеринин долбоордук наркынын суммасын көрсөтүү менен кредит алууга өтүнмө берүү;

- бардык тышкы коммуникациялары менен турак үйдү эксплуатацияга киргизүүнү камсыз кылуу;

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык кредиттин кайтарылып берилишин камсыз кылуу.

3. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын мэриясына "Кадамжай өндүрүштүк-эксплуатациялык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына бөлүнүүчү кредитти максаттуу пайдаланууга жана жоюуга контролду камсыз кылуу сунушталсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев