Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2019-жылдын 29-октябры № 411-б

Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын 2022-жылы боло турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылы боло турган футбол боюнча Азия кубогунун жолдоштук жана расмий беттешүүлөрүнө тандап алуу оюндарына ийгиликтүү даярдануусун жана катышуусун камсыз кылуу максатында:

1. Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын 2022-жылы боло турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылы боло турган футбол боюнча Азия кубогунун жолдоштук жана расмий беттешүүлөрүнө тандап алуу оюндарына даярдоо жана катыштыруу боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитетинин уюштуруу-техникалык жана башка иштерин камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.

3. Уюштуруу комитети футбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын 2022-жылы боло турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылы боло турган футбол боюнча Азия кубогунун жолдоштук жана расмий беттешүүлөрүнө тандап алуу оюндарына даярдоо жана катыштыруу боюнча иш-чаралар планын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын 2022-жылы боло турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылы боло турган футбол боюнча Азия кубогунун жолдоштук жана расмий беттешүүлөрүнө тандап алуу оюндарына даярдоо жана катыштыруу боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлөөчү вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын башкы катчысы (макулдашуу боюнча);

"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору.