Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 24-октябры № 624
"Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагындагы негизги долбоорлорду илгерилетүү боюнча Жол картасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. "Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагындагы негизги долбоорлорду илгерилетүү боюнча Жол картасынын долбоорун иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир жумалык мөөнөттө "Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагындагы негизги долбоорлорду илгерилетүү боюнча Жол картасынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгондо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын адистерин, ошондой эле бизнес-жамааттардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча ыкчам тартипте зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
"Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагындагы негизги долбоорлорду илгерилетүү боюнча Жол картасынын долбоорун иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Адилбек уулу Шумкарбек | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору; |
Самыйбеков Улукбек Сатарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; |
Орозбеков Алимбек Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Мамбетов Азамат Муратович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы; |
Абдрахманов Нурлан Асейинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Абдыбалы тегин Суеркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Исаев Амангелди Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич |
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Каратаев Мадамин Мусаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Токтосартов Камалдин Акунович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Дамир уулу Максат | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Абиров Мыктыбек Медетбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу; |
Сагымбаев Абдисамат Акимович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин статс-катчысы; |
Эркебаев Азамат Толонович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Кедеев Нурсеит Бектемирович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Исаков Курманбек Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Джусупбеков Бакытбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Эгембердиев Аскат Раимжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абдылдаев Сагынбек Токонович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары; |
Абдурахманова Дамира Сулаймановна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мамасадыков Султан Алайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Исаков Кумар Саалайович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Кожонов Талантбек Акунович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директорунун орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Арпачиев Канатбек Макенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Баясов Нурадил Мирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк секторунун башчысы; |
Аблаев Азамат Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Турдуев Саибжан Эркинбаевич | - | Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Суйунбек уулу Семетей | - | Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун илимий кызматкери. |