Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 26-ноябры № 444-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-февралындагы № 17-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Кыргыз Республикасында "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторун өнүктүрүү жана модернизациялоо маселелери боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоого жана ишке ашырууга эл аралык финансылык институттардын сунуштарын карап чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

 

Ахматов Султан Маматович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Абдыбалы тегин Суеркул

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Исакулов Жылдызбек Абдилахатович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;

Примбердиев Мурат Дуйшеевич

-

"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Абдылдаев Данияр Исаевич

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин директору.

2. Жумушчу топтун курамынан Абакиров Э.К., Тулебердиев Р.Т., Байгончоков М.К., Адилбек у. Ш., Акматов Н.О., Мусуралиев Н.Д. чыгарылсын.

3. Жогоруда аталган буйруктун 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Жумушчу топтун ишин уюштуруу жана методикалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесине жүктөлсүн.".

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев