Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 12-февралы № 17-б
Кыргыз Республикасында "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторун өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоого жана ишке ашырууга финансылык жана техникалык көмөк көрсөтүү боюнча эл аралык финансылык институттардын сунуштарын ар тараптан карап чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторун өнүктүрүү жана модернизациялоо маселелери боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоого жана ишке ашырууга эл аралык финансылык институттардын сунуштарын карап чыгуу боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторун өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоого жана ишке ашырууга финансылык жана техникалык көмөк көрсөтүү боюнча эл аралык финансылык институттардын сунуштарын карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топко мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана башка уюмдарынын адистерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын, бизнес-түзүмдөрдүн, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигине жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-октябрындагы № 463-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-декабрындагы № 554-б буйругу.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасында "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторун өнүктүрүү жана модернизациялоо маселелери боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоого жана ишке ашырууга эл аралык финансылык институттардын сунуштарын карап чыгуу боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун төрагасы; |
Джунусов Болот Тологонович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Жунус уулу Алтынбек | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сыдыков Бактыбек Усенович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Орозбеков Алымбек Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Абдралиева Гулмира Курманбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Тулебердиев Ренат Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Ногойбаев Женишбек Ашимкулович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Абакиров Эльдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Адилбек уулу Шумкарбек | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору; |
Акышев Курманбек Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору; |
Эралиева Назгуль Жоробековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Акматов Нурлан Орозбаевич | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Алыбаев Джекшенбек Омурбекович | - | "Кыргыз Республикасынын авиаторлор союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Джангазиев Шакир Курманович | - | Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык ишканалары ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Мусуралиев Нурлан Джолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Сыдыков Аскар Куттубекович | - | Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Омуралиев Эрмек Социалович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Намазалиев Мирсулжан Базарбекович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Токобаев Даир Султанович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Пак Надежда Константиновна | - | кез карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |