Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 154-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 2-декабры № 681
Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда атаандаштыкты өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 30-августундагы № 631 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жогоруда аталган буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобонун 6-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) облустун чегинде аймактарды комплекстүү өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну, анын ичинде атаандаштыкты өнүктүрүү жана региондун товардык рыногундагы натыйжалуу атаандаштык чөйрөсүн түзүү боюнча ырааттуу чараларды, ошондой эле аймакты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартууну райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка кызыкдар тараптар менен биргелешип уюштуруу;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өздөрүнүн жоболорун ушул буйрукка ылайык келтиришсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |