Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги он бешинчи сессиясы
2019-жылдын 15-октябры № 15-1
А.Калимбетованын ысымын Ак-Булак айылындагы ФАПка ыйгарууну колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги объектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу Жобонун негизинде Ак-Булак айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколун, айылдык кеңештин депутаты Т.Тагаеванын билдирүүсүндө угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Булак айылында жайгашкан ФАПка эмгектин ардагери, ушул мекемеге көп жылдык эмгек сиңирип иштеп келе жаткан Калимбетова Атиркан Медербековнанын ысымы ыйгарылсын.
2.Сузак райондук үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна аталган мекемеге Калимбетова Атиркан Медербековнанын ысымын берүүнү колдоо сунушталсын.
3.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев
|