Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 6-декабры, № 469-б
Региондук социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган бизнес-долбоорлорду андан ары каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
Бизнес-долбоорлорду андан ары каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинде жана 2020-2021-жылдарга болжолунда региондорду өнүктүрүүгө каралган каражаттардан "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна 250,0 (эки жүз элүү) млн сом жана "РСК Банк" ачык акционердик коомуна 250,0 (эки жүз элүү) млн сом болсүн жана бир тараптан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, экинчи тараптан "Айыл Банк" ачык акционердик коому, ошондой эле бир тараптан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, экинчи тараптан "РСК Банк" ачык акционердик коому менен төмөнкү шарттарда карыздык милдеттенмелерди түзсүн:
- инвестициялык иш үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө - пайыздык ставкасы жылдык 3,5 % менен;
- жүгүртүү капиталы үчүн 3 жылга чейинки мөөнөткө - пайыздык ставкасы жылдык 5,5 % менен;
- алыскы, барууга кыйын, бийик тоолуу жана чек арага чектеш аймактарда ишке ашырылуучу бизнес-долбоорлор үчүн төмөнкү шарттарда:
1) инвестициялык иш үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө - пайыздык ставкасы жылдык 1,5 % менен;
2) жүгүртүү капиталы үчүн 3 жылга чейинки мөөнөткө - пайыздык ставкасы жылдык 3,5 % менен;
- күрөөсүз негизде;
- финансылык каражаттар долбоорду жактыруу жөнүндө ырастоочу документтерди тиркөө менен банктардын өтүнмөлөрүнүн негизинде транш менен бөлүнөт, ар бир траншка жогоруда аталган шарттарда карыздык милдеттенмеге кошумча макулдашуу түзүлөт.
- карыздын жеңилдетилген мезгили жана төлөөнүн мезгилдери банктар тарабыпан долбоорлорду каржылоонун шарттарына окшош белгиленет.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган банктарга региондук (Бишкек шаарынан тышкары) бизнес-долбоорлорду төмөнкүдөй шарттарда каржылоо сунушталсын:
- инвестициялык иш үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө - пайыздык ставкасы жылдык 8% менен, кредит берүүнүн максималдуу көлөмү 1 зайымчыга 30,0 млн сомдон ашпашы керек;
- жүгүртүү капиталы үчүн 3 жылга чейинки мөөнөткө - пайыздык ставкасы жылдык 10 % менен, кредит берүүнүн максималдуу көлөмү 1 зайымчыга 5,0 млн сомдон ашпашы керек;
- алыскы, барууга кыйын, бийик тоолуу жана чек арага чектеш аймактарда ишке ашырылуучу долбоорлор үчүн кредит берүүнүн көлөмү каржылоонун жалпы өлчөмүнөн төмөнкүдөй шарттарда 30%дан кем эмести түзүшү керек:
1) инвестициялык иш үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө - пайыздык ставкасы жылдык 6% менен, кредит берүүнүн максималдуу көлөмү 1 зайымчыга 30,0 млн сомдон ашпашы керек;
2) жүгүртүү капиталы үчүн 3 жылга чейинки мөөнөткө - пайыздык ставкасы жылдык 8% менен, кредит берүүнүн максималдуу көлөмү 1 зайымчыга 5,0 млн сомдон ашпашы керек;
- бизнес-долбоорлорго кредит берүүдө төмөнкүдөй критерийлерди жетекчиликке алуу:
жумушчу орундарды түзүү; жергиликтүү сырьену пайдалапуу;
экспорттук потенциалды жогорулатуу жана импорт алмаштырууну камсыздоо.
3. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган банктарга бөлүнгөн каражаттар максаттуу багыттар боюнча гана жумшала тургандыгы жана жогоруда аталган финансы каражаттарын кайра кайтаруу карыздык милдеттенменин шарттарына ылайык камсыздала тургандыгы белгиленсин.
4. Ушул буйруктуп 2-пунктунда аталган каражаттарды пайдалануу жөнүндө банктардын жалпыланган маалыматына мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул буйрукка ылайык бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомунан келил түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун шайкеш келтирүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-июлундагы № 257-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 355-б буйругу.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлумүнө жуктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |