Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 27-марты, № 89-б
Тунис Республикасынын Тунис шаарында 2018-жылдын 1-6-апрелинде өтүүчү Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун ар жылдык 43-жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |
Тиркеме
Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун ар жылдык 43-жыйынынын
ишине катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы
Муканбетов Санжар Турдукожоевич (*)
| Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;
|
Жумабаев Абдиталиф Кудайкулович
| Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
|
Сазбаков Алмаз Замирбекович
| Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
|
Байгончоков Мирланбек Конушбекович
| Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
|
Айылчиев Улан Сайырбекович
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кеңешчиси (макулдашуу боюнча).
|
Эскертүү:
(*) турак жай жана суткалык чыгымдар чакыруучу тараптан төлөнөт.