Редакцияот 27.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 27-марты, № 88-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун алкагында, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун майнаптуу иштөөсү үчүн, "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык:

- 'Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган өлчөмдө "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна бюджеттик кредит берсин;

- төмөнкү 1шарттарда кредиттик келишим түзсүн: ар бир траншты жоюунуп мөөнөтү - 10 жыл;

акча каражаты которулган күндөн тартып карыздын негизги суммасын жоюунуп жеңилдетилген мезгили - 5 жыл;

пайыздык ставка - жылына 2 пайыз, акча каражаты которулган күндөн тартып иш жүзүндө чегерилген суммага эсептелет;

карыздын негизги суммасын жана эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдүүлүгү - квартал сайын, ар бир кварталдын акыркы айынын 15ине чейин;

күрөөсүз негизде;

айыптык санкция - жылына 4 пайыз.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн

 

Премьер-министр

С. Дж. Исаков