Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 560
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501, 2017-жылдын 24-августундагы № 537 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу, турак жайга төлөй алгыдай суроо-талапты жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Биринчи вице-премьер-министр Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Т.Д. Сарпашев |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501, 2017-жылдын 24-августундагы № 537 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары | Күтүлгөн натыйжа (продукт) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1. Турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн финансы механизмдерин түзүү | ||||||
1 | Программаны ишке ашыруу үчүн МИКтин иштеп кетүүсүн камсыз кылуу | МИКке узак мөөнөттүү ипотекалык кредит берүү үчүн ресурстарды тартуу | 2016-2020-жылдар | МИК, ЭМ, ФМ, ИИА | Мамлекеттик бюджеттин белгиленген булактарынын чегинде, инвесторлордун, эл аралык уюмдардын, коммерциялык банктардын каражаттары (макулдашуу боюнча) | Ипотекалык кредиттер боюнча кредит портфелинин өсүшү |
Ипотекалык кредит берүү механизмдерин иштеп чыгуу | 2016-жылдын ичинде | ЭМ, МЖ, УБ (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын жана МИКтин бюджетинин чегинде | Ипотекалык кредит берүү механизмдерин бекитүү | ||
МИКтин өнөктөш-банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү механизмдерин киргизүү | 2016-2020-жылдар | МИК, МИКтин өнөктөш-банктары (макулдашуу боюнча) | МИКтин каражаттары | Ипотекалык кредиттерди берүү | ||
Ипотекалык кредит берүүнүн механизмдерин ипотекалык кредит берүү боюнча эл аралык тажрыйбаларга таянуу аркылуу өркүндөтүү | 2016-2020-жылдар | ЭМ, МИК, KfW, (макулдашуу боюнча), ДБ (макулдашуу боюнча), эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | МИКтин жана эл аралык донорлордун каражаттары | Каржылоо механизмдерин өнүктүрүү | ||
2. Турак жай фондун түзүү | ||||||
2 | Арзан турак жайдын турак жай фондун түзүү | Турак жай рыногунда баалар жана бүтүмдөр жөнүндө маалымат базаларын түзүү жана колдоо | 2016-2020-жылдар | МИК, МКК, МИКтин өнөктөш-банктары (макулдашуу боюнча) | МИКтин жана эл аралык донорлордун каражаттары | МИК үчүн башкаруу маалыматтары |
Региондордо сынамык долбоорлордо арзан турак жай куруу | 2017-2020-жылдар | МИК, Курулуш агенттиги, МИКтин өнөктөш-банктары (макулдашуу боюнча), курулуш компаниялар (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | Калкка андан ары өткөрүп берүү менен жаңы турак жайларды ишке киргизүү | ||
Баштапкы рыноктогу даяр турак жайды сатып алуу | 2017-2020-жылдар | МИК | МИКтин жана эл аралык донорлордун каражаттары | Кийин калкка өткөрүп берүү менен рыноктогу даяр турак жайларды сатып алуу | ||
3 | Программанын механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Жеке турак жай курулушун кредиттөө механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2016-2020-жылдар | ЭМ, МИК | Тартылган каражаттар | Жеке турак жайды курууга ипотекалык кредиттерди берүү |
Келишимдик турак жай аманаттары механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2017-2020-жылдар | ЭМ, МИК, УБ (макулдашуу боюнча | Тартылган каражаттар | Банктык эмес финансылык-кредиттик мекемени түзүү жана анын ишин камсыз кылуу | ||
Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2017-2020-жылдар | ЭМ, МИК, УБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | Кийин сатып алуу мүмкүндүгү менен жарандарды ижаралык турак жай менен камсыз кылуу | ||
Турак жайды капиталдык оңдоого кредит берүү механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2017-2020-жылдар | ЭМ, МИК, УБ (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | Жарандардын турак жайын оңдоосуна багытталган кыска мөөнөттүү кредиттик продукт | ||
Колдо болгон турак жайды кеңейтүү механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2017-2020-жылдар | ЭМ, МИК | Тартылган каражаттар | Турак жайдын аянтын кеңейтүүгө муктаж болгон жарандарды турак жай менен камсыздоо | ||
Таргетирлөө жана скоринг системаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2017-2018-жылдар | ЭМ, МИК | Тартылган каражаттар | Ипотекалык кредиттөөдө максаттуу жана даректүү мамилени камсыз кылуу | ||
4 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөгү менен арзан турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү | Көп батирлүү турак жай куруу үчүн коммуникацияларга кошулган жер участокторун издөө | 2017-жылдын I кварталы | МИК, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | Көп батирлүү турак жай куруу үчүн жер участоктору |
3. Жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууларына мамлекеттик колдоо | ||||||
5 | Жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууда мамлекеттик колдоо багыттарын иштеп чыгуу | "Арзан ипотека" багытын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2016-жылдын IV кварталы - 2018-жылдын IV кварталы | ЭМ, МИК, ФМ | Мамлекеттик органдардын жана МИКтин бюджетинин чегинде | "Арзан ипотека" жана Жеңилдетилген ипотека багыттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү |
Жеңилдетилген ипотека багытын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2018-жылдын II кварталы | ЭМ, ЭСӨМ, МИК, ФМ, БИМ, ССМ, ММТМ | Мамлекеттик органдардын жана МИКтин бюджетинин чегинде | |||
Кыскартуулардын тизмеси
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
МИК | - | "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик кому |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ИИА | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
ЖӨБ | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ДБ | - | Дүйнөлүк банк |
KfW | - | Kreditanstalt für Wiederaufbau - Немец улуттук банкы". |