Редакцияот 03.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 3-марты, № 73-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 462 "Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1 .Төмөнкүлөргө бир жолку акчалай сыйлыктар төлөнүп берилсин:

- Пекин шаарында (Кытай Эл Республикасы) 2008-жылы өткөн эркин күрөш боюнча XXIX Олимпиадалык оюндардын коло медалынын жеңүүчүсү Базаргуруев Базар Будажаповичке 2008-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилдеги индексацияны эске алуу менен 63 486 (алтымыш үч миң төрт жүз сексен алты) АКШ доллары өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдын 16-августундагы курсу боюнча улуттук валютада 2 209 312 (эки миллион эки жүз тогуз миң үч жүз он эки) сом;

- Б.Б.Базаргуруевдин башкы машыктыруучусу Усенканов Анарбек Адылбаевичке 2008-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилдеги индексацияны эске алуу менен 15 871 (он беш миң сегиз жүз жетимиш бир) АКШ доллары өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдын 16-августундагы курсу боюнча улуттук валютада 552 328 (беш жүз элүү эки миң үч жүз жыйырма сегиз) сом.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке ушул буйруктун 1-пунктунда аталган адамдарга бир жолку акчалай сыйлыктарды төлөө үчүн 2 761 641 (эки миллион жети жүз алтымыш бир миң алты жуз кырк бир) сом өлчөмүндө кошумча акча каражаттарын бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

 

Премьер-министр

С. Дж. Исаков