Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 167/32-7
“Калкка консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө жобону бекитүү”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 04.10.2019-жылдагы №04-7/2419 сандуу кайрылуу катындагы “Калкка консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндөгү” жобону бекитип берүү боюнча кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Калкка консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндөгү” жобо тиркемелерге ылайык бекитилсин. (тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын мэрине (И.М.Еркеев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
Кара-Көл шаардык кенештин
2019-жылдын 14-октябрындагы
№167/32-7 токтомуна 1-тиркеме
(Кара-Көл шаардык кеңешинин 2020-жылдын 20-январындагы №192/37-7 токтомуна ылайык)
Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө
ЖОБО
I.Жалпы жоболор
1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн, 24-бөлүмчөсүнө, 41-беренесинин 2-бөлүмүнүн 10-1 бөлүмчөсүнө ылайык калкка консультативдик-укуктук жардам–кайрылган жарандардын маселелеринин мазмунуна ылайык, Кара-Көл шаардык мэриясынын, Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, Жазы-Кечүү жана Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыктарынын адистери тарабынан көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган максаттарга ылайык жүргүзүлөт.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясынын, Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, Жазы-Кечүү жана Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыктарынын адистери консультативдик-укуктук жардам көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө” мыйзамдары жана башка укуктук нормативдик актылары жана ушул Жобонун негизинде иш алып барышат.
3. Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү, жарандардын укуктарын ишке ашырууга жана коргоого байланыштуу кайрылган жарандардын мүдөөсүн аткарууга багытталат жана аны ишке ашыруу үчүн Кара-Көл шаардык мэриянын, Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, Жазы-Кечүү айыл аймактык башкармалыгынын жана Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыгынын адистери мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар менен кызматташат.
4. Консультациялык -укуктук жардам адистер тарабынан кайрылган жарандарга сылык, сый мамиле көрсөтүү менен жүргүзүлөт жана консультативдик-укуктук жардам көрсөткөн адистердин иш-аракеттери талаптагыдай болбогон учурлар аныкталганда алардын жоопкерчилиги каралат.
5. Консультативдик-укуктук жардамды алууга Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана качкындар укуктуу. Консультативдик-укуктук жардам берүү акысыз жүргүзүлөт.
II.Калкка консультациялык -укуктук жардам көрсөтүүнүн түрлөрү
6. Калкка консультациялык -укуктук жардам төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:
- укуктук маалымат берүү;
- укуктук маселелер боюнча консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүү;
- арыздарды, даттанууларды жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзүүгө көмөктөшүү (буга процесстик мүнөздөгү документтер кирбейт)
- жарандын квалификациялуу юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жардам көрсөтүү;
- калктын кайрылган маселелери боюнча жардам көрсөтүү, тийиштүүлүгүнө жараша компетенттүү органдарга багыттоо
III. Калкка консультациялык -укуктук жардам көрсөтүүнүн максаты
7.Калкка консультациялык -укуктук жардам көрсөтүү төмөндөгү максатта жүзөгө ашырылат:
-Кыргыз Республикасынын укуктук системасы жөнүндө маалымдоо;
-Субъекттердин укугу жана милдеттери боюнча маалымдоо;
-соттук жана соттук эмес тартипте колдонуу жана ишке ашыруу эрежелери тууралуу маалымдоо;
-муниципалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу боюнча жол-жоболорун түшүндүрүү;
IV. Консультациялык -укуктук жардамды алуунун тартиби
8. Консультациялык -укуктук жардамга муктаж жарандар, мэриянын 1-кабатында жайгашкан тейлөө борборуна кайрылат.
- Кайрылган жаран жөнүндө маалымат журналга катталат жана тийешелүүлүгүнө жараша адиске жөнөтүлөт.
- Укук коргоо органдарынын компетенциясына кирген маселелер менен адвокаттын кесиптик жардамына муктаж жарандар кайрылган учурда, алар квалификациялуу акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кызматына жолдонот.
- Кайрылган жарандардын саны жана аларга көрсөтүлгөн жардам жөнүндө маалымат ай сайын жалпы бөлүм аркылуу жыйынтыкталат жана маалымат сайтына жайгаштырылат.
- Жылдын жыйынтыгы менен консультациялык -укуктук жардам көрсөтүүнүн абалы жөнүндө маселе мэриянын коллегиясында каралат.
Аппарат жетекчи К.И.Нурматова