Редакцияот 11.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 11-апрели, № 130-б

Расалык басмырлоонун баардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Эл аралык Конвенциянын 2011-2015-жылдар мезгилиндеги аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын сегизинчи, тогузунчу жана онунчу бириктирилген мезгилдүү баяндамаларын коргоо маселеси боюнча Расалык басмырлоонун түрлөрүн жоюу боюнча комитеттин 2018-жылдын 24-25-апрелинде Бириккен Улуттар Уюмунун Швейцариянын Женева шаарындагы Өкүлчүлүгүндө өтүүчү 95-сессиясына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

С. Дж. Исаков

 

Тиркеме

Расалык басмырлоонун баардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Эл аралык Конвенциянын 2011 -2015-жылдар мезгилиндеги аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын сегизинчи, тогузунчу жана онунчу бириктирилген мезгилдүү баяндамаларын коргоо маселеси боюнча Расалык басмырлоонун түрлөрүн жоюу боюнча комитеттин 2018-жылдын 24-25-апрелинде БУУнун Швейцариянын Женева шаарындагы Өкүлчүлүгүндө өтүүчү 95-сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы

 

Салиев Бахтияр Усманович

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, делегациянын жетекчиси;

Камчыбеков Шералы Равшанбекович

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча);

Кетиренов Бактыбек Кыдырмышевич

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөөнү жана оперативдүү-издөө ишин көзөмөлдөө башкармасынын кылмыш процессинин сотко чейинки стадиясында жарандардын укуктарынын корголушун көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн начальниги;

Абдырахманов Кубанычбек Садыкович

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин ишин камсыздоо боюнча секторунун башчысы;

 

Мукашев Данияр Муратбекович

 

Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү;

Тургуналиев Эрмек

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин кеңешчиси;

Тыныбекова Нурайым

 

Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы.