РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 128-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-декабрындагы № 506-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» буйругу

Редакция10.04.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 10-апрели, № 128-б

Кара-Балта шаарынын мэриясы алган мамлекеттик карыз каражаттарын кайтарууну камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-декабрындагы № 506-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктунда:

- экинчи абзацындагы «2,5» деген цифралар «1,5» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- насыянын негизги суммасы жана пайызы тең бөлүктөр менен жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 30-июнунда жана 31-декабрыңда төлөнөт, мында насыянын биринчи төлөмү насыя өздөштүрүлүп башталган күндөн тартып төлөнөт жана насыяны төлөөнүн акыркы күнү - 2027-жылдын 30-июну;»;

- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- насыянын ездөштүрүлбөгөн суммасы үчүн комиссия - жылына 0,5 пайыз, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күн өткөндөн кийин эсептелет, мында насыя өздөштүрүлгөн датадан тартып 60 күндөн кийин жоюлат;».

2. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуудан кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Дж. Исаков